Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Ян Палах - эркиндикти сүйгөн элдин символу


Ян Палах - эркиндикти сүйгөн элдин символу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Ян Палах - эркиндикти сүйгөн элдин символу

Мындан туура 50 жыл мурун 20 жаштагы студент Ян Палах Праганын борборунда советтик баскынчылыкка жана оккупацияга каршылыгын билдирип, өзүн өрттөөгө барган. Ал бул кадамын чехославакия коомун ойготуу максаты деп түшүндүргөн.

1968-жылдын августунда Советтер союзу башында турган "Варшава келишимине» кирген өлкөлөрдүн армиясы Чехословакияга басып кирип, жүздөн ашуун адам курман болгон.

Ян Палах ушул окуялардан беш-алты ай өткөндөн кийин өзүнө өрт койгон. Мындай кадамга баргандар ага чейин да, андан кийин да болгон.

1969-жылдын январында 40 миңдей киши Праганын борборунда өзүнө өрт койгон 20 жаштагы студент Ян Палахтын сөөгүнө таазим кылып жатышты.

Бул советтик аскерлердин интервенциясы ачык-айкын жана либералдуу коом курабыз деген аракеттерге чекит коюп, ошол кездеги коммунисттик бийликтин сөзү менен айтканда, “адамгерчиликтүү жүзү бар социализм курууну” убада кылган окуялардан бир канча ай өткөндөн кийин болуп отурат.

Ян Палах менен коштошуу.
Ян Палах менен коштошуу.

Палах өз кадамын үмүтсүз жана басынып турган чехославакия коомун силкинтүү максаты деп түшүндүргөн.

- Палах тарыхта өз жолун тапкысы келген, бирок бул сыяктуу умтулууну империялык зор күчтөр муунтуп турган кичинекей, басынган элдин символу болуп калды. Палах адам өмүрүнөн да маанилүү нерселер бар экенин көрсөтүп кетти, – деди чехиялык тарыхчы Петр Блажек.

Палахтын кадамы тууралуу бардык дүйнөлүк пресса жазды.

Бирок ал мындай чечкиндүү кадамга барган биринчи адам эмес эле.

1968-жылы Варшавада түшүм майрамын белгилеп жаткан учурда трибунада турган 59 жаштагы Рышард Сивец өзүн өрттөгөн. Ал аудиокайрылуу жаздырып, аскерлердин Чехословакияны басып кирүүсүн, ага поляк армиясы катышканын айыптаган:

- Менин үнүмдү, карапайым адамдын үнүн уккула! Бул өз эркиндигин жана башкалардын эркиндигин өз өмүрүнөн да артык сүйгөн адамдын элге кайрылган үнү.

Варшавадагы түшүм майрамына 100 миңден ашык адам катышкан, бирок бийлик Сивецтин кайгылуу окуясы тууралуу бир канча ай бою ачык айткан эмес.

Ян Палах менен коштошуу үчүн келген эл. Прага.
Ян Палах менен коштошуу үчүн келген эл. Прага.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун поляк редакциясы бул тууралуу Прагада Ян Палах өз өмүрүнө кол салгандан кийин гана маалымдаган.

Буга чейин дагы бир нече адам өзүн өрттөөгө барган. Алар жөнүндө да айта кетели.

1968-жылдын ноябрында Киевдин борборунда 40 жаштагы Василь Макух өзүн өрттөгөн. Ал бул кадамы менен Чехословакияны оккупациялоого жана Украинадагы советтик бийликке нааразылык билдирген.

2017-жылы “Эркин Европа/Азаттык” радиосу ага арналып ачылган эстелик тактанын ачылышын чагылдырган. Буга Василь Макухтун уулу Владимир да катышкан.

- Мен Украинанын эркиндиги үчүн акыркы каны калганча күрөшкөн атамды эскерүүгө келген бардык адамдарга ыраазычылык билдирем, - деген Владимир Макух.

Советтик прессе бул окуя тууралуу үн каткан эмес. Ал эми Чехословакияда кырдаал башкача болчу. ​

- Бул оккупациядан көп өтпөй болгонуна карабастан, пресса бир канча деңгээлде эркин эле. Палахтын окуясы советтик оккупациядан бир канча ай өткөндөн кийин болгонуна карабай, Чехословакияда пресса дагы да болсо эркин эле. Маалымат каражаттары Палахтын кадамына карата реакцияны кең-кесири чагылдырган. Ошондуктан ал тууралуу советтик блоктун баары кабардар болгон. Ошондой эле бул окуяны “Эркин Европа/Азаттык” радиосу да кенен жазып турган. Ошондуктан бул окуялардан эл кабарсыз калмак эмес, - деди чехиялык тарыхчы Петр Блажек.

Кийин Ян Палах Прагада өзүн өрттөгөн жерге студенттер келип, ачкачылык жарыялашкан. Алардын бири - Ян Зайиц эле. Анын ысымы бул жупуну эстеликте Палах менен катар жазылып турат.

Ошондой эле Ян Зайиц Палахтын артынан өзүн өрттөгөн саналуу адамдын бири болгонун да айта кетели. Бирок анда мурдагыдай коомдук чоң резонанс болгон эмес. Муну тарыхчы Петр Блажек мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, цензура күчөгөн. Палахтын кадамынан кийин өлкөдөн 16 белгилүү чет элдик журналист чыгарылган. Ушундан кийин окуяларды чагылдыруу чектелип калган.

Кандай болгон күндө да Ян Палахтын ысымы символ бойдон калды.

Анын өлгөнүнүн 20 жылдыгында, 1989-жылдын январында болгон Чехославакиядагы нааразылык акциясы бир жумага созулган. Ушул жылдын аягындагы элдик толкундоолордун аркасында өлкөдөгү коммунисттик режим кулатылган.

1990-жылы Палахтын сөөгү Прагадагы Ольшанск көрүстөнүнө кайра көмүлдү. Анткени ага чейин коммунисттик бийлик адамдар урмат көрсөтүү үчүн келе бергендиктен Ян Палахтын жасатын башка жерге жашырган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG