Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Орусиядагы арак-шарап "маданияты"


Орусиядагы дүкөндө арак тандап жаткан адам.
Орусиядагы дүкөндө арак тандап жаткан адам.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-11-декабрь).

Newsweek журналынын аналитиктери акыркы жылдары Орусияда арак сатуунун деңгээли түшүп, орус маданиятына сиңген “арак ичүү” түшүнүгү басаңдап бара жаткандай деген талдоону жарыялады. “Бир нече кылымдан бери арак орус элинин дасторконундагы сыйлуу ичимдик болуп, ал тургай атактуу окумуштуу Дмитрий Менделеев да 1865-жылы өз доктордук ишин арактын тазалануу процесси боюнча жазган. СССР жол башчысы Иосиф Сталинге атасы упчунун ордуна чүпүрөккө арак куюп ичирген деген имиштер дале айтылып келет. Бирок акыркы жылдары расмий эсеп арактын өлкөдө бара-бара аз өлчөмдө сатылып, эл ачытылган самогон сыяктуу арзанырак ичимдикке өткөнүн көрсөтүүдө. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында эле самогон соодасы 35 пайызга көбөйүп, арак аз сатылган. Аракка талаптын басаңдоосу 2007-жылдан тарта Орусияда жаңы муундун жетилүүсү менен башталды. Айрыкча акыркы жылдары өлкө экономикасындагы кризис да арак соодасына сокку урду. 2013-2014-жылдары орус бийлиги арак салыгын 21 пайызга көтөрүп, калктын калың катмарынын капчыгынын шайы келбей калды. Арактын соодасы 13,4 пайызга азайганы менен көмүскө базардагы алкоголь соодасынын эсебин тактоо кыйын дешет талдоочулар. Finam аттуу Москвадагы изилдөөчү компания ичимдиктин жашыруун соодасы Орусияда быйыл эле 20 пайызга артканын маалымдады. Бирок АКШнын айыл чарба департаменти бул санды 50 процент деп болжоп жатат. Жаңы жылдык майрамдар да арак ичүү орустарда чын эле азайдыбы деген суроого жооп берет. Ал арада Кремл жаңы жылдан тарта ар бир шишени маркалоо системасын киргизип ичимдик соодасынын тизгинин дагы бекем тартмай болду”, - деп жазат Newsweek.

Ишке ашпаган Америка кыялы

New York Times гезитинде узаган аптада эң көп окулуп, талкууланган баяндаманы талдоочу Дэвид Леонхарт жазды. Анын "Америка кыялы" деген түшүнүк тууралуу макаласына миңге чукул киши өз көз караштарын жазган. Жыйырманчы кылымдын башында коомго жазуучу Жеймс Адамс “Америка кыялы” деген түшүнүктү “мурдагы муундарга караганда байгер, бакубат жашоо” деген негизде киргизген. “Бирок муундарды салыштырып келгенде аталган кыялдын ишке ашпаганын байкаса болот. Бул багытта атайын экономикалык анализ жасалган эмес. Ошентсе да 1940-жылдары төрөлгөн балдар менен алардын ата-энесин салыштырганда, балдарынын жашоосу чоңдорго караганда бакубат болгон. Ал эми 1980-жылы төрөлгөн, азыр АКШнын орто мууну делген 36 жаштагылардын кирешеси ата-энесине караганда азырак болуп жатат. Америкада кыялдагы жашоого жетүү жогорку билим менен эле чектелбей калды. Ата-энесинен калган мурас, байлык да кыялдагыдай жашоонун бирден бир кепилдиги экенин Стэнфорд университетинин экономика илимдери боюнча илимпоздору айтышууда. АКШга караганда Европада орто жаштагы муундун тиричилиги тыңырак жана кирешеси көбүрөөк. Эмнеге Адамстын “Америка кыялы” ишке ашпай жатат? Буга глобалдашкан экономика себепкер болуп жатабы?” – деген суроо салат аналитик Дэвид Леонхарт.

Жапония чет элдиктерди дыйкандарды чакырат

Жапония бийлиги жаңырган жылдан тарта Нагасаки, Ибараки жана Айичи префектураларындагы дыйканчылык зоналарында иштөөгө чет элдик жогорку билимдүү адистерди тартат деп кабарлайт Asian Nikkei Review журналы. Башка өлкөнүн адистери айыл чарба жаатында жогорку билимге ээ болуп, ага кошумча Жапониянын окуу жайларында да стажировкадан өтүшү керек. Андан кийин гана беш жылдык келишим менен айдоо талааларына иштөөгө уруксат берилет. Бул долбоор премьер-министр Синзо Абэнин улуттук стратегиялык планына кошулду. Жапондор негизинен Азия өлкөлөрүнөн дыйкандарды ишке алууну көздөшүүдө. Филиппин, Вьетнам жана Индонезия жарандарынын арасында жапон жергесинен иш издегендер көп санда экенин баяндайт Asian Nikkei Review.

Жакшы окуган балага акча төлөш керекпи?

China Daily гезити Кытайда жакшы окуган студентке акча төлөп берүү боюнча Уенцоу мектеби баштаган саамалыкты окурмандар арасында талкуулады. Чыгыш Кытайдын Шейцанг провинциясында жайгашкан бул мектеп мыкты окуган окуучуларына жалпысы сегиз миллион юан сыйлык сунуштаган. Кытайда айрым ата-энелер да баласынын мектептен же университеттен алган жакшы баасына акчалай сыйлык берген учурлар аз эмес. Буга карата дүйнөдөгү окурмандардын пикири ар башка болду. Маселен, Индиядан Маножиптал: “Акча балдан да таттуу, андыктан кычыраган банкнотторду көрсөтсө окуучу же студент ата-энесинин көзөмөлү жок эле аракет кылып баштаса керек”, - десе, финляндиялык Микса фин өкмөтү ар бир студентке айына баасына карабай эле 336 евро стипендия берип, акысыз турак жай менен камсыздап багып келе жатканын айткан. Кытайдан Рошел балдарга баа үчүн акча берүү туура эмес деген пикирде. Негизинен окурмандардын көбү акча төлөп жакшы натыйжа алуу туура эмес деген көз караштарын China Daily гезитине жиберишкен.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG