Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:58

Глобалдык каржы кризисине он жыл


Lehman Brothers банкы банкрот болор алдында банкирлердин Лондондогу кеңседе өткөн жыйыны. 11-сентябрь, 2008-жыл.

Ушул аптада дүйнөдөгү ири каржылык кризистин башаты болгон окуяга туура он жыл толду. 2008-жылы Кошмо Штаттардан тутанган каржылык кризис эмнеден улам чыккан жана андан кандай сабактар алынган? Азыр жаңы каржылык кризистин карааны тууралуу эскертүүлөргө кандай негиздер бар?

2008-жылдын күзүндөгү каржылык кризис Кошмо Штаттарда жүз элүү сегиз жылдык тарыхы бар “Lehman Brothers” инвестициялык банкынын ошол жылдын 15-сентябрында кыйроосунан, башкача айтканда, өзүн кудуретсиз (банкрот) деп жарыялагандан кийин тутанган.

АКШдагы төртүнчү ири инвестициялык банк өз кезегинде бул өлкөдөгү ипотекалык кризистин курмандыгы болгон:

- Банк системасында ар убак аялуу жерлер боло берет. Анда (2008-жылкы кризис алдында) алар (банкирлер) өздөрү “нинзя” деп атап коюшкандарга: кирешеси, жумушу, активи жок адамдарга насыя бере беришкен. Ал акчанын кайра кайтарылбай калышы каржылык кризиске алып келген негизги көйгөй болгон. Менимче, эгер бизде он жыл мурдагыдай дагы бир кредиттик кризис чыкса, бул эми бөлөк чөйрөдөн келет. Мен кибер кылмыш туудурган эң чоң коркунучту эске алып жатам, - дейт Британиядагы CHARLES STANLEY компаниясынын инвестиция боюнча талдоочусу Гарри Уайт (Garry White).

“Lehman Brothers” банкынын 2008-жылы 600 миллиард доллардан ашуун карызын жүйө кылып кыйрашы АКШнын тарыхындагы эң ири банкрот окуясы катары бааланып келет. Мунун кесепеттери анда глобалдык экономиканы рецессияга жетелеп, Кошмо Штаттардын өзүн анда өткөн кылымдагы Улуу депрессиядан берки эң ири каржылык кризиске кабылткан:

Бен Бернанк
Бен Бернанк

- Биз адамзаттын тарыхындагы эң татаал жана кесепеттүү каржылык кризиске кептелгенбиз. Бул кризисти кантип жөнгө салуу боюнча ой калчоо үчүн окуу китептерибиз анчалык көп эмес эле, - деп эскерди ошол күндөрдү АКШда Улуттук банк катары саналган – Федералдык резерв системасынын мурдагы башчысы Бен Бернанк 12-cентябрда Вашингтондогу жыйында.

Федералдык резерв системасы каржылык кыйроонун алдын алуу үчүн 2008-жылы күз айында наркы 700 миллиард доллардык куткаруу планын дароо эле сунуш кылган. Бирок АКШнын Конгресси анда планды өтө эле кымбат деп санагандыктан, Нью-Йорк биржасындагы Dow Jones индустриалдык индекси бир күндө 800 пунктка ылдыйлап, баалуу кагаздар базары 1,2 триллион долларга нарксызданган.

Гордон Браун
Гордон Браун

Каржы кризиси учурунда Британияда премьер-министрлик кылган Гордон Браун “Рейтер” агенттиги менен маегинде он жыл мурдагы окуялардын башкы сабактарынын бири мамлекеттердин бирге иштей алуусу болгонун белгиледи:

- 2008-2009-жылдары биз мамлекеттердин баарын бириктире алдык. Алар мунун (кризистин) орток себеби барын тааныган. Күнөөнү бири экинчисине оодарган жок. "Чоң жыйырманы" ( дүйнөнүн экономикалык жактан эң кубаттуу 20 өлкөсү) алдыга чыгаруу менен көйгөйдү жөнгө салуу милдетине киришти. Азыр болсо соода согушу жүрүп, кызматташтыктын духу жок. Ажырым жана протекционизм өкүм сүрүүдө. Андыктан, мен кокус жаңы кризис болсо мамлекеттер анын чогуу-чаран чечүү ордуна, бири экинчисин айыптоого ыктап кетеби деп кооптонуп турам.

Талдоочулар 2008 - жылкы кризистин кээри азыр да толук тарай элек деп санашат. Бирок андан бери дүйнөлүк экономика өсүү ыргагына кайра түшкөнү менен ыктымал жаңы кризис тууралуу да эскертүүлөр чыгып жатат.

- Биз жаңы кризис кайдан келерин билбейбиз. Андыктан сак болууну, өзгөчө көмүскө банк системасынан абдан этият болууну улантышыбыз абзел. Айрыкча каржы технологиялары каржылык системанын туруктуулугу үчүн болочокто кандай ролду ойнору абдан маанилүү. Мени камтамага салган эки себеп бар. Биринчиси - акча-кредит саясатын катаалдаштыруу капитал кыймылын каржылоонун наркын көтөрөт. Бул карызы көп өлкөлөрдү жана корпорацияларды тобокелдикке кептейт. Өсүш жана өнүгүү тең салмакта кетпей калат. Экинчиси - тариф аркылуу соода чектөөлөрдүн өсүштү жайлатууну күчөтүшү, - дейт Эл аралык Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард “Рейтер” менен маегинде.

Валюта корунун июль айында жарыяланган, азырынча соңку божомолуна караганда, глобалдык экономикадагы быйылкы өсүшү 3,9% жетиши мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG