Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:37

ФСБнын көзү Казандагы мечитте


Татарстандын президенти Рустам Минниханов мечитте намаз окуп жатат. 4-июнь, 2019-жыл.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы же ФСБ Татарстандын мечиттерине видеокамераларды орнотууну көздөп жатат. Казандагы мечиттердин жетекчилери муну Шинжаңдагы мусулмандар кабылган кырдаалга салыштырышты.

«Таттелеком» компаниясы Татарстандын муфтийи Камил Самигулинге кат жолдоп, бийликтин тапшырмасына ылайык, Казан шаарынын мечиттерине камера орнотууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү өтүнгөн.

Казандагы «Миргазиян» мечитинин имамы Абдуррауф Забиров бул маалыматты ырастады. Ага "Таттелекомдон" чалышып, Орусиянын ФСБсы жана Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча кошумча үч видеокамера орнотуу каралып жатканын айтышкан.

"Мен “Мага ФСБ менен Ички иштер министрлиги буйрук бере албайт. Мен өзүмдүн жетекчилигиме баш ием. Бул - Татарстандагы мусулмандардын Дин башкармалыгы, муфтий Камиль-хазрат. Андан сырткары бул аймакта Конституциянын гаранты бар. Ал - Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов. Мына ошолордун кагазы менен гана уруксат бере алам деп жооп бердим".

Забиров кийинчерээк ишкананын өкүлдөрү менен жолуккан. Алар кошумча үч камера мечиттин жалпы системасына кирбей турганын, алар аркылуу ФСБ 24 саат бою имараттын ичи-сыртында эмне болуп жатканына түз байкоо салып турарын түшүндүрүшкөн.

Имам бул Орусия Федерациясынын мыйзамдарына каршы келерин жүйө кылып, каршылык билдирген. Ал бийликтин бул кадамын Кытайдын Шинжаң автономдуу районундагы абал менен салыштырат.

"Тилекке каршы, бул Кытайдагы абалды эске салууда. Айрым диний ишмерлер бул тууралуу өз ойлорун билдирип, Кытайдагы уйгурларга болгон куугунтуктай сезилип жатканын айтышты".

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Нафигулла Аширов бул маалыматтан кабары жок экенин билдирсе, Татарстандын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Рауф Ибрагим сунушту сынга алды.

"Мен муну Конститутцияга каршы келген кадам катары эсептейм. Акасалдарды мазактоо катары кабыл алдым. Биз мындай мамилеге татыктуу эмеспиз".

"Азаттыктын" "Idel.Реалии" кызматы Татарстандын бийлигине кат жөнөтүшкөнү менен жооп алышкан жок.

2018-жылдын октябрь айында Татарстандын муфтийи Камил Самигуллин Кытайдагы мусулмандарга болушуп, Бээжиндин Шинжаңда жүргүзүп жаткан саясатын сынга алган.

Ал тапта Орусия менен Кытай жогорку технологиялар жана этноконфессиялык саясат тармагындагы кызматташтыгын өрчүтүп жатат. Тактап айтканда, кытайлык компаниялар адамдын жүзүн аныктай алган системаларды орнотуу боюнча өз тажрыйбасы мнен бөлүшүүдө. Буга чейин Мордовия жумуриятындагы негизинен татарлар отурукташкан Белозерье айылында 70тей видеокамера орнотулган.

Жашоочулары ашыкча динчил катары саналган бул айыл коопсуздук кызматтарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылы тараган.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Бээжин бул жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет. Укук коргоо уюмдары лагерлерде кармалган улуттук азчылыктардын саны миллионго жеткенин белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG