Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Ачарчылыктын азабын тарткандар көбөйдү


Йемендик бала. 2-июнь, 2012-жыл.
Йемендик бала. 2-июнь, 2012-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында дүйнөдө 821 миллион киши, башкача айтканда планетадагы ар бир тогузунчу киши курсагы тоё тамак жебегени жазылган.

11-сентябрда жарыяланган уюмдун баяндамасында 2017-жылы планетадагы ар бир тогузунчу киши курсагы тоё тамак жебегени жазылган.

Төрт жыл мурда дүйнөдө 600 миллион киши жетиштүү тамак жебегени аныкталса, былтыр бул көрсөткүч өскөнүн Улуттар Уюмуна караштуу Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башчысы Жозе Грациано да Силва айтты:

- Тилекке каршы, бул жаман кабар. Биз ушуну менен үчүнчү ирет дүйнөдө ачарчылыктан жапа чеккендердин саны өсүп жатканын жарыялоого аргасызбыз. 2017-жылы курсагы тоё тамак жебегендердин саны 821 миллионго жеткенин байкай алдык.

Ирактагы качкындар тамакка кезек күтүп турушат. 29-май, 2016-жыл.
Ирактагы качкындар тамакка кезек күтүп турушат. 29-май, 2016-жыл.


Баяндамада буга чейин ачарчылыктын негизги себеби катары куралдуу жаңжалдар көрсөтүлүп келсе, быйыл ага климаттын өзгөрүүсү да кошулганы белгиленген. Ар кандай табигый кырсыктар, кургакчылык ачарчылыктын жайылышына түрткү болууда дешет адистер.

Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Давид Бислей буларды айтты:

- Ачарчылыктан ар бир беш секундада бирден наристе чарчап жатат. Дүйнөдө 300 триллион доллар байлык бар маалда, мындай статистика кабыл алынгыс жана кечирилгис. Бизде ийгиликке жетүүнүн моделдери бар, биз аларды жайылтып дүйнөдөгү ачарчылыкка чындап чекит коё алабыз. Өткөн жылы биз ачарчылыктын негизи себебин жаңжалдар деп айтканбыз, кырдаал өзгөргөн жок. Ошону менен катар буга климаттын өзгөрүүсү да таасирин тийгизип жатат. 22-23 миллиондой адам климаттын өзгөрүүсүнөн азап чегип, үй-жайын таштап башка аймакка көчүүгө аргасыз болушту.

Лаостогу суу каптоо. 24-июль, 2018-жыл.
Лаостогу суу каптоо. 24-июль, 2018-жыл.


Баяндамада Вьетнам, Непал мамлекеттери климаттын өзгөрүүсүнөн өзгөчө зыян тарткан мамлекеттердин сап башында тураары белгиленген. Кургакчылык Вьетнамда күрүч талааларына кедергисин тийгизсе, Непалда бир нече ай бою токтобой жааган жамгырдан айыл чарба талааларын суу каптап, жер көчүп дыйкандарды бир топ түйшүккө салат.

Дан эгиндеринин тартыштыгы да ачарчылыктын жайылышына салым кошуп жатканы баяндамада жазылган.

Жалпысынан “Дүйнөдөгү тамак-аш коопсуздугу жана азыктануу” деп аталган баяндамада ачарчылыктын деңгээли Африкада жана Түштүк Америкада жогору экени белгиленет. Йеменде, Самолиде, Түштүк Суданда, Ооганстанда тыйылбаган согуштун айынан карапайым эл кыйналып жатканы айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG