Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Порошенко Украина чыгышындагы шайлоону "фарс" деп атады


Украина чыгышындагы "элдик республикалардын" шайлоо өткөрүүсүнө каршы экенин билдирген украин жарандары. Украина, Днепропетровск, 2-ноябрь.
Украина чыгышындагы "элдик республикалардын" шайлоо өткөрүүсүнө каршы экенин билдирген украин жарандары. Украина, Днепропетровск, 2-ноябрь.

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусияны жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк жана Лугансктагы шайлоону тааныбоого чакырды.

Ал 2-ноябрдагы билдирүүсүндө өлкө чыгышындагы шайлоону «фарс» деп атады.

2-ноябрда Донецк жана Луганск облустары аймактын башчыларын жана “Элдик кеңеш” аттуу парламент депутаттарын шайлашты. Ал арада Украинанын Коопсуздук кызматы шайлоону уюштургандарга каршы кылмыш ишин козгоду.

Минск келишими одоно бузулуп жатканын белгилеген Украин лидери Петро Порошенко жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк менен Лугансктагы шайлоонун жыйынтыгын Орусия тааныбайт деп үмүттөнөрүн билдирди. Президенттин билдирүүсүндө “бүтүндөй Украина жана цивилизациялуу дүйнө бул "фарсты" тааныбайт. Азыр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар шайлоону айыптап жатат. Бул шайлоону расмий Москва дагы тааныбайт деп үмүттөнөм. Анткени Минск келишимине Орусиянын өкүлдөрү да кол койгон”,- деп жазылган. Ошондой эле ал Украина аймагындагы шайлоолор ушул өлкөнүн мыйзамдары менен гана өтүшү керектигин кошумчалаган.

Ушул жылдын 5-сентябрында расмий Киевдин өкүлдөрү жана орусиячыл козголоңчулар жолугушуп, анын жыйынтыгында өлкө чыгышындагы атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анда Донбасстагы шайлоолор Украина мыйзамдарына ылайык өтөрү белгиленген.

Украина чыгышындагы "элдик республикалардын" шайлоосу. 2-ноябрь, 2014-жыл
Украина чыгышындагы "элдик республикалардын" шайлоосу. 2-ноябрь, 2014-жыл

Бирок 2-ноябрда өзүн “Донецк жана Луганск элдик республикасы” деп атап алышкан аймак өз алдынча шайлоо өткөрдү. Анын жыйынтыгында эки аймактын башчысы жана “Элдик кеңеш” деп аталган парламент депутаттары шайланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Донецктин башчысы Александр Захарченкого шайлоочулардын 81 пайызы добуш берген. Лугансктан болсо азыркы башчы Игорь Плотницкий алдыга чыгат деп күтүлүүдө. Захарченко бул шайлоо “өлкөдөгү бурулуш окуя болуп каларын” өзү добуш бергенден соң билдирди:

- Бул шайлоо биздин өлкөнү мыйзам жолуна алып келет, мыйзамдаштырат. Чынымды айтсам, буга чейин Жогорку Кеңеште болгондор өз алдынча келип алган активисттер, революценерлер болчу. Азыр бизде шайлоо болуп атат. Азыр көтөрүлүп жаткан бардык маселелер 2-ноябрдан кийин парламенттин жана өкмөттүн милдети болуп калат. Алар бардык нерселерге жооп берет.

Донецктин шайлоо комиссиясынын өкүлү Сергей Кубаев бул шайлоонун өзгөчөлүгүнө токтолду.

- Көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар бул шайлоону тааныбай тургандарын айтышты. Мунун айырмачылыгы эле - көз карандысыз "Донецк республикасында" биринчи жолу шайлоо болуп жатканы. Техникалык жагынан да, башка жагынан да бул демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй эле шайлоо.

Ал ортодо Украинанын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко өлкө чыгышындагы шайлоо мыйзамсыз өткөнүн, бул “бийликти басып алуу” менен барабар экенин белгиледи. 2-ноябрда Киевде маалымат жыйын өткөргөн Лысенко шайлоону уюштуруучуларга каршы кылмыш иши козголгонун жарыялады. Ал жикчилдер көзөмөлдөп турган Украинанын чыгышына Орусия аскерлерди жана техникаларды алып өтүп жатканын айтты.

“Ассошейтед пресс” агенттигинин жана башка маалымат каражаттарынын журналисттери Донецктен алыс эмес жерде 20 чакты жүк ташуучу аскер колоннасын, оор аскер техникаларын көрүшкөнүн, шайлоо участкаларында куралчандар жүрүшкөнүн жазышкан.

Украина бийлиги, Батыш өлкөлөрү жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун шайлоону мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришкен. Мурдарак АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шайлоо Орусия өзү жана жикчилдер Минск макулдашуусун колдоодо алган милдеттенмелерди ачык бузгандык болорун билдирген эле. Расмий Москва болсо шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын айткан. Бул күнү Орусиянын бир катар белгилүү ырчылары Донескте концерт коюшту.

XS
SM
MD
LG