Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Москвада


БУУ менен Араб Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан Москвада орус жетекчилиги менен жолугушту. Орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушууда Аннан анын миссиясы кан төгүүнү токтотууну көздөөрүн белгиледи.

БУУнун мурдагы баш катчысы, Сирия боюнча атайын чабарман Кофи Аннан жекшембиде Москвада орус президенти Дмитрий Медведев менен кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Медведев Аннандын арачылыгы менен кризисти жөнгө салуу аракеттери Дамаск өкмөтү үчүн узун жана кандуу жарандык согушту токтотуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп эскертти:

- Сирия үчүн бул – кандуу булоонду болтурбоо үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал. Ошондуктан биз бардык деңгээлде, ар кыл багыттарда болгон жардамыбызды берүүгө даярбыз.

Кофи Аннан Медведевдин билдирүүсүн кубаттап, миссиясынын негизги максаттарын белгиледи:

- Сиздердин колдооңузга жана кеңештериңерге буга чейинкидей эле таянабыз. Сириянын жаңжалга, салгылашууларга чекит коюу, гуманитардык кыйын абалга кептелген элге жардам жеткирүүгө уруксат берүү, тынчтык орнотуу үчүн саясий процессти баштоо багытында мен менен иштешүүгө мүмкүнчүлүгү бар туура айттыңыз.

Аннан Орусияга Сириядагы өкмөттүк армия менен оппозициялык күчтөрдүн куралдуу тирешүүсүнө чекит коюу үчүн ок атышууну токтоттуруу миссиясына колдоо табуу максаты менен барган.

БУУнун болжолдуу санактарына ылайык, бир жылдан бери уланып келаткан көтөрүлүштү басуу учурунда Сирияда 8 миңден ашуун киши набыт кетти.

Москвадан кийин чабарман Бээжинге аттанмакчы. Орусия менен Кытай Сирия президенти Башар Ассадга жакын өлкөлөр болуп саналат. Сирия орустардан миллиарддаган долларга курал-жарак сатып алган, эки өлкөнүн мамилелери СССР заманынан бери жакшы болуп келген.

Буга чейин Кытай менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңшинин Асад режимин айыптаган резолюциясына 2 ирет вето коюшкан. Араб лигасынын долбоору боюнча түзүлгөн документ Асадды кызматынан кетүүгө үндөйт.

Бирок он чакты күн мурун БУУнун Коопсуздук кеңеши Аннандын миссиясын колдогон жана кан төгүү токтобосо, дүйнөлүк державалар чара көрүшү мүмкүн деген резолюцияны кабыл алганда, Москва менен Бээжин ага колдоосун билдиришти.

Орусия Аннандын 6 пункттан турган тынчтык планын жигердүүлүк менен колдоду.

Бирок Москва ага диплломатиялык кеңири ролдун берилишин каалайт жана Жакынкы Чыгыштагы таасирин жоготкусу келбейт.

23-мартта Орусия жана Кытай БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сириялык өкмөттүк аскерлердин зордук-зомбулукту күчөтүп жатышын айыптаган резолюциясына каршы добуш беришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги резолюция долбоору калыс эмес, анда өкмөттүк армияга гана күнөө тагылып, оппозициялык топторго талап коюлбайт деп билдирди.

Ал тапта "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму Сирия өкмөтүн аскердик операцияларда карапайым элди калканч катары колдонгондугу үчүн айыптады. Уюмдун ырастоосунда, армия жана өкмөтчүл куралчан топтор Идлиб шаарында оппозициянын колундагы чөлкөмдөргө жакындаганда жайкын тургундарды күчтөп алдыга салган. "Хьюман Райтс Уотчтун" изилдөөчүсү Оле Солванг жасаган билдирүүдө калкты калкан катары колдонуу менен Сирия армиясы алардын коопсуздугуна кайдыгер экенин көрсөттү деп айтылат.

XS
SM
MD
LG