Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Маңзат ташуу күч алды


Ширеңке кутучаларына салынган маңзат.
Ширеңке кутучаларына салынган маңзат.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (10–16-март).

Крым дүйнөлүк басма сөздүн назарында кала берүүдө. Глобалдык медиада ошондой эле Кыргызстан аркылуу ташылган маңзаттын өлкөдө калган пайызы көбөйүп жатканы, Венесуэладагы антиөкмөттүк акциялар бир айдан бери токтой электиги, Тажикстан Пакистанга электр зымын тартууну пландап жатканын кеп кылды.

Маңзатка малынган Кыргызстан

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу күч алууда деп коңгуроо кагышты. Бул тууралуу Central Asia Online басылмасы жазды. "Наркотик ташуу – ири эл аралык уюшкан кылмыш топторду, терроризмди жана экстремизмди каржылайт", – деди Борбор Азиядагы баңгизат саясаты боюнча борбордун жетекчиси Александр Зеличенко.

Кыргызстандагы жумушсуздук жана жакырчылык карапайым жарандарды маңзат ташууга түрткү берип жатат. Наркотик кыргыз аймагы аркылуу ташылганы менен, акыркы жылдары ал баңгизаттын өлкөдө калган пайызы көбөйүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда он миңдей адам маңзатты туруктуу пайдаланат. Иш жүзүндө ал сан алда канча көп. Маңзат колдонуучулардын 10 пайызы – аялдар.

Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статистикасына ылайык, былтыр наркотикке байланыштуу 281 кылмыштын бети ачылган. Кыргызстанда 2013-жылы 5.2 тонна маңзат кармалган жана анын 126.6 килограммы – героин. Бул сандар мурдагы жылга салыштырмалуу көп. Аталган кызмат наркотрафикке аралашкан уюшкан кылмыш топторду кармоо күчөгөнүн билдирди.

Аны менен бирге, маңзат ташууга аралашкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин кармоо иши күч алды. Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы наркотик ташуучулардын торуна түшүүнү алдын алуучу иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлады.

Кашка-Дарыяда жаңы эки газ долбоору ишке ашат

Өзбекстандын улуттук "Өзбекнефтегаз" ишканасы эки ири газ долбоорун ишке ашырат. Кашка-Дарыя дубанындагы Алан жана Шуртан газ кендерин өнүктүрүү быйыл башталат. Бул тууралуу Азербайжандын AzerNews басылмасы маалымдады. Долбоордун жалпы баасы 365 миллион долларга барабар. Аталган газ кендерин иштетүүнү "Өзбекнефтегаз" жана Өзбекстандын кайра куруу жана өнүктүрүү кору каржылайт.

Долбоор ишке ашканда, Алан газ кенинен 5 миллиард м3 жана Шуртандан 4.3 миллиард м3 көгүлтүр от иштелип чыгат. Аталган кендер 1970-жылдары геологиялык чалгындоо учурунда табылган. "Өзбекнефтегаз" өлкөдөгү мунай жана газ тармагындагы монополист. Өзбекстан КМШда газ өндүрүү көлөмү боюнча үчүнчү орунда. Жылына 60 миллиард м3 газ өндүрүлөт жана анын 25 миллиард м3 сыртка сатылат.

Тажикстан Пакистанга ток сатат

Тажикстан Пакистанга миң мегаватт ток сатууну пландап жатат. Ашыкча кубаттуулукту текке кетирбей, аны Пакистандын түндүгүндөгү Читрал аймагына ташуу каралууда. Бул тууралуу Пакистанда жарык көргөн The Express Tribune гезити жазды.

Рогун – Хорог – Вахан – Читрал долбоору аталган аймактар аркылуу өтөт жана 1990-жылдардын башында иштелип чыккан. Жогорку чыңалуудагы ток зымдары 650 чакырым узун жана курулуп бүткөндө саатына төрт миллиард киловаттка чейин кубаттуулукту ташууга жарамдуу болот. Аталган долбоордун жалпы баасы – 240.5 миллион доллар.

Уйгурлар ханьшуйларды сүрүп чыгууда

Шиңжаңдын 46 пайызын түзгөн уйгурлар ханьшуйларды аймактан сүрүп чыгууда деп жазды Кытайдын Global Times гезити. Кытай ханьшуйлары Уйгур автоном аймак калкынын 39 пайызын түзөт. Аталган гезит Шиңжаң акыркы 25 жылдан бери тынчыбай, террорчулардын чордонуна айланды деп билдирди.

Ал эми уйгурлар расмий Бээжин аларды жок жерден каралап жатат деп айтып келет. Алардын айтымында, шаарларда өкмөттүн күч түзүмдөрү уйгурларды тыкыр көзөмөлдөп жүрөт.

Гезиттин жазышынча, Шиңжаңдагы Каши шаарында моноэтникалык аймактар пайда болууда. Андай болгону менен, ханьшуйлар мурдагы Чыгыш Түркестандан жер которгону токтогон жок. Кытайларга жакын ханьшуйлар Шиңжаңга 1954-жылдан кийин көчө баштаган. Аталган улут өкүлдөрү 1960-жылдары Шиңжаңдын 7 пайыз калкын гана түзсө, учурда алардын саны 40 пайызга жетет.

Этникалык азчылыктарга Кытайдын бир бала саясаты тараган эмес. Ошол жагдай дагы ханьшуйлар арасында нааразычылык жаратып келген. Үрүмчүдөгү 2009-жылдагы тополоңдо 200 адам набыт кеткен. Андан бери бир нече улуттар аралык кагылышуу катталган. Былтыр июнда Турпанда 24, Бачуда 11, Кашиде эки жана Шуфуда 14 адам каза тапкан.

Венесуэладагы башаламандыкка бир ай

Венесуэладгы антиөкмөттүк нааразычылык акциялары бир айдан бери токтой элек. Президент Николас Мадуронун саясатына каршы протесттер өлкөнүн бардык аймактарында жүрүүдө. Оппозиция лидери Леопольдо Лопестин колдоочулары жана күч түзүмдөрү өлкөнүн Валенсия шаарында 13-мартта кагылышып, үч адам мерт кетти. Венесуэла эли жумушсуздукка жана коррупцияга нааразы. Бул тууралуу британиялык The Telegraph гезити жазды.

Валенсиялыктардын айтымында, өкмөтчүл мотоциклчен топтор нааразычылык акциясына чыккындарга кол салышкан. Президент Мадуро келгенден кийин өлкөдө коррупция тамыр жайган. Баш аламандыктар башталгандан бери Венесуэлада 25 адам набыт кетти. Республиканын бир нече шаарларында студенттер жолдору тороону улантууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG