Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Эл аралык мунапыс уюму Крым бийлигин сындады


Крым татарларынын нааразылык акциясы. Симферополь, 18-май,2014-жыл
Крым татарларынын нааразылык акциясы. Симферополь, 18-май,2014-жыл

Эл аралык мунапыс уюму Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганын билдирип, жаңы бийликтердин ишин сынга алды.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) жаңы отчетту Крымдын Орусияга расмий кошулушунун бир жылдыгына карата чыгарды. Мындан туура бир жыл мурун жарым аралдын жаңы бийлиги 16-мартта өткөн референдумдун жыйынтыгына шылтап, Орусияга кошулуу боюнча келишимге кол койгон эле.

Украина жана эл аралык коомчулуктун бул референдумду тааныбаганына карабастан, Крым бир жылдан бери иш жүзүндө Орусиянын аймагы катары бул өлкө мыйзамдары менен жашап жатат. Эл аралык уюмдун иликтөөсүнө ылайык, дал ушул бир жыл аралыгында Крымда адам укуктарынын абалы начарлап кеткен:

- Орусия Крымды аннексиялагандан тарта бийликти сындагандарга карата тентек баланын тактикасын колдонуп жатат. Өткөн жылдын мартынан октябрына чейинки адамдарды уурдоо, туткундоо толкуну көпчүлүк адамдарды аймактан чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Ал эми калып калгандар болсо өз пикирин билдире албай, бийликтин кысымы астында жашап жатат, - деп билдирди Эл аралык мунапыс уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директор орун басары Денис Кривошеев.

Amnesty International уюму жарым аралда бийликке сын айткан бир нече активисттин дайынсыз жоголгонуна көңүл бурду. Уюмдун ырастоосунда, өткөн жылы марттан сентябрга чейин бир нече адам дайынсыз жоголгондон кийин аннексияга каршы чыккандардын көбү жарым аралдан кетүүгө аргасыз болду. Калгандар болсо куугунтуктоолорго туш болууда. Отчетто бир жылда кеминде 7 кишинин уурдалганы айтылат. Алардын үчөө крым татарлары болгон. Бир активисттин болсо кыйнап өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Крым татарларынын телеканалы тинтүүгө алынган. 26-январь, 2015-жыл
Крым татарларынын телеканалы тинтүүгө алынган. 26-январь, 2015-жыл

19 жаштагы Ислам Жеппаров жана 23 жаштагы Жевдет Ислямовду өткөн жылы сентябрында аскер кийимчен адамдар машинеге салып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Ал эми 39 жаштагы Решат Аметовду демонстрацияга катышып жактан жеринен кармап кетишип, кийин ур-токмокко алынган сөөгү табылган. Дайынсыз кеткен Ислам Жеппаровдун атасы Абдурашид Жеппаров акыркы бир жылда жашоосу кандай өзгөргөнүн айтып жатып:

- Балам жана жээним жоголгонуна жакында жарым жыл толот. Алар тирүү деп үмүттөнөм. Орусиянын курамына кирген бир жылдын жыйынтыгы биз үчүн ушул болду.

Крымдагы украин тили менен маданиятын жайылтуу максатында иш алпарган "Украин үйү" уюмунун жетекчиси Андрей Шайн орусиячыл аскерлер тарабынан уурдалып, 11 күн бою белгисиз жайда кармалган. Ал кыйноого кабылып, акыры украин армиясына өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле Крым бийлиги массалык маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга каршы багытталган репрессиялык мыйзамдарды кабыл алып, ишин чектөө аракеттери жасалууда. Маселен, быйыл 26-январда Симферополдо жайгашкан крым татарларынын ATR телеканалынын кеңсесине 30дан ашык куралчан адам кирип, каналдын архиви сакталган компьютердик серверди алууга аракет кылышкан.

Бир топ журналисттер жана блогерлер коопсуздугунан улам Крымдан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мустафа Джемилев
Мустафа Джемилев

Отчетто адам укуктары боюнча иш алпарган уюмдар жабылып жатканы да айтылган. Крым татарларынын Межлиси таанылбай, анын жетекчилиги жана активдүү мүчөлөрү куугунтукталууда.

Алардын лидери Мустафа Жемиловдун 2019-жылга чейин жарым аралга кирүүсүнө тыюу салынды. Жемилов 17-мартта Брюсселде сүйлөп жатып, крымдыктар “коркуп жашоо өткөрүп”, мектептер менен мечиттерде тынымсыз текшерүүлөр болуп жатканын билдирди. Ал эл аралык коомчулукту Орусияга карата санкцияларды күчөтүүгө чакырды. Жемилевдун Крымда калган жубайы Сафина буларга токтолду:

- Жарым аралга эбегейсиз санда аскерлерди, техниканы жыйнап салышты. Мына ушулардын арасында Крымдын эли жакшы жашоону күтө албайт. Бирок жарым аралда крым татарларынын туруп турушу азыркы бийлик үчүн чакырык. Биз өз жерибизде турганыбыздын өзү баатырлык.

Өзүн Крымдын түпкүлүктүү эли деп санаган жана азыр калктын 12% түзгөн татарлар былтырга референдумга кескин түрдө каршы чыгып, добуш берүүнүн жүрүшүн бойкоттогон эле

Ал тапта Орусияда Крымдын алынышынын бир жылдыгы белгиленди. Бул күнгө карата Москвадагы митингге он миңдеген кишилер катышты.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG