Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Лондон "арам акчанын" жолун буугусу келет


Максим Бакиевдин Лондондун четиндеги үйү.
Максим Бакиевдин Лондондун четиндеги үйү.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-сентябрь).

"Financial Times" гезитинин кабарчылары Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү агенттиги байлыгы шек жараткан орусиялыктардын акчасын тыкыр иликтей баштаганын кабарлады.

Британ өкмөтү Лондон аркылуу бир жылда айланып жаткан 90 миллиард фунт өлчөмүндөгү "арам акчаны" "тазалоону" демилгелеген. "Агенттиктин жетекчиси Дональд Тун экономикалык кылмыштарды азайтуу үчүн орусиялык мигранттардын шектүү акчасын жана мүлкүн камакка алышарын айтты. Мындай шартта мүлктүн ээси сот аркылуу акчанын адал экенин аныктап бериши керек.

Ошондой эле агенттик жеке эле орусиялыктарды бутага албай, Лондонду байырлаган мурдагы СССРдин, Африка жана Азиянын "шектүү" капчыктууларын да иликтемей болду. Иш-чара комплекстүү негизде жасалып, кесипкөй адвокаттар, эсепчилер, каржы тармагын иликтеген мыкты аналитиктер тартылат. "Азырынча агенттик орусиялык үч байдын каражатын изилдөөгө расмий ордер алды" деп жазган гезит, бир жылдан кийин мындай ордерлердин саны көбөйөрүнө Дональд Тун ишенгенин да кошумчалады.

Кытай Африкадагы жемкорлорду багууда

"Foreign Policy" журналы Кытайдын Африка өлкөлөрүн өнүктүрүү үчүн берген каражатынын басымдуу бөлүгү жемкорлордун капчыгына кетип жатканын жазды. 1960-жылдардан бери Африка колонизаторлукка каршы саясатын жүргүзүп келет. Дал ушул күрөштү Кытай өз максатына пайдаланып, аймактын калкын карыз торуна чырмоо менен эгемендигин тушап келатат. Мисалы, Жибутинин тышкы карызынын 80 пайызы, Замбиянын карызынын 86 пайызы Кытайга болгондуктан, өлкөдөгү эң ири электр өндүрүүчү компанияны берүүгө мажбур болду.

АКШнын башкы казынасынын катчысы Стивен Мнучин менен Майк Помпео Кытайдын Африка менен Азиядагы "акча куралын" чектөө тууралуу катты 16-августта АКШ сенатына жолдошкон.

Бирок африкалык лидерлер Кытайды жоомарт өлкө катары көрүп, андан алган карызга жолун, ички инфраструктурасын эле оңдоп тим болбой, башкаруучуларын эбегейсиз байыткан коррупция да күч алды.

Си Цзинпин африкалык лидерлер менен
Си Цзинпин африкалык лидерлер менен

Акыркы 20 жылдын ичинде Африканын эң башкы каржы булагы жана экономикалык өнөктөшү Кытай болуп калды. 2016-жылы бул континент менен Кытайдын соода байланышы 128 миллиард доллар болгон. Дал ошол жылы Кытай Африкага 140 миллиард доллар карыз берген.

2006-жылдан 2015-жылга чейин Кытай-Африка кызматташтыгы аттуу уюмдан берилген гранттар 5 миллиард доллардан 60 миллиардга чыккан. Кытай ошондой эле Мозамбиктеги президенттин резиденциясын, Конгодогу парламенттин имаратын, Угандада жогорку кызматтагыларга резиденция сыяктуу курулуштарды ишке ашыруу менен Африканын төбөлдөрүн "колго алып" койгонун баяндайт басылма.

Кыргызстандан космоско учууга болобу?

"The Diplomat" журналы кыргызстандык өспүрүм кыздардын микроспутник жасаганын, Бутан, Гана, Монголия, Бангладеш, Эстония жана Латвия сыяктуу эле Кыргызстан да жылдыздарга умтулганын баяндайт.

"Кюбсатс" деп аталган, өлчөмү 10 сантиметрден ашпаган спутникти алгач Бутан космоско жиберди. Эми аны кыргызстандык өспүрүм кыздар жасоого аракеттенишүүдө. 2018-жылдын март айынан бери кыздар программалоо, үч өлчөмдүү принтер менен спутниктин тетиктерин чыгаруунун үстүндө экенин "Клоп" интернет басылмасынын негиздөөчүсү Бектур Искендер билдирди.

"Кыргызстанда кыздарды басмырлоо аябай күч алган. Кыздарды үй кызматкери катары көргөндөн тажадык. Ушундан улам бул долбоорду баштадык", - дейт Искендер.

Жайкы эс алууга карабай, кыздар тынымсыз иштешип, спутникти куруп чыгуу менен катар программалоо сыяктуу өнөрлөргө да ээ болушту. Эми аны космоско чыгаруу 100 миң долларды талап кылат.

Июндан бери аталган долбоор 3400 доллар каражатты топтоп, керектүү шаймандарды алышкан. Азырынча Кыргызстандын космос программасы жеке демилге бойдон калууда. Кыргыз бийлиги же эл аралык коомчулук аны каржылаган жок. Ал тургай демилгечилер да бийлик өкүлдөрү менен такыр байланышкан жок деп жазат "The Diplomat".

Кылым жашаган аялдар

"Washington Post" гезити Жапония дүйнөдөгү эң узак жашаган адамдары менен рекорд койгонун, жашы жүздөн ашкандардын көпчүлүгү аялдар экенин маалымдайт. Июль айында жапон бийлиги өлкөдөгү эң картаң адам деп 117 жашта көз жумган Чио Миякону атады. Андан кийинки орунда 115 жаштагы Кейн Танака турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдагы эсеби боюнча, 69 785 адам жүздөн ашкан. Алардын 88 пайызы аялдар. 1965-жылы 2 миң гана жапониялык жүзгө чыккан эле.

Кылым жашагандар көбөйгөндөн улам бийлик Карыларды сыйлоо күнүн да жарыялады. Жүзгө чыккандар бул күнү өкмөт башчы Синзо Абеден куттуктоо катын алышат. Жалпысынан Жапониянын эли барган сайын картаюуда. Азыр бул өлкөдөгү орточо жаш 47 деп табылды. Жапониянын Калк жана социалдык коопсуздук боюнча улуттук институту алдыдагы он жылда жүздөн ашкандардын саны 170 миңге чыгарын маалымдады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG