Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Дүйнөлүк суу форуму: Сөздөн ишке өтөлү


Дүйнөлүк алтынчы Суу форумунун эн белгиси.
Дүйнөлүк алтынчы Суу форумунун эн белгиси.

Франциянын Марсел шаарында өткөн форумда Кыргызстан суунун экономикалык мааниси жөнүндөгү маселени көтөрдү.

Бул аптада Улуттар уюму дүйнөнүн суу ресурстарынын абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда 2015-жылга карата өнүгүп келе жаткан өлкө калктарынын 86 пайызы таза сууга ээ болору айтылат. Анткен менен дагы 1 миллиард адам мындай мүмкүнчүлүктөн кур калууда.

Бирок Европанын айрым бейөкмөт уюмдары БУУнун эсептери менен макул эмес. Алар таза суу жетпеген адамдар саны азыр дүйнөдө 2 миллиардга чаап берет деп эсептешет.

БУУнун жаңы баяндамасы жарыялануусуна тушташ ушул апта ичи Франциянын Марсел шаарында дүйнөлүк алтынчы суу форуму өттү.

17-марта аяктап жаткан форумга катышкан кыргыз делегациясынын өкүлү, Суу чарба департаментинин директор орун басары Чыңгыз Узакбаев "Азаттыкка" курган маегинде белгилегендей, дүйнөлүк форумдун жыйынтык декларациясында Кыргызстандын суунун экономикалык мааниси жөнүндөгү сунушу да камтылды.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:


Түз линк
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG