Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Германияда бир орундуу “жашыл” унаа чыкты


“Колибри” деген бул мобилдүү бир кишилик машинеге кызыгуу күч
“Колибри” деген бул мобилдүү бир кишилик машинеге кызыгуу күч

Жаңы технология жаатында бул жолу автомобил тармагына көз чаптырып көрөлү. Маалыматтарга ылайык, Германияда бир орундуу электр автоунаалар чыга баштады. Бул чакан, кара май талап кылбаган "жашыл" унаалар кызыгууларды жаратууда.

Мындан эки жыл мурун Германиянын Йена шаарында чогултулуп башталган бир орундуу чакан электр автоунаасы 2016-жылдан баштап сатыкка чыгат. “Колибри” деген бул мобилдүү бир кишилик машине чыга электе эле унаа сүйүүчүлөрдүн арасында кызыгуу жаратып, миңден ашуун киши акчасын алдын ала төлөп, бир канча эл аралык ортомчулар бул “жашыл” автомобилди алып сатканга камданууда.

2011-жылы Инновативдүү мобилдик автомобил (Innovative Mobile Automobile) деп аталган немис компаниясы чакан, экономдуу, чоң шаарда айдаганга ыңгайлуу жана жаратылыш менен “дос” болгон автоунаа жасап чыгуу долбоорун баштаган. Бир жыл өткөндөн кийин бул ишкана “Колибри” деп аталган автомобилдин прототибин көргөзмөгө чыгарган. Бул унааны ушул жылдан баштап алдын ала заказ кылса болот, ал эми эмки 2016-жылдан баштап “Колибри” сериялык сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Аталган компания долбоордун биринчи этабында изилдөө жүргүзүп, көпчүлүк адамдар шаарларда транспорт катары жеке унаасын айдайт, бирок машинелердин жарымынан көбүн бир эле адам колдонот, демек калган орундар бош эле жүрөт деген жыйынтыкка келген. Анан дагы шаарларда дайыма унаа токтотуучу жайлар көйгөй жаратып келгендиктен, ишкананын адистери азыркы унаалардан эки эсе кичине, бир орундуу жана электр тогу менен жүргөн "Колибринин" моделин иштеп чыгат.

Бул чакан темир тулпардын салмагы 440 кг., узуну 2,75 метр жана туурасы 1,18 метрди түзөт. Көлөмү кичине көрүнгөнү менен бул тулпарчанын ичинде айдоочунун ордун кошпогондо 180 килограмм кошумча жүк салуучу орун бар. Анан дагы бул машине эки эшиктүү жана алар чымчыктын канатындай асманды көздөй ачылат.

"Колибринин" литиум темир-фосфаттан турган электр батареясы бар. Бул өз кезегинде унааны саатына/120 км. ылдамдыкта айдоого мүмкүндүк берет. Бир аккумулятордун толук заряды менен чакан унаа 110 км. аралыкка чейин жүрсө болот жана ал 2,5 саатта кайра толукталып турат. Бир жаңы батареясы 220 000 км. жүргөнгө жарайт. Буга кошумча бул автонун тышкы рамасы да магнезиумдан жасалгандыктан бекем жана ал 2012-жылы Евростандарттагы унаа коопсуздугу сыноосунан ийгиликтүү өтүп, көлөмүнүн аздыгына карабастан оңой менен талкаланбай турган темирден жасалганын далилдеген.

Буга чейин башка үлгүдөгү мындай чакан “Рено Твизи” жана “Даймлер ЕД” сыяктуу унаалар сатыкка берилген. Бирок азырынча "Колибри" салмагы, бекемдиги жана ылдамдыгы жана башка бир канча көрсөткүчтөрү жагынан өзүнүн атаандаштарынан алдыда.

Бүгүнкү күндө 1500дей кардар алдын ала акчасын төлөп "Колибринин" сатыкка чыгышын күтүүдө жана 150дөй Европа, АКШ жана Бразилиялык ортомчулар бул унааны алып сатканга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Деген менен унаа эксперттеринин айтымында, “Колибри” бир орундуу болгондуктан көбүнчө көп калктуу шаарларда жана тез жардам, пицца жеткирүүгө окшогон тейлөө кызматын көргөзгөн ишканаларынын арасында популярдуу болушу мүмкүн. Бирок бул чакан унаа азырынча эки же төрт орундуу унааларга күчтүү атаандаш боло албайт.

Маалыматтарга ылайык “Колибринин” баасы 10.000 евронун тегерегинде болот.

XS
SM
MD
LG