Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:10

Кошмо Штаттарда 20-январда президент алмашканы турат. Бийлик мөөнөтү бүтүп жаткан президент Барак Обама Орусия менен карым-катыштын болочогуна мамлекет башчы катары эң соңку пресс-конференциясында кайрылды.

Бул өлкөгө каршы санкцияларды өзөктүк куралды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөргө байлабоого чакырды. Орусияга жогорудагыдай сунуш менен чыгышы мүмкүндүгүн жакында шайланган президент Дональд Трамп өзү ишара кылган.

Барак Обама президент катары 18-январдагы акыркы пресс-конференциясында белгилегендей, АКШнын Орусияга каршы Крым аннексиясынан кийин киргизилген санкциялары эки өлкө ортосунда өзөктүк арсеналдарды кыскартуу боюнча талкууларга байланбашы керек.

Обаманын пикиринде, Москва Украина саясатынын багытын өзгөртмөйүнчө санкциялар күчүндө калышы абзел:

- Биз санкция киргизген (Орусияга) себептер, эске сала кетейин, өзөктүк курал үчүн эмес. Бул – мамлекеттин, Украинанын суверенитетин, көз карандысыздыгын Орусия күч менен кемсинткенден улам болду. Бул биздин эле эмес, жалпы эл аралык коомчулуктун бүтүмү. Орусия Украинанын аймагын азыр да ээлеп, өлкөнүн иштерине азыр да кийлигишүүдө, эл аралык мыйзамдарды жана нормаларды бузган аскерий суррогаттарды колдоп жатат. Мен орусиялыктарга "силер мындайды токтотор замат, санкциялар алынат" деп айткам.

Президент Барак Обама бийлик мөөнөтү аяктап бара жатып, анын администрациясы Орусияга Украина маселесинен улам киргизген санкциялар мөөнөтүн 2018-жылдын март айына чейин узартып койду.

Ал президент катары 18-январдагы акыркы пресс-конференциясында Орусия менен конструктивдүү алака-катышта болуу АКШнын жана дүйнөнүн да кызыкчылыгындагы иш экенин кошумчалап, өзөктүк куралды дагы кыскартууну Орусияга сунуш кылганын эске салды:

- Өзөктүк маселе боюнча менин биринчи мөөнөтүмдө биз START II келишимине жетишип, өзөктүк корлорубузду биз да, Орусия да олуттуу кыскартканбыз. Мен мындан да ары кетүүгө даяр элем жана президент Путинге андан ары да кыскартууларга барууга даяр экендигимди айткам, бирок алар сүйлөшүү ниетин көргөзүшкөн эмес.

Өзөктүк куралды кыскартуу боюнча акыркы келишимге Москва менен Вашингтон 2010-жылы жетишкен эле. Анда президенттер Барак Обама жана Дмитрий Медведев кол койгон документке ылайык, эки өлкөнүн колундагы өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1550гө чейин түшүрүлмөк.

Эми алдыда өзөктүк куралды кыскартууну Орусияга каршы санкцияларды жоюу маселеси менен байланышта карарын 16-январда британдык Times of London басылмасында жарыяланган интервьюсунда жаңы шайланган президент Дональд Трамп өзү ишара кылган эле.

Эки өлкөнүн өзөктүк арсеналдарын “олуттуу кыскартууну” көздөп турганын белгилеген Трамп ал интервьюсунда “келгиле, карап көрөлү, Орусия менен жакшы макулдашууларга жетишүүгө болбойбу? Мен өзөктүк куралды кыскартуу керек жана олуттуу кыскартуу керек деп эсептейм. Бул маселе мына ушул жараяндын бир бөлүгү боло алмак. Бирок Орусия азыр санкциялардан олуттуу зыян тартууда. Менимче, көп адамдар утушка ээ боло турган бир нерсе ишке ашуусу мүмкүн”, - деп айткан.

Трамптын Times басылмасына берген интервьюсуна байланыштуу орус тараптан да айрым билдирүүлөр жасалды.

Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаков Нью-Йоркто кабарчыларга берген маегинде, Орусия АКШ менен өзөктүк курал маселесин талкуулоого даярдыгын, бирок муну алар мыйзамсыз деп санашкан санкцияларды жоюу боюнча макулдашуунун алкагында кароого барбай турганын айтса, тышкы иштер министри Сергей Лавров 17-январда, Москвадагы басма сөз жыйынында төмөнкүлөргө токтолгон:

- Мен Дональд Трамптын айткандарынан үч нерсени уктум. Алар санкция маселесин чечүү зарылдыгы, Орусия менен карым-катнаштын позитивдүү чөйрөлөрүн көрүү зарылдыгы жана мына ошол чөйрөлөрдүн бири стратегиялык өзөктүк куралдар боюнча диалог болушу мүмкүндүгү. Мен сунуш кылынгандардан санкцияларга куралсызданууну алмашууну көргөн жокмун.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусия алака-катышты оңдоо ниетин кайталап айтып келе жаткан анын администрациясынын болочок мүчөлөрү Москвага карата сынчыл турумдарын жашырган жок.

Маселен, АКШнын БУУдагы болочок элчиси, Түштүк Каролина штатынын губернатору Никки Хейли 18-январь күнү Сенатта талапкерлиги каралып жаткан кезде “Орусияга ишенүүгө болбойт, ага каршы санкциялар алынганга чейин ал позитивдүү кадамдарды жасоосу абзел, аларга бир нерсени берүүдөн мурда, эмне аларыбызды карашыбыз керек”, - деп белгиледи.

Сенаттагы талкуулар учурунда Трамптын Орусия боюнча шайлоо өнөктүгүндөгү турумунан кыйла айырмаланган пикирлерин Мамлекеттик катчылыкка көргөзүлгөн Рекс Тиллерсон, коргоо министри кызматына көргөзүлгөн Жеймс Маттис, ЦРУнун башчылыгына көргөзүлгөн Марк Помпео да айтышкан.

Трамп өзү Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасында бул жагдайды ал өкмөтүнүн болочок мүчөлөрүн Сенаттагы угуулар учурунда “аларды өздөрүнүн көз караштары менен бөлүшүүгө шыктандырганы” менен түшүндүрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG