Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Стамбулдагы жардыруу беш кишинин өмүрүн алды


Стамбул. Жарылуу болгон жер
Стамбул. Жарылуу болгон жер

Түркиянын Стамбул шаарында бүгүн түшкө маал болгон жардырууда набыт болгон адамдардын саны бешке жетип, жарадарлардын саны отуздан ашты. Анын 12си чет элдик туристтер.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри 36 адам жарадар болуп, анын жетөө оор абалда экенин ырастады. Жарадарлардын он экиси чет элдик туристтер. Буга чейин түрк бийлиги медиа каражаттарында теракт боюнча маалымат берүүнү чектеп, расмий комментарий берүүдөн карманып турганы маалым болгон эле. Набыт болгондордун бири жанкечти болушу мүмкүн деп айтылууда.

Рейтер агенттигинин маалымдашынча, кол салуу Истиклал көчөсүнүн жөө адамдар көп жүргөн, дүйнөгө белгилүү өндүрүшчүлөрдүн дүкөндөрү жана бир нече өлкөнүн консулдугу жайгашкан жеринде болгон.

Бул ушул жылдын башынан берки Түркияда болуп жаткан төртүнчү жарылуу. Азырынча бул окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Расмий булактар терактты Түркияда ишмердигине тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясы же “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уюштурушу мүмкүн деп боолгоп жатканы маалым болду.

Жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок

Жардыруудан кыргызстандыктар жабыркабаганын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, теракт Кыргызстандын башкы консулдугунун имаратынан 800 метр ары орун алган.

Ал арада Түркиядагы кыргызстандыктар жардыруулардан улам Нооруз майрамын белгилешпей турганы маалым болду. Стамбулдагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунан билдиришкендей, быйыл 21-мартка карата майрамдык иш-чаралар уюштурулбайт.

“Биринчиден, кайгылуу окуялар учурунда жергиликтүү бийликтин шаан-шөкөткө көз карашы жакшы эмес. Экинчиден, коопсуздук үчүн көп адамдын бир жерге топтолуусу коркунучтуу” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Быйыл Түркиянын бир катар шаарларында ар кандай жардыруулар дембе-дем уланууда. Мындан улам түрк бийлиги жарандарды сак болууга чакырып, массалык иш-чараларды өткөрбөөгө үндөп келет.

Мындан бир апта мурда, 13-мартта Анкаранын Кызылай аянтынын Гүвенпарк багында болгон жардыруу 37 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 125тен ашкан. Анда аялдаманын жанындагы автобуска жакын жерде жанкечти-террорчунун унаасы жарылган. Ал эми жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" тобу алган.

XS
SM
MD
LG