Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Орусия: "чыккынчы" эне шарттуу бошотулду


36 жаштагы Давыдова 21-январда үйүнөн камакка алынган эле. Анын жети баласы бар.
36 жаштагы Давыдова 21-январда үйүнөн камакка алынган эле. Анын жети баласы бар.

Орусияда Украинанын пайдасына чыккынчылык үчүн айыпталган жети баланын энеси түрмөдөн бошотулду.

Мындан дээрлик бир жыл мурда эле орус аскерлеринин кыймылы тууралуу украин элчилигине кабар бергендиги үчүн чыккынчы деп айыпталган орус аял Москвадагы түрмөдөн бошотулду.

Светлана Давыдованын адвокаты Сергей Бадамшин 3-февралда орус бийликтери Давыдованы Лефортово камак жайынан бошотууга макул болгондугун бышыктады.

Адвокаттын айтымында, Давыдова сот иши башталганга чейин Москвадан 240 чакырымдай батыштагы Вязьма шаарынан чыкпоого милдеттендирилди.

Сот иши качан болоору айтылган жок. 36 жаштагы Давыдова 21-январда үйүнөн камакка алынган эле. Сот ага башында 19-мартка чейин абакта калат деп өкүм кылган.

Эгер чыккынчылык күнөөсү боюнча соттолсо ал 20 жылга чейинки мөөнөткө кесилиши мүмкүн. Давыдованы алып кетишкенде анын жети баласы, анын ичинде эки айлык кызы күйөөсүнүн колунда калган.

Давыдова бошотулганга чейин колдоочулары президент Путинге аны кое берүүнү талап кылган петиция жолдошкон эле. Кабарларга караганда, петицияга 40 миңдей киши кол койду.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков петиция Кремлге келип түшкөнүн бышыктады. Песков анын тийиштүү процедуралар аркылуу каралаарын кошумчалады.

Давыдованын күйөөсү Анатолий Горлов анын аялы өткөн жазда үйүнүн жанындагы аскер базасы бош калганын, аскерлер Украинага жиберилген болушу мүмкүн экендигин айтып, Москвадагы украин элчилигине телефон чалгандыгын билдирген.

- Aл балким украин элчилигине чалсам, азыраак киши өлөт деп ойлогон болушу мүмкүн. Анын үстүнө Орусия эч ким менен согушкан жок деп айтып жатышат го. Айтор, анын жаман ою болгон деп ойлобойм,- деди Горлов.

Украин өкмөтү, Европа биримдиги, Кошмо Штаттары Москванын Чыгыш Украинадагы өзүн жактаган жикчилдерге аскер жана оор техника жибергендиги тууралуу айныксыз далилдер бар десе, Орусия бул согушка аралашкан жокпуз деп келатат.

Горлов буга чейин "Азаттыктын" орус кызматына 21-январь күнү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматтары үйүнө басып келип, документ, компьютерлерди тартып алгандыгын айткан. Анын сөзү боюнча, аялы Давыдова бул күнү эч кандай түшүндүрүүсүз кармалган. Бир нече күндөн кийин гана ага чыккынчылык боюнча кинелер коюлуп жаткандыгын айтышкан.

Бул окуя Украинада кызуу талаш-тартышка жем таштады. Айрымдар Давыдовага коюлган кинелерди Орусиянын аскерлери Чыгыш Украинада бар экендигин Москванын иш жүзүндө тааныгандыгынын далили катары мүнөздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG