Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Алтын наркынын өсүшү баалар да өсөт го деген кооптонууну жаратты


Алтын тактачага маалымат жазылууда. "Красцветмет" ишканасы. Красноярск шаары, Орусия. Reuters. 28.3.2011.
Алтын тактачага маалымат жазылууда. "Красцветмет" ишканасы. Красноярск шаары, Орусия. Reuters. 28.3.2011.

Ушул күндөрү алтындын наркы ого бетер кымбаттады. Алтын наркынын өсүшү, бирок, АКШ доллары менен евронун эл аралык базарда колдонулган салмактуу акча бирдиги катары тагдырына карата дүйнө жүзүндөгү инвесторлордун кооптонуусун да күчөттү.


Атлантика мухитинин өйүз-бүйүзүндө тең бир унция алтын (башкача айтканда, 31,1 грамм алтын) 1600 доллардан да жогорулай түштү. Алтындын кымбатташы аны өндүрүүчүлөрдү сүйүнткөн менен, жалпы дүйнөлүк базарда кыйла тынчсызданууну да жаратууда.

Бул окуя Кошмо Штаттар менен Европа өлкөлөрүндө өкмөттүк карыздарды жабуу көйгөйлөрү жана АКШ доллары менен евронун акыбалы жаатында дүйнө жүзүндөгү инвесторлордун арасындагы тийешелүү санааркоону да чагылдырууда.

Мухиттин ары жагындагы Си-Эн-Би-Си (CNBC) сыналгы каналынын кабарчысы алтын наркы тууралуу соңку кабарды 18-июлда мындайча маалымдады:

- Алтын, алтын, алтын! Бүгүн алтын наркы дагы 12 долларга кымбаттай түштү. 1600 доллардын чегинен өтүп, номиналдык өңүттөн алганда, жаңы рекорд сересине чыкты. Катары менен он сатыкта тең алтын наркы жогорулап, 8 пайызга чейин өсүп чыкты. Деги мунун артында эмне турат? Алтындын рекорддук баасы эмнени туюнтат? Эми баалар ого бетер өсөбү же жокпу?

Алтын наркынын өсүшү номиналдык, кагаз жүзүндөгү рекордго жеткен менен, алтын баасы 1980-жылкы чыныгы рекордго азырынча караандаган жок. Мындан 31 жыл мурда алтын наркы 850 долларды түзгөн, бул – бүгүнкү акча менен 2500 долларга тете болчу.

Акыркы он жыл ичинде алтын дүйнөдөгү наркы мыкты товарлардын биринен болду. Бирок анын наркынын соңку учурдагы кескин өсүшү эки жагдайга багыныңкы экенин серепчилер белгилешүүдө.

Биринчиден, АКШ Конгрессинде демократтар менен республикачылардын өлкөнүн каржы саясаты жаатындагы сүйлөшүүлөрү убактылуу жарга кептелип турат. Бул кырдаал таптакыр терс багытта улантыла берчү болсо, анда 2-августта АКШ өкмөтү дефолтко дуушар болоор эле.

Экинчиден, Европа Биримдигинин лидерлери “Грекиядагы каржы кризисин кантип жөндөө керек?” деген суроого баш оорутууда.

Ошол эле учурда евро акча бирдигинин аймагындагы Испания, Италия жана Ирландия сыяктуу өлкөлөр да карызга тизесинен батып турган чак.

21-июлда Европа Биримдигинин жетекчилери Грекияга экинчи ирет чукул каржылык жардам берүү долбоорун талкууга алмакчы.

Ошентип, Кошмо Штаттар менен Европа Биримдигиндеги каржылык олку-солку кырдаал капиталдык салымдарын АКШ долларына жана еврого “байлаган” инвесторлорду чочулатып, алардын бир даарын өз байлыгынын наркын алтын сатып алуу аркылуу сактап калууга түртүүдө.

Жогоруда айтылган жагдайлардан улам башка асыл металдардын наркы да саал өсө түштү.

Маселен, 18-июлда Нью-Йоркто күмүш баасы 40,52 долларга чыкты. Бул – 4-майдан берки эң жогорку сере болду.

Алтын кендери: пайдасын ким көрүүдө? 1-бөлүк

x
Алтын кендери: пайдасын ким көрүүдө? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Бирок жалаң гана алтынга таянуу аракети майнапсыз болушу да ыктымалдан алыс эмес.
Анткени, АКШ менен Евробиримдик өздөрүнүн каржылык көйгөйлөрүн чечүүнүн туура багытын тандачу болсо, анда алтын наркы алеки-заматта ылдыйлап, алтынга гана таянган инвесторлор олуттуу жоготууларга учурашы деле ажеп эмес.


Айрым серепчилердин баамында, АКШдагы атаандаш партиялардын өлкөнүн каржы көйгөйүн чечүү жаатындагы сүйлөшүүлөрү оң натыйжа менен аякташы күтүлүп жаткандай. АКШ Казынасынын (башкача айтканда, Каржы министрлигинин) баалуу кагаздарынын салмактуу акыбалы да буга ишаара кылып турат.

XS
SM
MD
LG