Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Мурси "актанса" да оппозиция тынчый элек


Президент Мухаммед Мурси (төрдө) вице-президент Махмуд Мекки (оңдон бешинчи), юстиция министри Ахмед Мекки (оңдон төртүнчү) менен бирге Соттордун Жогорку кеңешинин мүчөлөрү менен кездешүүдө. Каир, 26-ноябрь, 2012
Президент Мухаммед Мурси (төрдө) вице-президент Махмуд Мекки (оңдон бешинчи), юстиция министри Ахмед Мекки (оңдон төртүнчү) менен бирге Соттордун Жогорку кеңешинин мүчөлөрү менен кездешүүдө. Каир, 26-ноябрь, 2012

Египетте бүгүн да президент Мухаммед Мурсинин өз бийлик укуктарын кеңейтүүсүнө каршы оппозициялык күчтөр нааразылык акциясын өткөрүшөт.

Мурсинин бейшемби күнкү жарлыгы боюнча, “өткөөл мезгилде” президент кабыл алган чечимдерди жокко чыгарганга соттун укугу жок жана парламент жаңы Конституцияны даярдап бүтмөйүнчө эл өкүлдөр жыйынын сот тарката албайт.

Египеттеги кырдаал президент Мурсини дүйшөмбү күнү өлкөдөгү көрүнүктүү соттор менен жолугушуп, бейшемби күнкү жарлыгынын маани-маңызын тактап бергенге аргасыз кылды.

Мухаммед Мурсинин кездешүүдө айтканына караганда, президенттик укугуна жараша чыгарган декрети же Конституциялык декларация соттордун ишине “эч кандай жолтоо” болбойт экен. (Жарлыкты президент сот бийликтери менен масилээттешпей туруп жарыялаган болчу).

Бирок президенттин
Каирдин ортолугундагы Тахрир аянтында президент Мурсинин жарлыгына нааразылар тиккен чатырлар жана демонстранттар. 25-ноябрь, 2012
Каирдин ортолугундагы Тахрир аянтында президент Мурсинин жарлыгына нааразылар тиккен чатырлар жана демонстранттар. 25-ноябрь, 2012

басма сөз өкүлү Ясер Али жолугушуудан соң жасаган билдирүүсүндө соттор президенттин суверендүүлүк маселесине тийиштүү жарлыктарына кийлигише албасына көңүл бурду. “Конституциялык декларациянын 2-беренеси республика президентинин суверендүүлүккө байланыштуу жарлыктарына гана тийиштүү жана жаңы Конституция иштеп чыгылмайынча колдонулат деп түшүндүрөт”, - деп билдирди Ясер Али.

Мухаммед Мурси өткөн бейшембиде чыгарган декретке ылайык, президенттин жарлыктарын соттор “мыйзамга туура келбейт” деп, жокко чыгарганга укуксуз жана парламент жаңы Конституциясыны иштеп бүткөнчө, аны сот бийлиги тарката албайт.

Египет парламентинде Мурси катарындагы “Мусулман агайиндер” кыймылы көпчүлүк мандатка ээ.

Президенттин жарлыгын Египеттин соттору – соттордун көз карандысыздыгына каршы жасалган чабуул ирети баалашты. Жекшемби-дүйшөмбү күндөрү Каирде жана башка шаарларда сот жана прокуратура иштеген жок.

Демонстранттар полиция менен кагылышуу учурунда. Каирдин Тахрир аянтында. 25-ноябрь 2012
Демонстранттар полиция менен кагылышуу учурунда. Каирдин Тахрир аянтында. 25-ноябрь 2012
Талаштуу декрет май-июнь айларындагы президенттик шайлоодо башы кошулбаган либералдуу жана дүниябий саясатчыларды да активдештирип, көчөгө чыгарды. Жарлык чыккандан бери өлкөнүн ири шаарларында жүрүп жаткан тирешүүлөрдө 1 адам набыт болуп, 450гө жакын киши жабыр татканы маалымдалууда.

Шейшемби күнү Каирдин Тахрир аянтында оппозиция калың эл катышкан демонстрация уюштурууда. Абалды курчутпоо үчүн “Мусулман айындар” аянтка чыкпайлы деп чечти.

АКШ президенти Барак Обама эки жакты өз талашын сүйлөшүп жөндөгөнгө үндөдү. Мамкатчы Хиллари Клинтон 26-ноябрда Египет тышкы иштер министри Камел Амрга телефон кагып, өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданганын билдирди.

Дүйшөмбү күнү таң эрте Мурсинин басма сөз өкүлү өлкө премьер-министри жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилерине президенттин жарлыгы жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы парламент шайланган соң токтотуларын билдиргенин маалымат булактары кабарлашты.

Египеттин жаңы Конституция келерки жылдын ортосуна барып даяр болот деп жоромолдонууда.

XS
SM
MD
LG