Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Дүйнө тай балдарынын эркине тан берди


Куткаруу операциясы.
Куткаруу операциясы.

Таиланддын түндүгүндөгү Тхам Луанг үңкүрүндөгү 13 баланын акыркылары 10-июлда аман-эсен куткарылды.

23-июнда үңкүргө кирген бойдон чыкпай калган жергиликтүү футбол клубунун балдарын жана анын машыктыруучусун үңкүрдүн кууш, кыйма-чийме суу толгон жолдору аркылуу алып чыгуу ишине бүт дүйнө көз салып турду. Балдардын куткарылышы жергиликтүү жана чет элдик суучулдардын катышуусундагы эң татаал операция болуп калды.

Таиланд бийлиги баарына ыраазычылык билдирет

Суу толгон үңкүрдөгү балдардын акыркылары аман-эсен чыгарылганына баарынын - куткаруучулардын, балдардын классташтарынын, журналисттердин жана чет өлкөлүк жарандардын - кубанычында чек жок.

- Менин кубанычыма чек жок, сүйүнгөнүмдөн кыйкырып да жибердим. Мен досторумду көрүүнү, алар менен футбол ойноону чыдамсыздык менен күтүп жатам. Алардын өзүн, күлкүсүн сагындым, - деди балдардын классташы Сетават Боонсри.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча динине, расасына карабай, жардамга колун сунган бардык уюмдарга жана өлкөлөргө ыраазычылык билдирди:

Прают Чан-Оча.
Прают Чан-Оча.

- Таиланд өкмөтүнүн атынан куткаруу ишине катышкандардын бардыгына чечкиндүүлүгү жана тобокелге салганы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мейли, таиланддык же чет өлкөлүк болсун, өз тажрыйбасы, күчү, техникасы жана машинасы менен жардам көрсөткөн ар бир жарандык, ыктыярчы, медиа уюмга ыраазыбыз. Ошондой эле биз дүйнөдөгү бардык дос өлкөлөрдөн максатыбызга жетүүгө мүмкүнчүлүк берген моралдык колдоо көрүп жаттык.

Чыдамкай балдар

Таиланд өкмөтүнүн айтымында, балдардын акыркылары үңкүрдө 17 күн болушту. Алардын алгачкыларын алып чыгууну бийлик 8-июлда баштаган. Биринчи күнү төрт бала чыгарылса, 9-июлда дагы төртөө куткарылды. Ал эми калган төрт бала жана алардын машыктыруучусу 10-июлда чыгарылды.

Таиланддын Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү Тонг Гай кабарлагандай, өспүрүмдөр эки килограммга арыктап калышкан. Ным жерде отургандыктан айрымдарынын өпкөсү сезгенген. Бирок жалпысынан абалдары жакшы.

- Алардын психикалык абалы абдан жакшы. Бул, балким, алар чогуу болушкандан улам болсо керек. Мындан тышкары балдарга жакшы кам көргөнү үчүн алардын машыктыруучусуна өзгөчө алкыш айтабыз.

Куткаруу операциясы учурунда тартылган сүрөт.
Куткаруу операциясы учурунда тартылган сүрөт.

Таиланддын борбору Банкгоктун тургуну Виера Супилай үңкүрдө он жети күн, анын ичинде тогуз күн тышкы дүйнө менен кабарсыз жашаган балдардын чыдамкайлыгына ыраазы болду:

- Мен балдар менен сыймыктанам. Алар эр жүрөктүүлүгүн жана чыдамкайлыгын көрсөтүштү. Мен алардын башынан өткөргөндөрүнө өкүнбөшүн каалайт элем, анткени бул деген кырсык.

Бүт дүйнө таиланддык балдарга кол сунду

Балдарды куткаруу операциясына жалпысынан миңдей киши катышты. Анын 90го жакыны аскер жана жарандык багыттагы кесипкөй суучулдар болду. АКШ, Орусия, Украина, Британия, Авcтралия, Кытай, Жапония сыяктуу ондон ашык мамлекеттин куткаруучулары келген. Балдарды алып чыгууга Таиланддын Аскер-деңиз флотунан тажрыйбалуу деген беш жана он үч чет өлкөлүк суучул тандалды.

12 баланы жана алардын машыктыруучусун куткаруу операциясы учурунда кырсык да болуп кетти. Таиланддын Аскер-деңиз флотунун мурдагы кызматкери, 38 жаштагы суучул Самарн Кунан үңкүрдөгү балдарга жардам жеткирип, өтмөктөр аркылуу кайра кайтып келатканда кычкылтеги түгөнүп, каза тапты.

Куткаруу операциясы учурунда тартылган сүрөт.
Куткаруу операциясы учурунда тартылган сүрөт.

Бул куткаруу операциясы таиланддык жана дүйнөлүк маалымат каражаттарынын башкы темасы болду. Таиланд бийлиги куткаруу операциясын чагылдырууга уруксат бергени менен журналисттерди үңкүргө жакындаткан жок. Эскертүүгө карабай ал жерди асмандан видеого тартууга аракет кылган телекомпаниянын дрону атып түшүрүлдү, ал эми журналисттери камалды.

Ал арада Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино үңкүрдөн куткарылган балдарды дүйнөлүк футбол чемпионатын көрүп кетүүгө чакырды. Ал чакыруу катын Таиланддын Футбол федерациясынын президентине жөнөткөн.

Дүйнөлүк чемпионатттын финалы Москвада 15-июлда өтөт. Бирок дарыгерлер алсырап турган балдар үчүн мындай узак саякатка чыгуу али эрте экенин айтышты.

Жанни Инфантино.
Жанни Инфантино.

Балдарды куткаруу драмасы дүйнө биринчилигине катышып жаткан спортчуларды да кайдыгер калтырган жок. 10-июлда Франция-Белгия жарым финалдык таймашын уткандан кийин франциялык белгилүү оюнчу Поль Погба бул жеңишти ошол балдарга арнаганын "Твиттерге" жазды.

Англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу команданы жана анын машыктыруучусун өз мелдештерин көрүп кетүүгө чакырды.

Кырсык тооруган күн

Таиланддын түндүгүндө июль айында сезондук нөшөр башталат. 11-16 жаш курактагы жергиликтүү футбол клубундагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө 23-июнда киргенден кийин нөшөрлөгөн жамгырдан улам үңкүрдөгү жолдорго суу толуп калганына байланыштуу кайра чыга албай калган.

Тогуз күндөн кийин британиялык суучулдар балдар үңкүрдүн оозунан төрт чакырым ичкери жердеги коңулда турганын көрүп чыгышкан. Ушундан кийин ар кандай варианттарды ойлогон бийлик беш күндөн кийин балдарды суу толгон үңкүрдөгү жолдор менен куткарууну чечкен. Бул тобокелчил, бирок тез ишке аша турган операция эле. Анткени нөшөр сезондук болгондуктан суунун деңгээли дагы көтөрүлүп кетет деген чочулоо болду.

Куткаруучулар.
Куткаруучулар.

Бул учурда таиланддык жана чет өлкөлүк жүздөгөн адамдар, ар кыл кесиптин ээлери Таиланд өкмөтүнө өз жардамын сунуш кылды. Алардын ичинде аскердик жана жарандык багыттагы суучулдар, дарыгерлер, инженерлер болду. Өз көмөгүн ал түгүл белгилүү ойлоп табуучу жана бизнесмен Илон Макс да сунуш кылып, Таиландга инженерлер тобун, жабдыктарды, электро батареяларды, "Falcon 9" ракетасынын шаймандарынан жасалган, үңкүр ичинде жүрө ала турган кичи кайыкты жөнөтөрүн билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG