Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Суданда эл армияга каршы толкуду


Судандын борбору Хартумдагы акциялардын бири. 14-апрель, 2019-жыл.
Судандын борбору Хартумдагы акциялардын бири. 14-апрель, 2019-жыл.

Суданда он миңдеген киши армия жетекчилигинен бийликти жарандык өкмөткө токтоосуз өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Судандын башкалаасы Хартумдагы Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын алдына 18-апрелде он миңдеген демонстрант чогулду.

Алар аскердик кол башчылар тез арада бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп бериши керек деген талап менен чыгышкан. Ага чейин Судандын кесиптик кошуундар бирлиги армиянын өлкөнү башкаруусуна каршы "миллиондор маршына" чыгууга элди чакырган.

Демонстранттар "Эркиндик менен төңкөрүш - элдин тандоосу!", "Жарандык башкаруу!" деп кыйкырып турушат. Хартумда күн өтө ысык болгондуктан ыктыярчылар суу таратышууда. Алардын арасында жүргөн Фатманын айтымында, демонстрация өтүп жаткан жерде медицина кызматкерлери да иштеп жатат.

Судан. 11-апрель, 2019-жыл.
Судан. 11-апрель, 2019-жыл.


«Абанын температурасы 40-45 градуска чейин көтөрүлдү. Айрым адамдар чаңкап, ысыктан кыйналгандары да жок эмес. Мындай учурлар үчүн бизде клиникалар бар».

Дагы бир ыктыярчы Фейсал акциянын уланышы үчүн катышуучуларга суу таратуу зарыл экенин айтты.

"Бизде күн абдан ысык экенин билесиңер. Андыктан, акцияга чыккандарды колдоп, алардын бул жерге келишин камсыздашыбыз керек".

Суданда азык-түлүктүн кымбатташы, жумушсуздук жана репрессиянын күчөшүнө каршы бир нече айга созулган нааразылык акциялары 11-апрелде аскердик төңкөрүш менен аяктаган.

Өлкөнү 30 жыл башкарган президент, 75 жаштагы Омар ал-Башир кызматтан четтетилип, камакка алынган. Бийлик эки жылдык өткөөл мөөнөткө куралдуу күчтөрдүн колуна өтүп, Аскердик кеңеш түзүлгөн. 2005-жылы кабыл алынган Конституция күчүн жоготуп, үч айга өзгөчө абал жарыяланган.

Алгач өткөөл бийликтин башчылыгына Баширдин убагында вице-президент, коргоо министри болгон Авад ибн Ауф дайындалып, элдин нааразылыгынан кийин кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ушундан кийин бийлик башына генерал Абдел Фаттах Бурхан келип, башкарууну жарандык өкмөткө эки жыл аралыгында өткөрүүгө убада берген.

Бирок бийлик тизгинин аскер адамынын кармашына каршы чыккандардын акциялары токтой элек. Эл мурдагы режимдин адамдары дагы эле бийликте турат деп нааразы. Бейшембиде Аскердик кеңештин өкүлү Шамседдин Каббаши Синто тактан кулатылган президент Баширдин бир туугандары камакка алынганын билдирди:

"Баширдин эки бир тууганы, бизнесмендер Абдулла жана Аббас камакка алынды. Алар мурдагы бийликти тазалоонун алкагында кармалды. Башир жетектеген мурдагы башкаруучу партиянын күчтөрү армия менен полицияга өткөрүлдү".

Суданда каршылык акциясынын уюштуруучулары Аскердик кеңеш бийликти жарандык өкмөткө токтоосуз өткөрүп бербесе, нааразылык басылбай турганын эскертип келишет.

Алар олуттуу өзгөрүүлөрдү, оппозицияны куугунтуктоону токтотууну, мамлекетти жемкорлордон толук тазалап, Баширдин тушунда начарлап кеткен экономиканы өнүктүрүүнү талап кылышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG