Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Түркиянын өкмөт башчысы Египетке келди


Режеп Тайып Эрдоган Египеттин армия башчысы генерал Хасан ал-Ровены менен Каирде, 13-сентяб, 2011-ж.
Режеп Тайып Эрдоган Египеттин армия башчысы генерал Хасан ал-Ровены менен Каирде, 13-сентяб, 2011-ж.

Түндүк Африкадагы төңкөрүшчүл үч өлкөнү кыдырып чыккан Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын аймактагы таасирин бекемдөөнү көздөп жаткандыгы анык. Түркия-Израил тирешүүсү сапарга түрткү болууда.

Египетке сапарынын биринчи күнүндө түркиялык премьер Араб Лигасынын тышкы иштер министрлеринин жыйынында чыгып сүйлөдү. Ал сөзүн арабча баштап, анан бардык араб элдерине мындай эскертүү берди:

- Түрктөр менен арабдардын ортосуна от жагууга жол бербейли, ортобузга чатак салган тымызын (иш жүргүзгөн) мамлекеттерден сак бололу. Биз жардамга муктаж бардык тараптарга жардамдашууга даярбыз.

Эрдоган өз сөзүндө ал Израилди да каарып өттү. Ал Израил аскерлеринин өткөн жылы Газа тилкесиндеги экономикалык блокаданы деңиз аркылуу бузуп өтүүгө аракеттенген түркиялык активисттерди атып өлтүргөндүгүн сынга алды.

Анкара бул окуя боюнча Иерусалимден кечирим суроону, курмандыктардын жакындарына компенсация төлөөнү жана Газа тилкесинин блокадасын алып салууну талап кылган. Бул талаптар акыры эки тараптуу алаканы үзгүлтүккө учуратты.

Эрдоган ошондой эле палестиндердин өз мамлекетин жарыялоо ниетине колдоо билдирди. Палестин бийликтери ушул айда Бириккен Улуттар уюмуна Палестина мамлекетин таануу өтүнүчү менен кайрылат. Бул кадамга Израил каршы, ал эми АКШ аны колдойт деген ой басымдуу.

Түркиянын палестиндерге колдоосу расмий Стамбулдун бүтүндөй Жакынкы Чыгыш боюнча зоболосун көтөрөөрү шексиз. Бул тууралуу Түркиянын тышкы байланыштарын изилдеген Соли Өзел:

- Жер ортолук деңизинин чыгыш ыптасы үчүн саясий күрөш жүрүп жатат. Түркия дүйнөлүк таасири бар аймактык держава болгусу келет.

Түрк лидеринин Израилге карата кээр сүйлөгөнү Египетте көпчүлүккө жагаары шексиз. Дүйшөмбүнүн кечинде аны Каирдин аба бекетинен тосуп чыккан миңдеген киши "Египет менен Түркия - Израилге каршы түйүлгөн бир муштум" деген ураандарды көтөрүп турушту.

Бирок анын өтө эле келишпес туруму Египеттин жаңы жетекчилерин бир аз ыңгайсыз абалда калтырып жаткандыгы да байкалды.

Жолго чыгаарда Эрдоган Египеттин Рафа өткөөлү аркылуу Газа тилкесине барууга дилгир экендигин жашырган эмес. Бирок египеттиктер буга уруксат беришпеген шекилдүү, себеби Эрдоган акыры Газага барбай тургандыгын кулак кагыш кылды. Ал ошондой эле Каирде жалпы элдик кайрылуу жасайт деп пландалган эле, бирок коопсуздук зарылдыгы деген шылтоо менен ал дагы болбой калды.

Эрдоган анын өлкөсү достук дегенде мамлекеттердин мунай, же башка байлыктарына карабай тургандыгын, тескерисинче бир туугандыкка жана бирдиктүү тарыхка таянаарын билдирди.

"Бирдиктүү тарых" дегенде осмон түрктөрү Египетти жана анын коңшуларын басып турган мезгилди түшүнүүбүз керек. Ал эми Түркиянын өкмөт башчысы түрктөрдүн мурдагы колониялары менен алаканы өркүндөтүүгө өзгөчө дилгир экени маалым.

XS
SM
MD
LG