Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Платини УЕФА төрагалыгынан кетет


Мишель Платини
Мишель Платини

9-майда Спорт Арбитраждык соту УЕФАнын төрагасы Мишел Платининин футбол менен алектенбөө тыюусун алты жылдан төрт жылга түшүрүп, айыппулдун көлөмүн да кыскартты. Платини ФИФАнын Этикалык кодексин бузган деп табылды. Мурдагы даңазалуу футболчу соттун бул чечиминен кийин кызматтан кетээрин билдирди.

Ошентип, УЕФАны 2007-жылдан бери жетектеп келаткан франциялык даңазалуу футболчу бир айдан кийин мекенинде башталып жаткан Европа биринчилигин салтанаттуу ачуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калды.

Арбитраждык сот Мишель Платининин апелляциялык арызын жарым-жартылай канааттандырууну чечти жана футболго аралашуу тыюусун алты жылдан төрт жылга кыскартып, 80 миң швейцар франкы түрүндөгү айыппулду 60 миңге түшүрүүнү чечти. Сот Платини артыкчылыктарды кабыл алуу менен ФИФАнын Этика кодексин бузду жана кызыкчылыктар кагылышына жол бергендиги үчүн айыптуу деп тапты. Арбитраждык соттун мүчөлөрү ФИФАнын буга чейинки тыюусу өтө катаң деп эсептеп, аны төрт жылга кыскартышты.

- Бул президенттик мөөнөткө туура келет, - деген Спорт Арбитраждык сотунун башкы катчысы Матье Рииб: - Тыюу өткөн жылдын октябрда киргизилген жана төрт жылга, башкача айтканда 2019-жылга дейре созулмакчы. Бул – Платини футболго байланышкан ишмердикке, улуттук же эл аралык деңгээлде болобу, аралаша албайт дегенди билдирет, - деп кошумчалады.

“Карьерасы аяктады. Бул катастрофа”, - деди Платининин жакын адамдарынын бири соттун чечими белгилүү болгондон кийин. Анын адвокаты билдиргендей, футбол ишмери уюмдун жакынкы конгрессинде кызматтан кетүү арызын тапшырмакчы.

Платини өзү болсо соттун чечимин “терең адилетсиздик” катары сыпаттады жана ФИФАнын 2019-жылдагы шайлоосунда президенттик үчүн ат салышууга жолу буулганын “бекер жеринен эмес” деп белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, ФИФАнын төрагалыгына шайлоодо фаворит катары каралып келген Платини февралда жарышка катышпасын айткандан кийин УЕФАнын баш катчысы Жанни Инфантинонун шайланышына жол ачылган.

Бул саясий жана укуктук талаш-тартыш сегиз айдан бери уланып келди. Өткөн жылдын сентябрында ФИФАнын баш кеңсеси жайгашкан Швейцариянын прокуратурасы дүйнөлүк футболдун ошол кездеги жетекчиси Йозеф Блаттер УЕФАнын төрагасы Платиниге 2011-жылы 2 миллион швейцар франкын же 1,8 миллион евро которгон деп, кылмыш ишин козгогон. Платини ал иш боюнча күбө катары өткөн. Экөө тең тергөө аяктамайынча кызматтарынан үч айга четтетилген.

Өткөн жылдын этегинде ФИФАнын этика боюнча комитети бул эки ишмерге сегиз жылга футболго аралашууга тыюу салган.

ФИФА Блаттер ал акча которуунун юридикалык негиздемесин жана мыйзамдуулугун далилдей алган эмес деп тапкан. Ооз эки макулдашуу жөнүндөгү жүйөлөрү болсо четке кагылган.

Блаттер ал төлөм 1999-2002-жылдарга, Платини ФИФА төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген кезге таандык экенин, бул айлык акы жөнүндө бир да келишимде жазылбаганын, бирок сөз жүзүндө сүйлөшүлгөнүн ырастап келди.

Үстүбүздөгү жылдын февралында ФИФАнын комиссиясы футболдон четтетүү жазасын эки жылга жеңилдеткен. Андан тышкары Блаттер 40 миң доллар, Платини 80 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Le Monde гезитинин жазганына караганда, экс-футболчунун жакындары бул иштин артында Платининин ФИФА төрагалыгына шайланышын алдын алууну көздөгөн айрым адамдар турат деп эсептешет.

Платини апелляция берип, бул чечимди талаша алат.

XS
SM
MD
LG