Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Качкан каныке эл аралык жаңжалды ырбатты


Хайя каныке жана күйөөсү шейх Мохаммед.
Хайя каныке жана күйөөсү шейх Мохаммед.

Бириккен Араб Эмирлигинин вице-президенти, Дубайдын эмири шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактумдун алтынчы аялы Хайя бинт ал-Хусейн качып кеткенден кийинки эл аралык жаңжал ырбады.

45 жаштагы Хайя каныке күйөөсүн зордук-зомбулукка байланыштуу айыптап жатат жана ушул тушта Британияда баш калкалап жүрөт.

Шейх Мохаммед болсо аялын "ала жипти аттады" деп күнөөлөп, Лондондогу сотко кайрылганы белгилүү болду.

Бул окуя жалпы араб дүйнөсүндөгү аялдардын абалы тууралуу талкууга жем таштады жана эл аралык укук коргоо уюмдарын аралашууга аргасыз кылды.

Хайя каныке эки баласын бооруна кысып, 15 жыл чогуу түтүн булаткан күйөөсүнөн качып кеткенге чейин анын жашоосу куду жомоктогудай сезилчү.

Башка күндөштөрүнө караганда коомчулукка көп чыккан каныке эл-жер кыдырып, заманбап кийинип, аймактык жана эл аралык иш-чараларда көп учурда шейх Мохаммедди коштоп жүрчү.

Ал баштапкы билимди Йорданияда алган. Андан кийин Британияда, Индира Ганди окуган Бадминтон кыздар үчүн мектеп-интернатында, андан кийин Оксфорд университетинин коллежинде билим алган. Англисче, французча эркин сүйлөгөндөн тышкары, төрт тилди билет.

Хайя каныке Йорданиянын маркум падышасы Хусейн ибн Талалдын кызы. Азыркы падыша Абдалла IIнин карачечекей карындашы. Каныке ат спортуна кызыгары, кыз кезинде айрым бир мелдештерге да катышып, байге алып жүргөнү белгилүү.

Хайя каныке атасы Хусейн ибн Талал менен.


2006-жылы Хайя каныке Ат спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп шайланган жана Эл аралык Олимпиада комитетитин мүчөсү болгон.

Ал шейх Мохаммедге 2004-жылы алтынчы аял болуп тийген. Азыр андан 11 жаштагы кызы, жети жаштагы уулу бар. Интервью бергенди, сүрөткө түшкөндү жактырган, социалдык тармактарда кыйла активдүү Хая каныкенин дайыны быйыл февраль айынан бери чыкпай калган.

Ушул айдын башында эки баласын жетелеп алгач Германияга барганы, ал жактан башпаанек сурап, ажырашууга арыз бергени ачыкка чыкты. Каныке качканда 39 миллион доллар накталай акчаны ала кеткени да айтылып жатат. Ал ушул тушта Лондондо баасы 107 миллион долларлык хансарайда жашайт.

Бул окуянын чоо-жайы ачык айтылбаганы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан түрдүү ушакка жем таштады. Британиялык "Sun" басылмасы шейх Мохаммед Лондондо жүргөндө аялын жаш күзөтчүсү, британ армиясынын мурдагы офицери менен соо эмес деп шек санай баштаганын жазды. Аялы ал күзөтчүгө бир топ жылдан бери кымбат баалуу белектерди берип жүргөнүн билгенин, экөөнүн үстүнөн да чыкканын билдирди.


69 жаштагы шейх Мохаммед "Инстаграммдагы" баракчасына аялы алдап кеткен күйөө тууралуу жазылган ырларды жайгаштыра баштады. Бирок окуя тууралуу ачык үн ката элек. Айым маалыматка караганда ал Лондондогу сотко кайрылып, алгачкы жараян 31-июлга белгиленди.

Хайя каныкеге жакын адамдардын айтымында, ал шейх Мохаммеддин кызы Латифа качып кетип, кармалгандан кийин ага кылган мамилесине көңүлү сууган. Балдарынын коопсуздугу үчүн качууга аргасыз болгон.

33 жаштагы Латифа каныкени Дубай эмиринин алжирлик аялы төрөгөн.
Ал былтыр февраль айында өлкөдөн чыгып кетери менен атайын видео кайрылуу тараткан. Анда ал качууга беш жыл даярданганын айткан. Атасын балдарына аёосуз мамиле кылат деп айыптаган. 16 жашында биринчи жолу качып кармалып калганын, мунун айынан үч жыл караңгы жайда камалып жатканын, ур-тепкиге кабылганын билдирген.

Бирок Латифа Омандан Индияга деңиз аркылуу кетип баратканда кармалып калган. Андан кийин бир топ убакытка чейин дайын-дареги чыкпай келген. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму расмий Дубайдан каныке тууралуу маалымат берилишин талап кылган.

Былтыр жыл аягында Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Латифа каныке менен Ирландиянын мурдагы президенти Мэри Робинсон экөөнүн чогуу отурганы тартылган сүрөттү жарыялаган. Робинсон анда каныке "качканына өкүнөрүн, туугандарынын мээримине бөлөнүп жашап жатканын" айтып бергенин билдирген. Бирок экс-президент кийин Латифанын ошондогу абалына таң калганын, акылы жайында эместей сезилгенин мойнуна алган.

Хая каныке ушул жылдын башында эгер күйөөсүнүн Латифага аёосуз мамиле кылганы аныкталса, анда шейхти коргоп дагы, колдобой дагы каларын айткан. Ошондон кийин көп өтпөй өзү да ың-жыңсыз болуп кеткен.

Шейх Мохаммад Рим Папасы менен.
Шейх Мохаммад Рим Папасы менен.

Соңку жагдайга байланыштуу журналисттер шейх Мохаммеддин башка кызы тууралуу мындан дээрлик 20 жылдай болгон окуяны да эстешти. 2000-жылы шейхтин Англияда жашап жаткан кызы Шамсе ал-Мактум каныкени мекенине күчтөп алып кетишкен.

Шамсенин да, Латифанын да укугун коргогон Лондондогу адвокат Дэвид Хей Хайе каныке шейх Мохаммед балдарына кандай зөөкүр ата экенин ачык айтып чыгышы керек деп эсептейт.

Хая каныкенин Дубайдан качып кеткени күтүлбөгөн окуя болду. Анткени Батышта шейх Мохаммед реформага ыктаган саясатчы катары кабылданып келген. Анын тушунда Дубай дүйнөлүк деңгээлдеги борбор шаарга айланган. "Emirates" авикомпаниясын түптөп-түзүүнүн башында турган. Ошондой эле дүйнөдөгү эң бийик имарат - Бурж-Халифа курулган.

Бириккен Араб Эмирлигинин Лондондогу элчилиги каныкенин качышына байланыштуу окуяны "эки адамдын жеке иши" катары мүнөздөп, комментарий берүүдөн баш тартып келет.

Айтор, каныкенин качышы Дубайдын Лондон жана Берлин менен алака-катышына көлөкө түшүрдү. Ушул тушта эмирликте 100 миңден ашык британ жараны жашайт.

Андан сырткары Йорданиянын падышасы Абдалла II да карындашы үчүн ыңгайсыз абалда калды. Эмирликте 250 миңдей йордан жараны иштейт. Ошондуктан өлкө падышанын карындашы үчүн Дубай менен жаңжалдашууну каалабайт.

Шейх Мохаммеддин байлыгы 12 миллиард доллар деп бааланып жүрөт. Анын алты аялынан 20дан ашык баласы бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG