Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Түркия Сириянын шектүү учагын текшерди


Мажбурлап кондурулган учак Анкаранын аэропортунда.
Мажбурлап кондурулган учак Анкаранын аэропортунда.

Өткөн түнү түрктөр Сириянын жүрүгүнчү учагын мажбурлап кондуруп, текшерүүдөн кийин кетирди. Бул окуя соңку күндөрү чек арада атышуулар болгон эки коңшунун мамилесин дагы чыңалтты. Түрк тарап өз авиакомпанияларына коопсуздук жүйөсүнөн улам Сириянын аба мейкиндигинен учпоого көрсөтмө берди. Мунун алдында түрк армиясынын Башкы штабынын акими эгер Сирия тараптан аткылоо улана турган болсо, “чоң күч” менен жооп кайтарыларын эскерткен.

Түркиянын эки аскерий учагы 35 жүргүнчү менен Москвадан Дамаска бара жаткан сириялык авиакомпаниянын учагын мажбурлап, Анкаранын "Эсенбога" аэропортуна кондурду.

Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давытоглунун түшүндүрмөсүнө караганда, сириялык учак анын бортунда “мыйзамсыз жүк” болгонуна байланыштуу кондурулду.

Түрк бийликтери жүктүн чоо-жайын так-даана айтышкан жок, бирок түрк маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, учакты беш саатка созулган тинтүү учурунда аскерий радио байланыштын жабдуулары, ошондой эле ракеталардын бир бөлүгү катары кызмат кыла алуучу агрегаттар табылган.

Бул жүктөр конфискацияланган соң учак сапарын улантуусуна мүмкүндүк берилди.

Түркиянын транспорт министри Бинали Йылдырымдын айтымында, конфискацияланган жүктү “эл аралык эрежелер боюнча жарандык учакта алып жүрүүгө тыюу салынган”.

Кондурулган учакта орусиялык 17 жүргүнчү болгон. Орус Тышкы иштер министрлиги Түркиядан түшүндүрмө талап кылса, Сириянын транспорт министри Махмуд Саид Анкаранын кадамын авиация боюнча эрежелерди бузган “каракчылык” катары мүнөздөдү.

Орусиянын чет өлкөлөргө аскерий техниканы, жабдууларды сатуу менен алектенген “Рособоронэкспорт” компаниясы учакта алардын жүгү болбогонун айтып чыкты.

Айтор Түркия Сириянын шектүү учагын мажбурлап кондуруу аркылуу өзүнүн буга чейинки сөздөрүн кандайдыр бир деңгээлде орундагандай болду.

Түрктөр сириялык учакты мажбурлап кондурду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Анкара Сирияга каршы курал эмбаргосун былтыр эле киргизген. Өз аймагы аркылуу Дамасктагы режимге курал ташылуусуна жол бербей турганын айтып келген

Жүргүнчү учак менен байланышкан инцидент өткөн шаршембиден тарта Сирия менен Түркиянын чек арасындагы бир нече күн кайталанган аткылашууга улай болду.


Түркиянын Акчакеле чек ара бекети соңку аткылоодон кийин. 7-октябрь, 2012-жыл.
Түркиянын Акчакеле чек ара бекети соңку аткылоодон кийин. 7-октябрь, 2012-жыл.
Сирия тараптан артиллериядан жана минемоттон ок ачкандарга Түркия дароо жооп кайтарууда. ”Эгер аткылоо улана берсе, биз чоң күч менен жооп беребиз”,-
деди армиянын Башкы штабынын башчысы Неджет Озел шаршембиде чек арага барган учурунда.

Сирия тараптын алгачкы аткылоосунда Түркия беш жаранын жоготкон. Буга жооп катары түрк парламенти өкмөткө эгер кырдаал талап кылса, Сириянын аймагына аскер киргизүүгө урукат берген. Быйыл жайда Сирия тарап Түркиянын бир аскерий учагын атып түшүргөн болчу.

Сирия менен НАТОго мүчө Түркиянын мамилесиндеги чыңалуунун күчөшү өзгөчө көңүл бурдурууда.

Анткени НАТОнун уставы боюнча анын бир мүчөсүнө кол салынса, ал альянсака кол салгандык катары бааланат. НАТО Түркияга көмөктөшүү багытында азырынча кандайдыр бир чара көрбөгөнү менен кырдаал курчуп кеткен учурда атайын план бардыгын айтууда.

Башкатчы Андерс Фог Расмуссен эки күн мурда "Түркия, албетте, өзүн эл аралык мыйзамдын чегинде коргоого укуктуу. Буга кошумча, албетте, Түркия НАТОнун тилектештигине да таяна алат. Эгер зарыл болсо, бизде Түркияны коргогудай пландардын баары даяр", - деп эскертти.

Жакынкы Чыгыштан НАТОну Сирия кризисине аралашпоого үндөгөн мамлекеттер да чыгууда.

Ирактын премьер-министри Нури ал - Малики шаршембиде Орусияда болгон учурунда, НАТОну Сирия жаңжаалына тартууга аракеттенип жатканы үчүн Анкараны айыптап, Түркияны коргоо шылтоосу менен НАТОну бул жаңжалга кийлигишпөөгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG