Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Египет футболдогу жеңилүүнү талкуулайт


Чечен президенти Рамзан Кадыров жана Египеттин курама командасынын оюнчусу Мохаммед Салах.
Чечен президенти Рамзан Кадыров жана Египеттин курама командасынын оюнчусу Мохаммед Салах.

Египет парламенти улуттук футбол командасынын дүйнө чемпионатындагы утулушун иликтейт. Мыйзам чыгаруучуларды бир катар суроолор, анын ичинде эмне себептен база катары Чеченстандын борбору Грозный тандалып алынганы кызыктырууда. Бир нече күн мурда кээ бир маалымат каражаттары Египет курамасынын чабуулчусу, белгилүү оюнчу Мохаммед Салах аны саясий максатта пайдаланышканын айтып, курамадан кетиши мүмкүн деп жазышкан.

Иликтөө жүргүзүү демилгесин парламенттин Жаштар жана спорт комитетинин төрагасы Фараж Амер менен бир нече депутат көтөрүштү.

Комиссия Египет Футбол федерациясынын мыйзамдарынын бузулушун жана ыктымал коррупцияны текшермекчи.

Комитет мындан тышкары команданын бардык беттешүүлөрдө утулуп, жакшы оюн көрсөтө албаганы үчүн башкы машыктыруучу Эктор Куперди, менеджерлерди жана жалпы футболчуларды күнөөлүү деп эсептейт. Бул маселе эмки дүйшөмбүдө талкууланат.

Мохаммед Салах.
Мохаммед Салах.

Курама командага жөнөкөй күйөрмандар да нааразы. Каирде жашаган ышкыбоз Махмуд Саттар Египеттин командасы күчтүү, рейтинги ошол эле Сауд Арабиядан алда канча өйдө, көптөгөн футболчулары Европанын алдыңкы клубдарында ойношот дейт:

- Социалдык тармактарда оюнчуларды сындаган, айыптаган комментарийлер байма-бай жазылууда. Команда өз миссиясына, турнирге олуттуу мамиле кылбагандай. Футболчулар да социалдык тармактарда алар жөнүндө эмне деп жазып, айтып жатканын окуп отурушат. Өтө профессионалдуу эмес мамиле.

Парламент жасаган билдирүүдө улуттук команданы чемпионат өтүп жаткан стадиондон 8 500 километр алыс Грозныйга жайгаштыруу чечими иликтенери айтылат.

"Башка араб өлкөлөрүнөн келген курамалар жакын жерлерге жайгашкан чакта египеттик футболчуларды ошончо саат жол жүргүзүп чарчатуунун канчалык кереги бар эле? Эмне себептен ушундай маанилүү беттеш алдында команданы алагды кылып артист, бизнесмендерге мейманканага кирүүгө, оюнчулар менен сүрөткө тартылууга уруксат берилген?", - деген суроолор кабыргасынан коюлган билдирүүдө.

Парламентарийлер ошондой эле федерация алдыңкы оюнчу Салахтын сүрөттөрүн уруксатсыз рекламага пайдаланганын сындашты.

Бир нече күн мурда "CNN" жана "Associated Press" агенттиги футболчуну Египеттин курамасынан кеткени жатат деген кабар тараткан. Бирок Египет футбол федерациясы бул маалыматты төгүндөгөн.

Египет курамасы Грозныйга келгендин эртеси Салахтын Ахмат-Аренада Чеченстан президенти Рамзан Кадыров жана парламент спикери Магомед Даудов менен түшкөн сүрөтүн дүйнөнүн бир катар маалымат каражаттары жарыялашкан. Бул эки жетекчинин дарегине адам укуктарын бузганы үчүн көптөгөн сындар айтылып келет.

Салах Египеттин командасынан чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:33 0:00

15-июнда Салахтын туулган күнүндө ага 100 килограммдык чоң торт менен алтын бутсаны тартуулашкан. Бир нече күндөн кийин Кадыров Египет курамасы үчүн президенттик сарайда кечки сый тамак уюштурган. Дал ошол кечеде Салахка “Чеченстандын ардактуу жараны” деген наам ыйгарылган.

"Associated Press" ошол окуя футболчуну иренжитип, аны “саясий символ” катары пайдаланууга нааразылыгын билдирди деп жазат. Англиянын "Ливерпуль" клубунда ойногон Салах “байистүү исламдын өкүлү” деген ролду аткарууга аракеттенет жана өз ысымынын футболдон башка контекстте аталышын каалабайт.

Салах болсо өз айланасындагы акыркы окуяларга комментарий берген жок.

- Египеттин футбол федерациясы аны өз максаты үчүн пайдаланды. Бул абдан өкүнүчтүү. Ошон үчүн жакшы оюн көргөзө алган жок. Федерация Кадыров чакырган кечеге бар деди, ал барды. Ушу тапта өзүн жоготуп койгондой. Курамада каларын же калбасын, эмне кыларын эч ким билбейт, - деди каирдик күйөрман Саттар.

Египет Уругвай, Орусия жана Сауд Арабияга утулуп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG