Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Египетте бийлик-оппозиция тиреши күчөдү


Президенттик сарайдын алдында чыккандар, 4.12.2012
Президенттик сарайдын алдында чыккандар, 4.12.2012

Египет баш калаасынын борбору кайрадан тирешүүнүн чордонуна айланды. Бир нече күндөн бери оппозиция президент Мохамад Мурсинин ыйгарым-укуктарын кеңейтүү аракеттерине жана баш мыйзамга киригизип жаткан өзгөртүүлөргө нааразылыгын билдирип келатат. Кечээ Каирде президентти колдогондор менен каршы чыккандар кагылышканда кеминде 5 киши набыт кетти.

Каирде президенттин сарайынын алдына танктар менен оор техника тартылды. Бул жерде Мохамед Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштары кагылашып, Саламаттыкты сактоо министрлиги кеминде 5 киши набыт болуп, 300дөн ашууну жараат алганын маалымдады. Оппозиция лидерлери тополоңду “Мусулман агайыңдар” кыймылынын мүчөлөрү баштады деп айыпташууда. Айрым кабарларга караганда, алар нааразылык акциясына чыккан демонстранттардын чатырларын талкалап, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү, таштарды ыргыта башташкан.

Секулярдык көз караштагы адамдардан турган оппоненттер президенттин өз ыйгарым-укуктарын кеңейткен токтомуна жана Конституциянын жаңы долбооруна каршылыгын билдирип келатышат.

Демонстранттар президенттик сарайдын алдында акция уюштуруп, шейшембиде мамлекет башчы имараттан шашылыш кетүүгө мажбур болгон. Акыркы окуялар Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан берки эң ири тирешүү болуп калды.

Оппозициядагы саясатчы, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад эл Барадеи “Морсинин башкаруусу Мубарактан айрымаланбай калды” дейт:

- Бүгүн Египет күбө болуп жаткан зордук-зомбулук үчүн президент Морси жана анын өкмөтү жооптуу деп эсептейбиз. Президенттик сарайдын жанында ушул тапта болуп жаткан окуялар өлкө жетекчилиги жана президент өлкөнү коргоо вазийпасын аткарбай жатышат дегенден кабар берет.

Бүгүн кечинде Морси элге кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Мамлекеттик маалымат каражаттары танктар президенттик сарайдын коопсуздугун камсыздоо үчүн жайгаштырылды деп кабарлашууда. Египеттин башка шаарларында да кагылышуулар болгону жөнүндө маалыматтар түшүүдө.

Азыркы жаңжал Мурсини колдогон исламчылар менен либералдар, солчулдар, христиандар ортосундагы жаатташууну ого бетер тереңдетти.

Оппозициянын дагы бир көрүнүктүү өкүлү, Араб лигасынын мурдагы төрагасы Амр Муса Египет элин демократияны колдоого үндөдү:

- Египетти, ыңкылапты коргоп калуу үчүн бир добуштан сүйлөп жатабыз. Биз Египет элинин бөлүнүп-жарылуусу, кабыл алангыс конституцияны эмес жаңы демократиялык улутту колдойбуз деген Египеттин добушу бүгүн, эртең жана түбөлүккө жаңырып турсун!

Ал ортодо вице-президент Махмуд Меккинин айтымында, Баш мыйзамга киргизилип жаткан алымча-кошумчалар оппозиция менен макулдашылып, 15-декабарга белгиленген референдум өтүүгө тийиш деп билдирди.

Египетке жылына 1,3 миллиард долларга аскерий жардам берген АКШ тараптарды диалогго чакырды.

XS
SM
MD
LG