Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:02

Британия: нике менен мыйзамдын кармашы


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-20-август).

Британиянын "Economist" журналы өлкөдө мусулман никеси менен мыйзам кармашып жатканын кабарлайт.

"Бийлик Британ мусулмандарынын арасында шарият менен кыйылган никеге кантип кийлигише алат? Көзөмөлгө алынбаган нике жана ажырашуулардан келип чыккан көйгөй кайра эле британ бийлигинин баш оорусуна айланууда. Ислам жолу менен эч кандай расмийлештирбей эле нике кыйдыргандан кийин кокус ажырашып кетсе аял абдан оор кырдаалда калат.

Ажырашуу чечимин эркек гана кабыл алгандыктан, британ өкмөтү диний никеде тургандардын укугун коргой албай калууда. 31-июлда Жогорку сот адвокат Назрин Ахтер менен Мухаммед Шабаз Хандын ажырашуусун мыйзамдын алкагында талдады. 46 жаштагы жубайлар ондогон жылдар бою чогуу жашаганын британ соту жакын туугандарын, коңшуларын сурамжылап чыгып тактаган. Ошондон кийин сот аларды мыйзам алдында да никеси болгон деп тапты. Бирок бул бир гана учур, ажырашкандан кийин көп мусулман аялдардын укугу таптакыр корголбойт", - деп жазат "Economist".

Нарындан Памирге чейинки узак жол

"The Diplomat" журналы Нарындан Ооганстандын Вахан аймагына кайткан 18 этностук кыргыздын жашоосуна сереп салды. "2017-жылдын октябрынан тогуз ай өтпөй Кыргызстанга келген алты үй-бүлөнүн экөө Памирге кайтышты. Аларды Нарынга келгенде эл да, бийлик да шаан-шөкөт менен тосуп алган.

"Кайрылман" программасы боюнча чет элде жашаган 636 миң этностук кыргыздын 50 миңдейи Кыргызстандын атуулдугун алды", - деген басылма Нарынга келген памирликтер алгачкы эки айда жаңы жерге үйрөнүү менен алек болсо, андан кийин жумуш жок, жашай турган жайлары бүдөмүк болуп, кайра Ваханга кайтуу чечимин кабыл алышканын айтышкан.

13-октябрь, 2017-жыл. Памирлик кыргыздарды тосуп алуу. Нарын шаары.
13-октябрь, 2017-жыл. Памирлик кыргыздарды тосуп алуу. Нарын шаары.

​2-июлда алар Памирге сапар алышып, бир нече аптадан соң мурдагы жашоосуна кайтышты. Өкмөт жер бербеди деген дооматтарга кыргыз бийлигинин өкүлү, Миграция кызматынын бөлүм башчысы Жыпар Мамбетова "мурда-кийин мындай макулдашуу болгон эмес, алардын балдарын эле окутканы алып келгенбиз", - деген жооп кайтарды.

"Бийликтин Памир кыргыздарына карата алгач меймандостук, андан кийин кош көңүл мамилеси идеология менен реалдуу жашоонун кагылышын элестетип, этностук диаспораларды колдоого бюрократия менен мамлекеттин алсыздыгы тоскоол болорун айгинеледи", - деп баяндайт макаланын автору Коллин Вуд.

"Кытай мусулман азчылыгын орой башкарууда"

"Washington Post" гезитинин талдоочусу Ишан Зарур Кытай бийлигинин Шиңжаңдагы иш-аракеттерин сындаган макала жарыялады.

"Борбор Азия жана Пакистан менен чектеш жайгашкан Шиңжаңга чет элдик журналисттер кирип, бейтарап макала даярдоо мүмкүн эмес. БУУнун Женевадагы адам укугун коргогон эксперттери аймакта 2 миллиондой адам мажбурлап кайра тарбиялоочу лагерлерине кармалып жатканын билдирди. Мусулман уйгурлар, казактар жана кыргыздар Бээжиндин "кайра окутуусуна" кабылышты. Кытай бийлиги Шиңжаңды "мамлекеттүүлүккө шек келтирчү душман" катары көрүп келет.

Кытайдагы уйгурлар кечки тамакка даярданууда.
Кытайдагы уйгурлар кечки тамакка даярданууда.

Кытайдын расмий делегациясынын жетекчиси Ху Лианхе Женевада муну кескин четке кагып: "1 миллиондой уйгур лагерде кармалганы жалган. Этностук азчылыктарга карата эч кандай зомбулук катталган жок", - деди.

Шиңжаң Кытайдын географиялык толтосу болбосо да түрк тилдүү тарыхы, Жибек Жолундагы кербен сыябаны, ошондой эле байыркы цивилизациянын мураскерлери катары өзгөчөлүккө ээ.

"New York Times" гезитине Берлиндеги Европа маданияты жана теологиясы мектебинин окумуштуусу Адриан Ценз аймакта гуманитардык көйгөй бар экенин, калкты кайра окутуу алардын улуттук өзгөчөлүгүнө шек келтирип, ич ара араздашуусуна жол ачарын эскерткен", - деп жазды Ишан Зарур.

Вебкам тыйылбай жатат

Кыргызстандын тартип сакчылары акыркы мезгилде күчөп жаткан вебкам-сойкулукту тыйганга алы жетпей жатканын "Eurasinet" басылмасы кабарлайт.

"Интернеттеги сойкулукту токтотууга кыргыз милициясынын мыйзам менен каралган ыйгарым укуктары жок. Бишкекте өткөн ички иштер кызматкерлеринин кеңешмесинде криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Азамат Жаналиев "онлайн секс кызматын көрсөткөндөрдү токтотуу мүмкүн эмес" деди. Анын айтымында, вебкам-сойкулар адатта короосу катуу кайтарылган, камера коюлган кымбат хансарайларды байырлашат.

Вебкам-сойкулук Азияда жаңылык болбогону менен Кыргызстан үчүн адаттан тыш көрүнүш. Камеранын ары жагындагы жылаңач кыздар коомдо бир топ талкууну жаратууда. Мурда "Кырк чоро" деп аталган жигиттердин тобу караоке клубдарын кыдырып, сойкулук менен алектенген кыздарды тыюуга аракет кылчу. Онлайн төшөк бизнесине аралашкан айрым кыздарды дал ушул жигиттер социалдык тармактарга шардана кылып жазып чыгарууда", - деп жазат автор.

Кыргызстанда сойкулукту тыйган мыйзамдар жок болсо да милиция маал-маалы менен рейд жүргүзүп турарын кошумчалайт "Eurasinet".

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денесин сатып акча тапкандарга каршы мыйзам жок. 260-берене ("Сойкулук кылууга тартуу"), 261-берене ("Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") боюнча айыпталгандар беш жылга чейин камалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG