Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Үңкүрдөн куткарылган балдар үйүнө кайтты


Үңкүрдөн куткарылган өспүрүмдөр. Таиланд, 18-июль, 2018-жыл.
Үңкүрдөн куткарылган өспүрүмдөр. Таиланд, 18-июль, 2018-жыл.

Таиланддагы Тхам Луанг үңкүрүнөн куткарылган балдарга 18-июлда гана үйлөрүнө барууга уруксат берилди.

"Эки жумадан ашуун түпсүз караңгыда отурган өспүрүмдөрдү дароо элге аралаштырсак алда кандай болот" деп, дарыгер-психологдор бир жума сак-сактап отурушту.

Азыр куткарылган балдардын колу бошобой аткан учур. Туугандары менен жүз көрүшүп, айрымдары будда храмына табынууга барышты.

Куткарылгандардын бири Дуангпет Промтеп апасы менен.
Куткарылгандардын бири Дуангпет Промтеп апасы менен.

Балдар ооруканадан чыгарылып, коштошуу учуру өзгөчө сезимдерге бөлөдү. Үңкүрдөн түз эле алып келишкендиктен, алар куткаруучулардан кийин эле медицина кызматкерлеринин камкордугуна алынган.

Дарыгерлер бир нече күн текшерген соң "өспүрүмдөрдүн психикалык абалы дурус, демейдеги жашоого кайтуу үчүн күч-кубаты жетиштүү" деген тыянакка келишти. Ошондон соң гана балдарга басма сөз жыйынын өткөрүүгө уруксат берилип, анда да психолог адистердин тандоосунан өткөн суроолор узатылды.

Адул аттуу өспүрүм дайын-дареги табылган учурду мындайча эскерет:

- Майда таштар менен үңкүрдүн дубалын кырып жатканбыз. Добуш уккандай болдук. Машыктыруучубуз "тынчтанып, тыңшагыла" деди. Үн экенине ишене бербедик. Ошентсе да жымжырт боло түштүк. Чын эле адамдын үнү экен. Апкаарый түштүм. Чын эле күтүүсүз болчу. Машыктыруучу "тез кара, болбосо кетип калат" деп Микти жумшады. Кол чырак Микте болчу, ала калып жандырсам дайвердин башы суудан чыгып келатыптыр. “Кандайсың?” дейт. “Менде баары жайында” дедим.

23-июндагы саякат ашып барса бир саат созулмак. Бирок кара нөшөрдүн суусу жолдорду бөгөп, 12 өспүрүмдү жана аларды машыктырган жигитти үңкүрдүн тереңинде 17 күн бою камады.

"Кайтпай калабызбы деп чынында аябай коркуп отурдум" деп эскерет дагы бир өспүрүм.

Үңкүрдөгү камак балдардын ынтымагын бекемдеди.
Үңкүрдөгү камак балдардын ынтымагын бекемдеди.

Ал аралыкта балдар сталактиттерден сарыккан суу менен жан багышкан. Азыноолак азыгын машыктыруучу бөлүштүрүп берип, дүрбөлөңгө түшүрбөй кармап отурган. Футболчулардын устаты болгонго чейин 12 жылын буддисттердин кечилканасында өткөргөн Экапол Чантавоң балдардын ынтымагын да бекемдеген:

- Ким биринчи чыгары маанилүү эмес болчу. "Ким алыста жашаса, ошол биринчи чыксын" деп ойлодук. Үйүнө жеткиче велосипед тээп, башка балдардын ата-энелерине калганыбыз эртеси чыгарыбызды, тамак жасап күтүп турушу керек экенин айтмак.

Балдар Самарн Кунандын элесине ызаат көрсөтүп жатышат.
Балдар Самарн Кунандын элесине ызаат көрсөтүп жатышат.

Үңкүрдөн аман-эсен чыккан балдар аларды куткарыш үчүн курман болгон суучул Самарн Кунандын арбагына ыраазылык билдиришип, үй-бүлөсүнө көңүл айтканды унутушкан жок.

Алар эми кадыресе турмушка кайтып, акырындап футбол ойной башташат. 18-июлда гана үйлөрүнө жеткирилип, элге аралашууга уруксат берилди.

Балдар журналисттерге футболду унутпаганын далилдеп, азыраак топ тепкилешти.
Балдар журналисттерге футболду унутпаганын далилдеп, азыраак топ тепкилешти.

- Өтө кубанычтуу сезимде турам. Азыр алар менин үй-бүлөмдөй эле болуп калышты. Алар жоголгон биринчи күндөн тартып баарыбыз күтүп отурбадыкпы. Эми өтө, өтө, өтө бактылуумун, - деди журналистке көчөдөн жолуккан Чиангарай шаарынын тургундарынын бири.

Балдарды үңкүрдүн кууш, кыйма-чийме, суу толгон жолдору аркылуу алып чыгуу ишине бүт дүйнө көз салып турду. Куткарууга жалпысынан миңдей киши, анын ичинде жергиликтүү жана АКШ, Орусия, Украина, Британия, Авcтралия, Кытай, Жапония сыяктуу ондон ашык мамлекеттин куткаруучулары катышты. Бул дүйнөдөгү эң татаал, мурда болуп көрбөгөн тобокели күч операция болду.

Балдарды куткаруу учуру.
Балдарды куткаруу учуру.

Тхам Луанг үңкүрү Таиланддын түндүгүндөгү Чиангарай шаарынын жанында жайгашкан. Сентябрь, октябрга чейин созулчу жаан сезону учурунда үңкүр такай сууга толот. Сезон башталып калгандыктан "коркунуч дагы көбөйүп кеткиче чыгарып калалы" деген аракет мына ошондон болчу. Азыр Тхам Луангга саякаттоого тыюу салынып, үңкүр убактылуу жабылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG