Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Флоридада мурдагы окуучу мектепке кол салды


Мектеп окуучулары кол салуудан кийин, 14.02.2018
Мектеп окуучулары кол салуудан кийин, 14.02.2018

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектепке куралчан киши кирип барып, 17 адамды атып өлтүрдү. 15тей киши ооруканада жатат, догдурлар алардын үчөөнүн абалы оор экенин билдиришти.

Парклэнд шаарындагы Stoneman Douglas High School деп аталган орто мектепке кол салуу сабак жүрүп жаткан маалда болгон. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда башына противогаз кийген куралчан киши мектепке кирип келип, адегенде өрттөн коргоочу сигнализацияны иштеткен.

Окуучулар дүрбөлөңгө түшүп, класстардан чуркап чыгып жатканда аларды көздөй ок атылган.

Окуя болгон жерге полиция, өрттөн сактоо кызматы, Тез жардам машинелери жетип келген. Окуучуларга класстардан чыкпай, жашынып отурууга буйрук берилген. Көп өптөй кол салган киши кармалган.

Броуард округунун полиция башчысы Скотт Израел 17 киши курман болгонун билдирип, кол салган кишинин аты-жөнүн айтты.

- Киши өлтүргүч Николас Круз. Ал азыр камакта. Биз анын интернет сайттары менен социалдык медиадагы барактарын текшере баштадык, - деген Израел кол салган кишинин интернеттеги жана социалдык сайттардагы баракчаларын карап отуруп, "үрөй учурган материалдарды көрдүк” деди.

19 жаштагы Николас Круз өзү кол салган мектептен “тартип бузганы” үчүн чыгарылган экен. Андан бир нече окчонтою менен жарым автоматташкан мылтык, түтүн чыгарган гранаталар алынган.

Крузду полиция кармагандан кийин ооруканага алып барышып, дарыгерлер жардам көрсөткөн соң камакка алышкан.

Үрөй учурган окуяны көргөн мектеп окуучусу ​"ал мектептин картасын, ким кайда экенин жакшы билет экен. Бул жерде көп жолу болгон, бул ишке даярданыптыр", - деди.

Кол салган жигитти тааныган окуучулар аны курал-жаракка үйүр, өзүнчө бир көйгөйү бар адам деп мүнөздөшөт. Анын эмне себептен бул ишке барганы азырынча беймаалым.

Флорида штатынын губернатору Ричард Скотт журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, курал-жаракты көзөмөлдөө маселеси курч экенине токтолду.

"Мындай окуя бул өлкөдө кантип болду? Кантип бул штатта болду? Бул штатта бардык көңүл биздин балдарыбыздын коопсуздугуна бурулган. Биздин штат зордук-зомбулукка жол бербейт", - деди губерантор.

Президент Трамп "Твиттердеги" баракчасына курман болгондордун жана жарадарлардын жакындарына көңүл айтып, "Америкалык мектепте бир дагы бала, мугалим же башка киши өзүн кооптуу сезбеши керек» деп жазды.

Майами шаарынан 70 чакырым алыс жайгашкан Парклэнд шаарында 31 миң киши жашайт. Буга чейин Флорида штатындагы эң коопсуз шаар деп таанылган.

Бул окуя АКШнын тарыхында 2012-жылы Сэнди Хуктагы мектептеги ок атышуудан кийинки кандуу кол салуу болду. Алты жыл мурун 26 киши курман болгон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG