Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Казандагы мечит ФСБга моюн толгоду


Кул-Шариф мечити. Казан.
Кул-Шариф мечити. Казан.

Татарстандын баш калаасындагы «Миргазиян» мечитинин имамдары менен сыйынуучулары ФСБнын видеокамераларын орнотууга көнбөй келет.

Орусиянын коопсуздук кызматы Татарстандын мечиттерине видеокамераларды орнотууну көздөп жатканы өткөн айда маалым болгон.

Жергиликтүү «Таттелеком» компаниясы бийликтин тапшырмасы боюнча Казандагы мечиттерге видеокамера орнотууга муфтий Камил Самигулинден жардам сураган. Расмий кат ачык жарыяланган.

Казан шаарындагы «Миргазиян» мечитинин имамы Абдуррауф Забиров 2-июлда «Таттелеком» компаниясынын кызматкерлери менен жолуккан. Анда Федералдык коопсуздук кызматы Ички иштер министрлигинин тапшырмасы менен аталган мечитке үч видеокамера орнотуларын түшүндүргөн. Имам ошондо эле бул Орусиянын мыйзамдарына каршы келерин айтып, каршылык билдирген.

«“Мага ФСБ менен Ички иштер министрлиги буйрук бере албайт. Мен өзүмдүн жетекчилигиме баш ийем. Бул - Татарстандагы мусулмандардын Дин башкармалыгы, муфтий Камил-хазрат. Андан сырткары бул аймакта Конституциянын гаранты бар. Ал — Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов. Мына ошолордун кагазы менен гана уруксат бере алам” деп жооп бердим», деген анда Забиров.

Мечитте азыр эки жыл мурда орнотулган видеокамералар турат. Аны коопсуздук үчүн битир-садака салынуучу кутучага уурулар кол салгандан кийин өздөрү коюп алышкан. Мечит керектүү маалда укук коргоо органдарына бул видеолорду берип турууга даяр, бирок күнү-түнү тыштан байкоо салууга каршы.

Татарстандагы Аксакалдар кеңешинин төрагасы Рауф Ибрагим эми Казандагы мечиттерге видеокөзөмөл Дин башкармалыгынын сунушу боюнча орнотулууда деген түшүндүрмөлөр айтыла баштаганын белгилейт. Мындан улам алар муфтий Камил Самигулинге да кайрылуу даярдап коюшкан.

«Сиз уруксат берсеңиз, сырттан аңдуу жөнүндө кабар шариятта көрсөтүлгөн кызматтарга муктаж болуп мечитке келгендерге тескери таасирин тийгизет. Буга катышпооңузду өтүнөбүз», деп жазылган аксакалдардын муфтийге кайрылуусунда.

Анткен менен «Миргазиян» мечити азыр Казанда бийликтин саясатына каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз мечит.

Татарлардын жалпы коомдук борборунун жетекчиси Фарит Закиев калган мечиттер муфтияттын чечимин күтүп жатканын айтты.

«Адамдар аларга мынчалык ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканына ыза болушат. Бул Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарды бузуу. Ар кимдин жеке жашоого укугу бар. Бул аябай сезимтал чөйрө, ага ажыдаар ыкмасы менен кирүүгө болбойт. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо ниеттери түз эле, бирок, мындай катаал чаралардын кереги жок. Алар мечитке келбей коюшат», - дейт Закиев.

Ал атайын кызматтын видеокамераларына каршыларга өз укуктарын коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрылуусун сунуштайт.

Казандагы «Миргазиян» мечити мурун «Аль-Ихлас» деп аталган. Аны 2004-жылы негиздеген имам Миргазиян Салаватов эки жылдан кийин каза болуп, андан соң жаңы курулган мечитке аты берилген.

Татарстанда бул мечит мурдатан эле белгилүү. 2012-жылы Федералдык коопсуздук кызматы тинтүү жүргүзүп, муфтий Илдус Файзовдун өмүрүнө кол салуу боюнча мечитке келип жүргөн бир нече адамды камакка алып, кийин коё берген.

Анда да мечиттин жетекчилиги менен адамдар коомдук иш-чараларды уюштуруп, каршылык акциясына чыгышкан. Мечит Диний башкармалыктын кароосуна өткөрүлгөнгө чейин укук коргоо органдары тарабынан жабылып да турган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG