Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Польшанын Холокост мыйзамы талаш жаратты


Холокост курмандыктарын эскерүү. Польша, 27-январь, 2018-жыл.
Холокост курмандыктарын эскерүү. Польша, 27-январь, 2018-жыл.

Польшада Холокост боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды. Израил жана Кошмо Штаттар каршылыгын билдирген мыйзамга ылайык, Польшаны фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланышта карагандар жазага тартылат. Польша мындай мыйзам өлкөнүн беделин коргоо үчүн керектигин айтууда.

Талаштуу мыйзамды поляк парламентинин жогорку палатасы - Сенат 1-февралда кабыл алды. Ага чейин төмөнкү палата - Сейм жактырган.

Мыйзам аны колдорун буга чейин эле билдирген президент Анджей Дуда кол койсо күчүнө кирет.

Мыйзам иштей баштаган шартта фашисттик Германия учурундагы концентрациялык лагерлерди поляктар менен байланыштыргандарга же ошол доордогу кылмыштарга салым кошту деп Польшаны күнөөлөгөндөргө айып салынып, үч жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн.

Расмий Варшава өз аракетин өлкөнүн беделин коргоо деп түшүндүрдү:

- Биз партия жетекчилигинин жыйынын өткөрдүк, бул кырдаалды узак талкууладык. Биздин чындык жана поляктардын ар-намысы үчүн күрөшүбүз башкача кабыл алынып жатканына бир чети таң калып, бир чети өкүнүп турабыз, - деди мыйзам жактырылгандан кийин Польша Сенатынын төрагасы Станислав Карцевский.

Бирок талаштуу мыйзамды Польшанын ичинде да, тышында да башкача кабыл алгандар болду.

Маселен Израил поляк мыйзамын тарыхты кайра жазуу аракети катары баалап, Варшаваны андан баш тартууга чакырган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн аптада буларга токтолгон:

Биньямин Нетаняху
Биньямин Нетаняху

- Баса белгилеп коюш керек, биз чындыктын бурмаланышы, тарыхтын кайра жазылуусу, Холокосту жерүү менен такыр келише албайбыз. Кандай шарт-жагдай болбосун, тарыхты кайра жазуу аракетин, чыныгы тарыхый изилдөөлөрдү чектөө аракетин кабыл албайбыз.

Поляк мыйзамына “караманча каршы” экенин Израилдин Тышкы иштер министрлиги 1-февралда билдирди.

Талаштуу мыйзамдан баш тартууга же аны кайра кароого Польшаны АКШнын Мамлекеттик департаменти да үндөгөн.

Вашингтон бул сөз эркиндиги менен илимий изилдөөлөргө зыянын тийгизерин эскерткен. Бирок поляк бийликтери андай коркунуч жок деп айтууда.

- Өткөндү изилдөөгө эч коркунуч жок. Өткөндү сүйлөөгө, өткөндү талдоого, атүгүл поляк тарыхынын эң караңгы, эң уяттуу бөлүгүн изилдөөгө эч коркунуч жок. Польша мыйзамды, коомдук талкуулардын эркиндигин, илимий изилдөөлөрдү, сын айтуу эркиндигин урматтаган демократиялык мамлекет, - деди юстиция министринин орун басары Марцин Вархол.

1939-жылы фашисттик Германия Польшаны басып алгандан кийин анын аймагында миллиондогон адамдар, көбүнесе жөөттөр өлтүрүлгөн лагерлер жайгашып, иштеп турган.

Освенцим лагери бошотулган күндүн 73-жылдыгын белгилөө. 27-январь, 2018-жыл.
Освенцим лагери бошотулган күндүн 73-жылдыгын белгилөө. 27-январь, 2018-жыл.

Алардын эң белгилүүсү - Освенцим да Польшанын аймагында болгон.

Варшавадагы бийликтер мына ошол өлүм лагерлеринин “поляктык” деп аталышына каршы экенин билдирүүдө.

2015-жылдан бери Польшанын парламентинде улутчул, консервативдик маанайдагы “Мыйзам жана адилеттик” партиясы үстөмдүк кылып, өкмөттү да өз алдынча башкарат.

Бул партиянын ички саясаттагы багыты “жарандык эркиндиктерди, сот бийлигинин көз карандысыздыгын чектөө катары” Польшанын өзүндө, Евробиримдикте, Европарламентте сынга алынып келет.

Анжелина Жоли аялдарды коргоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:18 0:00
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG