Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Сирия боюнча дүйнөлүк прессадагы талкуу


Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон парламентте Сирия боюнча талкууда сүйлөп жатат, 29-август, 2013
Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон парламентте Сирия боюнча талкууда сүйлөп жатат, 29-август, 2013

Сирияда өткөн аптада химиялык курал колдонулганы жөнүндөгү айыптоолордон кийин дүйнөлүк лидерлер ортосунда бул өлкөгө сырттан чабуул коюу мүмкүндүгү кызуу талкууланып жатат. Дүйнөлүк басылмаларда бул тууралуу айрым ойлорго токтолобуз.

Британиядагы The Guardian басылмасы Сириянын өкмөтүнө каршы биргелешкен чабуул планы “Британиядагы саясий талаш-тартыштардын айынан токтоп калышы мүмкүн” деп жазды.

Басылманын жазышынча, "Сирияга сырттан чабуул коюуга Британия катышпашы керек деген парламенттеги катуу каршылык аскерий чараны кийинки аптага чейин токтотуп коюшу мүмкүн". Анткени “Британия аскерий кийлигишүүгө катышпай койсо, Вашингтондун Дамаскиге чабуулу жалпы колдоого алынууда деген ойго сокку болмок”.

Франциядагы Le Monde гезити Сириядагы “Американын парадоксу” деген макаласын басты. Анда айтылгандарга караганда, АКШнын Сирияга чабуул коюшу Жакынкы Чыгышта Американы көптөн бери мокочо кылып көрсөтүп келаткандарга жагат, анткени алар “АКШны кайрадан араптардын тагдырын чечкенге аракет кылып жатат” деп айыптай башташат. Ошол эле маалда, басылма Вашингтондун бул регионго чыныгы таасири бир аз көбүртүлгөн деп эсептейт.

Сауд Арапстандагы Abha Al-Watan онлайн басылмасы болсо редакциялык макаласында Сирия эми Батыштын чабуулунан качып кутула албайт деп жазды. Анын журналисттеринин ишениминде, аскерий чабуул кыска болот, конфликтти бирок чечпейт. Макаланын авторлору АКШдагы жана анын союздаштарындагы саясатчылар азыр чабул темасын Сирияга чындап жардам берүү максатында көтөрүп жатышкан жок, алар муну өз өлкөлөрүндөгү жеке рейтинги үчүн гана жасашууда деп билишет.

Ирандагы консервативдүү Kayhan күндөлүк басылмасынын негизги бетиндеги макаланын негизги мазмуну - “Сирияга аскерий чабуул сөзсүз Америкага залакасын тийгизет”. Макаланын автору Хоссеин Шариатмадари Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге шилтеме жасап, “АКШнын Сирияга чабуул коюшу президент Башар ал-Асаддын режиминин тартипке чакырган чараларына дуушар болот” деп жазды.

Иранда июлдагы шайлоодо бийликке келген жаңы президент Хассан Роухани Батыш менен эми кызматташуунун башка форматына өтөөрүн, мамилени оңдогонго аракет кылаарын билдиргенден кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилесинде өзгөрүү пайда болот го деген үмүт жаралган. “Бирок непада Америка Сириядагы жагдайга кийлигишсе, анда Дамаскинин негизги регионалдык союздашы Иран буга нааразы болуп, кайрадан мамиле бузулат”, - дейт Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун директору Патрик Клоусон.

"Аскерий кийлигишүү Сириядагы кырдаал боюнча АКШ менен Ирандын ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды кайра курчутушу ыктымал. Бул АКШ менен Ирандын ортосунда ядролук программага байланышкан проблемаларды көтөрбөөгө караганда, болуш ыктымалдыгы көбүрөөк нерсе", - деди Клоусон.

Kayhan гезити Сирияга чабуул боло турган болсо, кийин Сириянын армиясы Сауд Арапстан менен Түркияны, Иордания менен Катарды жана Израилди бул үчүн жазасыз калтырбайт деп ишенет.

Ирандын байистүү Etemad басылмасынын бейшембидеги санынын башкы бетинде көпчүлүк орун “Согуштун коркунучтуу коңгуроосу” деген макалага берилген. Анда айтылгандарга караганда, Батыш азыр Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен уруксат күтүп отурбай эле Сирияга сокку урганга шымаланып турат жана “бүтүн дүйнө азыр АКШ менен анын союздаштарынын Сирияга соккусун жүрөкзаада болуп күтүп турган чагы”. Гезит “Сирияга чабуул бүтүн регионду дүрбөлөңгө салып, абалды курчутат” деген аналитиктин пикирин да баскан.

Москвадагы “Российская газета” мамлекеттик басылмасы болсо АКШнын президенти Барак Обаманын Сирия боюнча саясаты жөнүндө “Нерви чыдабадыбы?” деген макаланы басты. Автор Владислав Воробьев президентти Ак Үйдүн чарба иштери менен 35 жыл алектенген кара тектүү жөнөкөй кызматкер жөнүндө фильмди көрүп ыйлаганына токтолот.

“Бүтүн аалам азыр Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Барак Обама Американын аскерий бүт күчүн Сирияга качан таштайт экен деп калтырап күтүп отурган чакта, АКШнын президенти ыйлап жүрөт. Анын пиарчылары азыркыдай оор эл аралык кырдаалда Ак Үйдүн ээсин бир аз адамгерчиликтүү кылып көрсөтүүгө аракет кылышканында шек жок. Бирок Обаманын көз жашы баары бир көпчүлүктү башка ойлорго түртүп жатат”, - деп жазат Воробьев.

Өз макаласын ал: “Чындап эле Обама тарыхта Үчүнчү Дүйнөлүк согушту көз жаш менен баштаган америкалык президент катары калабы?” деген суроо менен жыйынтыктайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG