Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Порошенко АКШдагы элчисин иштен алды


Оленсандр Моцик
Оленсандр Моцик

Украинада президент Петро Порошенко АКШдагы элчисин иштен алды. Экс-президент Виктор Януковичтин убагында элчи болгон Олександр Моцик былтыркы окуялардан кийин жаңы бийликти колдоп чыккан эле. Анда эмне себептен ал иштен кетип жатат?

Президент Порошенко элчи Олександр Моцикти Украинанын АКШдагы элчилик кызматынан 14-апрелдеги жардыгы менен алды, жардыкта бул кадамдын себеби айтылган жок.

59 жаштагы Моцикти Украинанын Вашингтондогу элчиси кылып былтыр февралда бийликтен кулатылган Янукович 2010-жылы бекиткен эле.

Орусия Крымды былтыр мартта аннекциялап алгандан кийин АКШ Москва колдогон украин жикчилдер менен болгон согушта Украинаны ар тараптуу колдоп келатат.

Украинанын медиясы Моциктин ордуна Порошенконун администрациясын жетектеген Валерий Чалый келиши мүмкүн деп болжолдошууда.

14-апрелдеги Украинанын Бешинчи Каналы менен маегинде өлкөнүн тышкы иштер министри Павло Климкин «Моциктин ордуна келе турган адам Вашингтон үчүн да, АКШдагы украин элчилиги үчүн да мыкты талапкер болоорун» белгиледи.

Климкин сыяктуу эле Моцик Януковичтин кол алдында дипломатиялык кызматтарда иштеген. Моцик Януковичтин реформаларын даңазалап, Украинадагы адам укуктары, жарандык эркиндиктер, саясий көп кырдуулук өңдөнгөн маселелерде өлкө артка чегинип жатат деген сындарды четке кагып келген. Убагында АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Стивн Пайфер «Моцикке кыйын болуп жатканын, бирок ал жогорку класстагы кесипкөй экенин» айткан эле.

Климкин сыңары эле Моцик былтыр февралда Киевде бийлик алмашканда батышчыл жаңы өкмөттү колдоп чыккан. Ал окуяларда Янукович өзүн Батыш уюштурган козголоңдо мыйзамсыз кулатылган президент деп эсептеген жана Орусияга качып өткөн.

Былтыр март айында америкалык конгрессмендерге жолдогон катында Моцик Януковичтин өкмөтү «демонстранттардын оозун автомат менен басып» жатат деп күнөөлөгөн. Андан бери Моцик Кошмо Штаттарын Украинага курал берүүгө чакырып келди.

Бирок АКШ конгрессиндеги айрым булактар Моциктин Америкадан жардам алуу аракеттерине ар башка баа беришүүдө.

Сенаттагы улук жардамчылардын бири Моцик жана анын элчиликтеги кызматкерлери азыркыдай татаал мезгилде ичкен ашын жерге коюп иштебегенин белгиледи.

Бирок Сенаттын атын атагысы келбеген дагы бир улук өкүлү, тескерисинче элчиликтин ишине жогору баа берди.

АКШнын саясий чөйрөлөрүндө беш жыл элчи болгон Моцик башкалар сыяктуу эле дипломатиялык кызматкерлердин кадыресе орун алмашуусу менен кетип жаткандыгын айтышууда.

"Азаттыктын" 14-апрелдеги Моцикти иштен алуу чечиминин себебин айтуу өтүнүчүнө Мамдепартаменттен жана Украинанын элчилигинен жооп болгон жок.

Ал эми украин-америкалык колдоо топтору Моциктин кетишине колдоо билдиришүүдө.

Нью-Йоркто жайгашкан АКШдагы Украиналык Конгресс комитетинин маалымат катчысы Андрий Добриянский Олександр Моциктин иш-аракеттерине ичи чыкпагандыгын жашырган жок. Ал бул кызматка зарыл иштерди чапчаң аткара ала турган киши керек деди.

Декабрь айында АКШнын президенти Барак Обама Украинага курал берүүгө жол ачуучу мыйзамга кол койгон эле. Бирок Конгресс менен Сенаттагы катуу кысымга карабастан, Обама курал берүүдөн тайсалдап келатат. Согуштук эмес жардам түрүндө Обаманын администрациясы Украинага дээрлик 200 миллион доллардык жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG