Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Канада 1 миллион мигрантка эшик ачат


Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо.
Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-14-январь).

2018-жылдын этегинде Канаданын бийлик өкүлдөрү алдыдагы 3 жылда өлкөгө бир миллион чет элдик жаранды киргизүү тууралуу чечим кабыл алганын «Business Insider» журналы кабарлады.

Канададагы татарлардын "Сабантуй" майрамы.
Канададагы татарлардын "Сабантуй" майрамы.

2019-жылдан 2021-жылга чейин Канадага барган 1 миллион 80 миң мигрантка туруктуу жашоого расмий уруксат берилет. Бийлик өлкө экономикасын сырттан келген жумушчу күчү менен чыңдоону максат кылууда. Канада калкынын басымдуу бөлүгү улгайып кеткендиктен, өлкө жаш жумушчуларга муктаж. 1990-жылдан бери Канадага көчкөндөр 6 миллиондон ашкан. 2017-жылы бул мамлекет 286 миң мигрантка дарбазасын ачкан эле.

Мигранттарды кабыл алууда алардын билим деңгээлине, талантына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле кооптуу аймактардан, согуш майдандарынан качкандарга да өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү. Гуманитардык максатта 2017-жылы Канаданын бийлиги 44 миң качкынды кабыл алган. 2019-жылдан тартып жылына 64 500 качкынды киргизүү пландалууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин белдүү мүчөсү катары Канада «качкындарга мээримдүү, боорукер мамиле кылган дүйнөдөгү өлкөлөрдүн» биринчи сабында турат. Анткен менен БУУнун Качкындар агенттиги бул көйгөйдү чечүүдө Канаданын аткарган иши деңиздеги тамчыдай эле экенин белгилейт. Себеби 2017-жылы өз өлкөсүн аргасыз таштоого мажбур болгондордун саны 68 миллиондон ашып, алардын бир миллиондон ашууну былтыр качкынга айланышкан.

Жыйырма жылда кайсы кесип пайдалуу болот?

«World Economic Forum» басылмасы алдыдагы жыйырма жылда керек боло турган кесиптер тууралуу талдоо чыгарды. Бул убакытта адамзаттагы «кесип» түшүнүгү төңкөрүшкө учурай тургандыгы баяндалат.

«Азыр биз роботтордун доорунда жашап жатабыз. Акыл-эстүү машинелер аткарчу иштер эбегейсиз көбөйдү. 2018-жылы жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5,2 пайыз деп белгиленди. Бул соңку 38 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Ушул себептен улам келечекте суроо-талап жогору болчу жумуш орундарын талдадык. «Artificial Intelligence» же жасалма акыл жана роботтор заманы мындан ары да биз жасаган иштердин көбүн ала бермекчи. Анткен менен таптакыр иши жок калбайбыз.

Айрыкча таланттуу кесипкөйлөр баары бир керек болот. Тескерисинче, акылдуу, таланттуу кадрларга муктаждык мурдагыдан күчөйт. Аралыктан иштөө кадыресе көрүнүшкө айланат. Кеңсеге же завод-фабрикага барбай эле, үйүнөн иштегендер көбөйөт. 2027-жылга чейин штаттан тышкары иштегендер рекорддук чекке жетет. Технология тынымсыз өнүккөндүктөн, жаңы өнөрлөр талап кылынат. Ушундан улам билим алуунун жаңы жолдорун, тез арада өнөр үйрөнүүнү тандап алган дурус.

Азыркы билим берүү системасы таптакыр өзгөрүп, бала бакчадан эле баланы кесипке үйрөтүү башталышы керек. Мындан ары диплом эмес, адамдын жөндөмү жана таланты бааланган доор башталат. Мурункудай кеңседе отуруп иштөө эмес, ийкемдүү жумушчу сааттарды, шарттарды түзүү талап кылынат. Адамдарга эркиндик көбүрөк берилиши керек» деген ойдо автор Cтефан Казрел.

Азербайжанда кыз түйүлдүгүн бойдон алдырууга каршы иш-аракеттер башталды

«Eurasinet» онлайн басылмасы Азербайжандын элет жерлеринде өтө кеңири жайылган «тандап бойдон алдыруу» көрүнүшүн токтотуш үчүн билим берүүчү иш-чаралар башталганын маалымдады. Жогорку класстын окуучуларына жыныстык байланыш боюнча сабактар өтүлмөкчү. Бул саамалык - мурдагы советтик өлкөдөгү алгачкы кадамдардан.

«Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ өлкөдө эрте кош бойлуулук, үй-бүлөнү пландоо түшүнүгүнүн жоктугу жана кыз түйүлдүктөрүн бойдон алдыруу кеңири жайылгандыктан ушундай кадамга барууда» деп жазат журнал.

Лондондогу «Гигиена жана тропикалык медицина» мектеби 2005-2009-жылдар аралагында Азербайжанда кош бойлуулардын 10 пайызы кыз түйүлдүктү алдырганын аныктаган. 2017-жылы өспүрүмдөрдүн арасында аборт жасатуу да көп катталган. Расмий статистика 15-19 жаштагы 1 605 кыз бойдон алдырганын көрсөтүүдө.

Жаңы окуу программасына жыныстык жол менен жугуучу оорулар, өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун, аборттун оор кесепеттери тууралуу маалыматтар кирмекчи. Бирок коомдо бул сабакка каршы чыккандар көп. 2013-жылы Бакунун «тандап бойдон алдырууну» тыйган демилгеси калктын нааразычылыгынан улам токтоп калганы маалым.

Кытайдын «аяз баласы» жаңы үйлүү, жылуу мектептүү болду

Кытайда мектепке бараткан жолдо каш-кирпигине, чачына чейин тоңуп, титиреген тестиер бала тууралуу видео былтыр Интернет айдыңында кеңири тарап, түрдүү талкууларды жараткан. «Washington Post» гезити 8 жаштагы Яң Фумандын жашоосу бул видео чыккандан кийин кескин өзгөргөнүн жазат. Атасы алыста миграцияда жүргөн Фуман андан бери үйлүү болуп, суук мектебине жылуулук киргизилди.

Кытайдагы кыш.
Кытайдагы кыш.

Фуманга кайрымдуулук уюмдары кышкысын титиребесин деп 47 миң доллардай каражат чогултуп, мектебине жылуулук берчү мештер орнотулуп, жаңы китептерди алып беришти. Анткен менен азыр тогузга чыгып калган Фуманды дүйнө эми «аяз бала» катары эстеп калды. Фуман - Кытайда ата-энеси миграцияда жүргөн 61 миллион баланын бирөө эле. Кытайда элеттеги жаштардын көбү ири шаарларга жумуш издеп кетип, балдарын туугандарына же интернаттарга таштайт. Дүркүрөп өскөн экономикасына карабай, азыр Кытайда 30 миллиондой киши жакырчылыктын жеткен чегинде турат. Алар тиричилигин жылына 360 доллардан ашпаган каражат менен өткөрүп келатышат. Бийлик 2020-жылга чейин жакырчылыкты таптакыр жок кылуунун аракетинде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG