Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Алп окумуштуу чексиз ааламга бет алды


Стивен Хокинг
Стивен Хокинг

14-мартта британиялык окумуштуу, дүйнөдөгү эң белгилүү астрофизик Стивен Хокинг 76 жашында дүйнө салды. Өмүрүнүн көбүн майыптын арабасында өткөргөнү менен профессор илимге чоң салым кошуп, аалам сырларын изилдөө тармагында бир топ жаңы ачылыштарды жасаган.

Илимпоздун балдары Хокинг бүгүн эртең менен Кембридждеги үйүндө көз жумганын маалымдашты.

"Атабыз көрүнүктүү окумуштуу жана улуу инсан болчу. Анын эмгектери жана мурасы биз менен дагы көп жылдарга калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Хокинг ааламдын пайда болушун изилдеп, кванттык космологияны түптөгөндөрдүн бири болгон. «Кара туңгуюктар» теориясы боюнча көп ачылыш жасаган. Радиациянын эсебинен ошол кара туңгуюктардын жок болушу тууралуу теориясы «Хокингдин нурлануусу» деп аталат.

Стивен Хокинг
Стивен Хокинг

Профессор татаал илимий көрүнүштөрдү калың элге жалпак тил менен түшүндүрүүгө аракет кылып келген.

Ондогон жылдар бою жаңы теорияларды жаратып, докладдар менен чыгып сүйлөп, жыйын-конференцияларга катышып турган Хокинг өмүрүнүн көбүн майыптар арабасында өткөргөн.

1960-жылдардын башында илимпозго борбордук нерв системасын жабыркаткан оору жармашат да, тездик менен өтүшүп аны шал кылат. Догдурлар ошондо ичер суусу эки-үч жылда эле түгөнөт дешкен. Бирок бул оор дарт менен профессор элүү жылдан ашык жашады.

Маркум жаагындагы эле булчуңдарын кыймылдата алгандыктан, ал жерге атайын датчик бекитилип, анын жардамы менен компьютерди башкара алчу.

1985-жылы өпкөсү катуу сезгенип, кекиртегине бир нече операция жасалгандан кийин сүйлөй албай калган. Добушу компьютердик атайын программанын жардамы менен чыкчу.

Илим Эйнштейндин теориясын ырастады

Илим Эйнштейндин теориясын тастыктады

Алберт Эйнштейндин 100 жыл мурдагы салыштырмалуулук теориясын тастыктаган илимий ачылыш жасалды. Эйнштейн белгилеген гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экен.

Хокинг 12 ардактуу даражага ээ болгон, Британиянын падышалык илим коомунун жана АКШнын Илимдер академиясынын мүчөсү.

Илимдеги жетишкендиктери көптөгөн сыйлыктар менен белгиленген. 1979-жылы Кембридж университетинде эң абройлуу академиялык кызматка татыган. Анын 1988-жылы чыккан "Убакыттын кыска тарыхы" деген китеби бестселлерге айланып, окумуштууга дүйнөлүк атак-даңк алып келген.

Хокинг жасалма интеллект адам баласына чоң коркунуч жаратат деп санагандардын бири болгон.

2016-жылдын апрелинде илимпоз кесиптештери менен бирге Альфа- Центавра жылдыздар системасына наноробот жөнөтүү долбоорун баштап жатканын жарыялаган.

«Кара туңгуюктар» теориясы боюнча көп ачылыш жасаган. Космостогу кара туңгуюкка жутулган жарык.
«Кара туңгуюктар» теориясы боюнча көп ачылыш жасаган. Космостогу кара туңгуюкка жутулган жарык.

Өмүр бою астронавттардай болуп мейкиндикте калкып турууну эңсеген профессор 2007-жылы атайын жасалган учак менен Атлантиканы айланып чыккан:

- Менимче ааламга багыт албаса, адамзаттын келечеги жок болот. Дүйнө калкынын космоско кызыгуусун ойготкум келет. Ааламга, чексиз мейкиндикке аттануу көптөн берки кыялым. Салмаксыздыкта учуу - биринчи кадам болуп калмакчы. Абдан толкунданып турам. 40 жылдан бери майыптын арабасына байланган адам камгактай жеңилдеп учууга мүмкүнчүлүк алууда. Бул чыныгы керемет, - деген эле ошондо Хокинг.

2009-жылы атүгүл космоско учууну пландап, бирок ал саякаты ишке ашпай калган.

Хокинг 1942-жылы 8-январда төрөлгөн. Лондон жана айланасында чоңойгон окумуштуунун атасы тропикалык медицинаны изилдеген биолог болчу. Профессор Оксфорд университетинде физика факультетинде окуган.

Жогоруда айтылгандай илимпоз оор дартына карабай илимге чоң салым кошуп, космос тууралуу даректүү тасмаларды жаратууга катышып, сериалдарда тартылган. Айтылуу "Симпсон" жана "Футурама" мультфильмдеринде өзүнүн добушу менен сүйлөгөн. Маркум эки жолу үйлөнгөн, үч баланын атасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


XS
SM
MD
LG