Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Назарбаевден кийинки Казакстандын элеси


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-8-октябрь).

АКШда чыккан "National Interest" журналы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликти башка бирөөгө өткөрүп берүүгө даяр эмес экенин, ошентсе да өзүнөн кийинки президенттин тизгинин тартчу мыйзамдарды даярдап жатканын жазды.

"Казакстанда саясий талаштын оту тутанса, АКШнын да башы оорусу башталат. Себеби Вашингтон Ооганстанга кетчү жүктү бул өлкө аркылуу өткөрүп, АКШ казакстандык мунай секторуна миллиарддаган доллар инвестиция салууда", - деп жазды макаланын автору, АКШ Конгрессинин изилдөө кызматынын өкүлү Уил Макки.

Анын оюнда, Казакстан эгемендикти алгандан бери стабилдүү жашап жатат. "Бирок бул "жумшак авторитардык режим" бүткөндө өлкөдөгү өзгөрүүлөр Өзбекстандагыдай болушу мүмкүнбү?" деп собол таштайт автор.

Назарбаев бийлигин кимге өткөрүп берери азырынча белгисиз. Үй-бүлөсүнөн бирөө мураскер болору да анык эмес. Ал бийлик алмашууну алдын алып, кош стратегияны ишке ашырууда. Маселен, аткаруучу бийликтин колундагы ыйгарым укуктарын азайтуу менен өлкө байларын мамлекетке инвестиция жасоого мажбурлап, саясий тең салмактуулукту сактап турат.

"Өзбекстандагыдай президент өлгөндөн кийин өкмөт башчынын тактыга отуруусун Казакстанда элестетүү азырынча кыйын. Анткени Назарбаев өмүрүнүн аягына чейин эл башында туруп, учурда өзүнөн кийин бийликке келчү лидердин мүмкүнчүлүктөрүн азайта турган мыйзамдарды биринин артынан бирин кабыл алууда" деп жазды автор.

Азербайжан: баркы кеткен тил

Азербайжанда жаңы окуу жылынан тарта орус тилдүү мектеп жана класстардын саны азайып, бул тилде билим алган окуучулар кыйынчылыкка кабылганын "Eurasinet" басылмасы жазды.

Өлкөдө 340 орто жана башталгыч мектеп орус тилинде билим берет. Мектеп жашындагылардын 10 пайызы орус тилинде окуйт. Бирок бир топ аймактарда орус тилдүү класстар ачылбай, азербайжан тилин билбеген, ата-энеси орус же лезгин улутундагы жеткинчектер кыйналууда. Бул кырдаал орус тилдүү коомчулукта кооптонууну жаратып, социалдык медиада кызуу талкууланды.

Азербайжандагы айылдык китепкана
Азербайжандагы айылдык китепкана

Айрымдар "Советтер Союзу чейрек кылымдан бери жок, ошондуктан орус тилинде билим берүүнүн зарылчылыгы да жок" деп чыгышты.

Азербайжандын Билим берүү министрлиги кыскартуулар боюнча расмий билдирүү жасаган жок. Ал тургай парламент мүчөсү Камила Алиева орус тилинде окугусу келгендер кошумча акы төлөсө болмок деп айтып, коомчулуктун сынына кабылды. 1989-жылы Азербайжанда 390 миңден ашуун этникалык орус жашаса, 2009-жылы алардын саны 129 миң болгон.

Азербайжандыктардын 34 пайызы орусча эркин сүйлөйт, алар орус тилинде билим берүүнү сапаттуу деп эсептешет. Ошентсе да орус тилинде билим берүүнүн сапаты барган сайын начарлап жатканын социолог Сергей Румянцев белгиледи. Ошондой эле өлкөдө орус тилдүү окуу китептери менен камсыз болуу да жогорку деңгээлде чечилген эмес.

Өзбекстан: бийликтин салттуу исламга мамилеси

"The Diplomat" журналы Өзбекстанда эл менен бийликтин ислам динине карата мамилесин талдаган. Өзбектердин басымдуу бөлүгү өзүн кылымдардан бери эле мусулман деп эсептеп келишкен. 1990-жылы эгемендикке жеткенден кийин Ислам Каримовдун бийлиги динди ар дайым ооздуктап келди.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин исламды кармангандарга эркиндик берүүнү чечти. Мечиттерде үн күчөткүчтөр менен азан айтууга уруксат берилип, Каримовдун бийлиги камаган диний кыймылдардын ондогон өкүлдөрү эркиндикке чыкты.

Бухарадагы имамдарды окутуу
Бухарадагы имамдарды окутуу

Анткен менен август айынан тарта билим берүү тармагында салттуу исламды тутунгандар кайрадан катуу көзөмөлгө алынганы социалдык медиада талкууланып жатат. Себеби мектептер менен окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салынды. Бийлик салттуу ислам менен секулярдык исламдын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатканы турган иш. Себеби бийлик консервативдүү исламчылардын идеялары өлкөдө туруксуздукту пайда кылчу кырдаалды жаратат" деп кооптонууда.

"Айрым диний активист аялдардын камакка алынуусу, аша чапкан имамдардын иштен айдалуусу "жаңы" Өзбекстандын исламга карата шексинген көзөмөлчүл мамилесин көрсөтүп жатат" деп жазды басылма.

Ала-Тоонун каакымы экологияны сактайт

"Wall Street Journal" басылмасы Нидерланд университетинин каакымга байланыштуу Евробиримдик каржылаган илимий долбоору тууралуу кызыктуу макала жарыялады.

Окумуштуулар Түштүк-Чыгыш Азияда өскөн каакымдын тамыры каучук же желимдин ордун баса аларын аныкташкан. Каучуктун ордуна каакымдын тамырынан жасалган жаңы желимдин түрүн колдонсо болот. Бирок АКШ же Европада өскөн каакымдардан желим материал жасоо мүмкүн эмес.

Кыргызстандын жана Казакстандын гана каакымдарынан желим чыгарын Чехиянын Илимдер академиясынын адиси Ян Киршнер аныктады. АКШдагы Огайо университетинин агроному Жон Кардина каакымдын уругун Ала-Тоодон башка жакка сээп, массалык түрдө көбөйтүү керек экенин билдирди.

Батышта каакымды азыркыга чейин отоо чөп катары көрүп, аны жок кылууга бир топ аракеттер жумшалып келген. Эми Батыш окумуштуулары Ала-Тоонун каакымын көбөйтүүнүн жолун издөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG