Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Трамп Орусияга мамилеси катаал экенин айтты


Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Орусияга каршы анын Сириядагы аракеттеринен улам киргизилмекчи болгон санкциялар боюнча АКШнын президенти Дональд Трамп өзү түшүндүрмө берди. Ал андай санкция дал ушул тапта болбой турганын ишарат кылды. Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу өткөн ишембиде үч мамлекет Сирияга абадан сокку ургандан кийин сөз болгон. Ал эми буга түрткү берген, Дума шаарчасындагы химиялык чабуул катары сыпатталган окуяны иликтеш үчүн эл аралык эксперттер ал жерге эмгиче бара албай жатышат.

Сириядан улам Орусияга каршы киргизилмекчи болгон санкциялар тууралуу суроо Дональд Трампка ал жапон премьери Синдзо Абэ менен өткөргөн басма сөз жыйынында берилди. АКШнын президенти жаңы санкциялар Орусия “ошого абдан татыганда” болоорун айтып, төмөнкүлөргө көңүл бурду:

- Орусияга президент Дональд Трамптай катаалдыгын эч ким көргөзгөн жок. Бизде өтө олуттуу нерсе болду, ал жөнүндө бир аз эле айттык. Жакында, бир айча мурда Сирияда биздин аскерлер менен орусиялык аскерлердин ортосунда уруш болду. Өкүнүчтүүсү, ал урушта көп адамдар өлдү. Мен кылган нерселерге карабай, медиа да мени "катаалдыгын жетиштүү көргөзгөн жок" дей берет. Бул алардын көз карашы. Орусияга менден өткөн катаал эч ким болгон жок. Мындан тышкары биз Сирияга өтө таамай сокку да урдук.

Дональд Трамп 18-апрелдеги басма сөз жыйынында.
Дональд Трамп 18-апрелдеги басма сөз жыйынында.

Трамп Сирияда АКШ менен Орусиянын аскерлери кантип кагылышканын тактаган жок. Ал февралдагы окуяны эске алды окшойт.

7-февралда Сириянын Деир-аз-Зор провинциясында президент Башар Асад тараптагы согушкерлер АКШнын өнөктөшү болгон жергиликтүү күрттөрдүн турумуна кол салганда алар америкалык авиациянын соккусуна кабылган.

Ошол авиасоккуда өлгөн орусиялыктар “ЧВК Вагнера” деген компаниянын жалданма согушкерлери экени кийин медиада маалымдалган.

Президент Башар Асаддын режимин колдогону үчүн Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экендигин алгач АКШ, Британия, Франция Сириянын химиялык курал жайларына өткөн ишембиде ракеталык сокку урган соң АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Си-Би-Эс телеканалы менен болгон маегинде айткан. Бирок Ак үй элчинин билдирүүсүнөн четтеп, кошумча санкциялар каралып жатканын, чечим жакын арада кабыл алынаарын маалымдаган.

Ал эми “Вашингтон Пост” гезити менен "Рейтер" агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, санкция киргизүүнү президент Трамп өзү кийинкиге калтырып койгонун жазып чыгышкан. Орусия болсо АКШнын, Британиянын, Франциянын Сирияга сокку урушун “агрессия” катары айыптап, БУУнун Коопсуздук кеңешине резолюция сунуш кылган. Бирок ал өткөн эмес.

Үч өлкөнүн биргелешкен аскердик аракетине түрткү берген, Дума шаарчасындагы химиялык чабуул катары сыпатталган окуяны эл аралык деңгээлде иликтөө суроо алдында турат. Башкача айтканда, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун адистери ал шаарчага эмгиче кире албай жатышат.

БУУнун Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун эксперттерин алып жүргөн автоунаалары. Дамаск, 18-апрель, 2018-жыл.
БУУнун Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун эксперттерин алып жүргөн автоунаалары. Дамаск, 18-апрель, 2018-жыл.

Уюмдун башкы директору Ахмед Үзүмчү алардын өткөн дем алыш күндөрдөн бери Дамаскта жүргөн инспекторлору Думада коопсуздукка кепилдик берилип, текшерүүнү эч тоскоолдуксуз жүргүзө алганын айткан.

Улуттар Уюму болсо коопсуздук маселеси Сириянын жетекчилиги жана Орусиянын ал жактагы аскердик полициясы менен сүйлөшүлүп жатканын билдирүүдө.

Вашингтон инспекциянын кечеңдетилишин сынга алды.

- Биз Асаддын режими делегацияны токтотуп жатканын жакшы билебиз. Биз ошондой эле алар мурда химиялык курал колдонулгандан кийин иликтөөчү топ келгенге чейин анын далилдерин жок кылыш үчүн кандай аракеттенишкенин да жакшы билебиз, - деди АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

Дума шаарынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.
Дума шаарынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.

Батыш өлкөлөрүнүн, сириялык оппозициячыл активисттердин айтымында, 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газы бар бомба ташталганда, кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын арасында балдар да бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 киши "өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден" жабыр тарткан.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” катары мүнөздөп, "эч кандай химиялык чабуул болгон эмес" деп билдирип жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG