Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Украина Чернобылга 550 млн. евро чогултту


Чернобыл алааматынын 25 жылдыгы жана экологиялык коопсуздукка арналган эл аралык жыйын. Киев, 19-апрель.
Чернобыл алааматынын 25 жылдыгы жана экологиялык коопсуздукка арналган эл аралык жыйын. Киев, 19-апрель.

Киевде Чернобыл кырсыгынын 25 жылдыгы жана экологиялык коопсуздукка арналган эл аралык донорлор конференциясы өттү.

Украина ядролук жарылуу болгон станциянын төртүнчү блогуна саркофаг куруу үчүн 550 миллион евро каражат чогултту. Расмий Киев курулуш долбоору үчүн 740 миллион евро (1 млрд АКШ доллары) каражат жетпей жаткандыгын билдирген.

Чернобыл алааматынын 25 жылдыгы жана экологиялык коопсуздукка арналган иш чарага катышуу үчүн Киевге 50 өлкөнүн расмий тобу келди.

Эл аралык донорлордун конференциясына катышкан дүйнөдөгү экономикасы бай өлкөлөрдүн өкүлдөрү Ураина өкмөтүнө атомдук кырсыктын кесепетин жоюга көмөк иретинде 550 миллион евро же 780 миллион АКШ доллары берилерин убада кылышты.

1986-жылы 26-апрелде Чернобыл атомдук станциясында жарылуу болгон 4-реактордун үстүнө саркофаг (туулга) жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жай курууга 1 миллиард доллар зарыл экендигин украин бийлиги конференцияны утурлап кулак кагыш кылган.

Конференцияга катышуу үчүн Киевге келген Еврокомиссиянын президенти Хозе Мануэл Баррозу Еврокобиримдик Чернобыл боюнча долбоорлорго 110 миллион евро бөлөөрүн айтты.

- Биз буга чейин 470 миллион евро каражатты Чернобылга жана ага байланышкан долбоорлорго жумшадык. Бүгүн биз кошумча 110 миллион еврону Чернобылдын коопсуздугу үчүн тилектештик максатында берүүнү жарыялайбыз, - деген Баррозу Жапониянын “Фукусима-Дайичи” станциясындагы кырсык эл аралык коомчулукка атомдук коопсуздук жаатында кызматташууну чыңдоого түрткү болгондугун белгиледи.

Украин президенти В.Янукович конференция маалында донорлор тарабынан убада кылынган 550 миллион евро чоң курулушка кошулчу салымдын “башталышы” гана деп ишенип тургандыгын айтты.

Ошондой эле В.Янукович эл аралык коомчулукту “Украинаны өз көйгөйү менен өзүн калтырып койбой” жардам көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирип, Чернобыл кырсыгы адамзат жүрөгүнө “терең так” салганын айтып өттү:

- Чернобыл алааматы өткөн кылымдын соңуна чукул болсо дагы биз бүгүнкүгө чейин Чернобыл барагын жаба элекпиз. Бүгүн биз бардык аракеттерибизди бириктирүүгө чогулдук жана ал биздин колдон келет. Биз коопсуз дүйнөдө жашап, аны кийинки муундарга калтыра алабыз.

Орусия 2011-2012-жылдар аралыгында Чернобыл долбоорлоруна 45 миң евро бөлөөрүн айтса, АКШ 123 миллион доллар каражат котороорун маалымдады.

Дүйнөлүк каржы каатчылыгын жүйөө кылган Ирландия, Испания, Мексико, Жапония Чернобыл демилгесине салым кошуудан баш тартты. Украина соңку чейрек кылымда миллиардаган доллар каражатты атомдук кырсыктын кесепетин жоюга жумшаган.

25 жыл мурун Чернобыл атомдук станциясынын 4-блогундагы ядролук реактор жарылганда ондогон адамдар радиактивдик уулануудан, жүздөгөн кишилер нурлануудан набыт болгон.

Бүткүл Советтер Союзу боюнча 600 миңден ашуун киши кырсыктын кесепетин жоюга тартылган. Ал эми Чернобылдагы жарылуудан чыккан кара булут Украина, Беларустун аймагын аралай Европа чөлкөмүнө жеткен.

Ушул күнү дагы Чернобыл станциясынын 30 чакырым айланасы “жансыз дүйнөгө" айланып, томсоруп турат. Бул апаат адам өмүрүнүн кыйылышы, экологиялык кесепети жана экономикалык чыгымдары боюнча атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң кырсык катары бааланган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG