АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады.
Трамп Түндүк Кореянын лидери менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешерин билдирди.
Трамп түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. Америкалык лидер ошондой эле «биз бири-бирибиз жана өлкөлөрүбүз тууралуу көп нерсе билдик» деп айтты.
АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн, өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.
Эки лидер кол койгон документте Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея “бекем жана туруктуу тынчтыкка” умтулары айтылат. Пхеньян “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында иш жүргүзүүгө милдеттенме алат”. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр “жакын аралыкта өтөрү” белгиленет.
Трамп Түндүк Кореянын лидери менен Сингапурда өткөн саммит “мурда күтүлгөндөн алда канча жемиштүү болгонун” билдирди.
Буга чейин Сентоса аралындагы мейманканада эки лидердин 45 мүнөткө созулган жолугушуусу өткөн. Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүнү “чоң жетишкендик” катары атады.
Дональд Трамп жана Ким Чен Ын кол кармашып, бир аздан кийин жекеме-жеке сүйлөшкөн. “Биз эң мыкты алаканы кура алабыз, мындан күмөн санабайм”, - деди Трамп.
Жарым сааттык сүйлөшүүдөн кийин лидерлер мейманкананын алдына чыгып, кабарчыларга кол булгашты. Мындан кийин кеңири форматтагы жолугушуу башталды.
“Ким мырза, сиз менен жолугушуу чоң сыймык. Мен чоң маселелерди чечүүдө чоң ийгиликтерге жетишерибизге ишенем. Бирге иштөө менен биз маселени жөнгө сала алабыз. Бул чоң сыймык, чоң рахмат”, - деди Трамп.
Мындан эки айдай мурда АКШ менен КНДР эки өлкөнүн лидерлеринин тарыхый жолугушуусун өткөрүүнү макулдашкан. Ал арада Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бирин бири мазактап, мактап, саммитти кийинкиге калтырып жана кайра пландоого да үлгүрүшкөн.
Алгачкы кол алышуу. Сүрөт баян
Биринчи кол алышуу
1/14Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын кол алышуусу.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
2/14Эки өлкөнүн лидерлеринин желек алдындагы фотосессиясы.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
3/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
4/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
5/14Бирге тамактануудан кийин алар кабарчыларга жолугууга чыкты.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
6/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
7/14"Фантастикалык жолугуу" деп мүнөздөдү Дональд Трамп.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
8/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
9/14Түндүк Кореянын лидеринин жардамчысы ручканы столго коюп жатат, аны АКШ президенти менен кол коюла турган аземге чейин дыкат сүртүп тазалашкан.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
10/14Дональд Трамп менен Ким Чен Ын документке кол коюлар астында.
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
11/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
12/14Дональд Трамп комментирует подписание документа в то время, как Ким Чен Ын рассматривает только что подписанный документ. "Сегодня у нас прошла историческая встреча, мы решили оставить прошлое позади. Мы решили подписать исторический документ – заявил северокорейский лидер Ким Чен Ын. – Мир увидит большое изменение".
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
13/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
14/14
АКШ президенти жана Түндүк Кореянын лидеринин биринчи жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өттү.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.