Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

АКШ: ЦРУнун сурактары суроо жаратты


Обама ЦРУнун террорчулукта шектелип камалгандарды суракка алуу ыкмалары боюнча мурдагы президент Жордж Буштун учурундагы программага 2009-жылы тыюу салган.
Обама ЦРУнун террорчулукта шектелип камалгандарды суракка алуу ыкмалары боюнча мурдагы президент Жордж Буштун учурундагы программага 2009-жылы тыюу салган.

АКШда ЦРУнун “катаал” сурактары боюнча баяндаманын жарыяланышы артынан БУУ жана адам укугун коргоочу уюмдар кыйноого тиешеси бар америкалык чиновниктерди жоопко тартууга үндөштү.

Сенат жарыяланган баяндамада Борбордук чалгын кызматы-ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулгон “катаал” ыкмалардын чоо-жайы айтылат.

БУУнун адам укуктары жана контртерроризм боюнча атайын докладчысы Бен Эммерсон билдиргендей, мурдагы президент Жорж Буштун администрациясынын баяндамада көрсөтүлгөн тергөө ыкмаларын пландаган жана ага уруксат берген өкүлдөрү, ошондой эле ЦРУ менен өкмөттүн ошол кыйноолорго тиешеси бар адамдарынын үстүнөн кылмыш иши ачылуусу керек.

БУУнун билдирүүсүндө буга катар АКШ ал адамдарды “сот жоопкерчилигине тартууга укуктук жактан милдеткер” экени айтылат.

АКШнын Жарандык эркиндиктер боюнча союзу болсо, өлкөнүн Башкы прокурорун “кыйноо программасын түзгөн, жактырган, ишке ашырган жана аны жашыргандардын” ишин тергөө үчүн атайын прокурор дайындоого үндөдү.

“Кылмышкерлер жооп бериши керек, биздин системада эч ким мыйзамдан өйдө турбашы абзел”, - деп көргөзүлөт Жарандык эркиндиктер боюнча союздун билдирүүсүндө.

“Хьюман Райтс Уочт” уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот, эгер баяндаманын жарыяланышы расмий өкүлдөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып барбаса, “кыйноо” келечектеги президенттердин учурунда да кайталануусу мүмкүндүгүн эскертти.

Президент Барак Обама болсо баяндамада айтылгандарды “кооптондурарлык” деп атады. Ал кечээ берүүлөрүн испан тилинде таратуучу “Telemundo” каналы менен маегинде буларга токтолду:

- Сенаттын баяндамасында жазылган тактикалардын айрымдары абдан катаал болгон. Мурда айтканымдай эле алар мага кыйноону элестетти. Менимче, адамдарга түшүндүрүү үчүн муну жарыялаганыбыз маанилүү болду. Кызматка киришкенимде биринчи эле чара катары буга эмне үчүн тыюу салганымды адамдар эми түшүнөт. Биз мындай катачылыкка кайрадан жол бербей турганыбызды кепилдедик деп үмүттөнөм.

Обама ЦРУнун 2001-жылдын 11 сентябрынан кийин террорчулукта шектелип камалгандарды суракка алуу ыкмалары боюнча мурдагы президент Жордж Буштун учурундагы программага 2009-жылы тыюу салган.

Жалпы көлөмү 6000 беттен турган баяндама Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинин беш жылдык ишинин жыйынтыгы. Комитеттин төрайымы, Демократиялык партиянын өкүлү Даен Фейнштейн Вашингтондогу кечээги басма сөз жыйында сүйлөп жатып:

- Жарыяланган баяндама ЦРУ чет өлкөлөрдө 119 адамды жашыруун кармашын жана кээде сурактын кыйноого теңелген мажбурлоо ыкмаларын колдонгонун иликтейт. Ал ЦРУнун аракеттери биздин баалуулуктар жана биздин тарых үчүн кара так экенин көргөзүүдө. Баяндаманын 500 беттен турган кыскача бөлүгүнүн жарыяланышы ал кара такты кетире албайт. Бирок ал биздин элге жана дүйнөгө Америка туура эмес кылган учурунда аны моюнга алууга кудурети жетерин жана өзүнүн катачылыктарынан сабак алууга ишенимдүү экенин көргөзө алат.

Баяндамада белгиленгендей, ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонгон “катаал” ыкмалар “так маалымат алуунун эффективдүү каражаты" болгон эмес. Ошондой эле кармалгандардын тергөө менен “кызматташтыгына" алып барбады.

Сурак жүргүзүүдө башы менен сууга чөктүрүү, бетке уруу, уйку бербөө, суук менен таасир көргөзүү өңдүү ыкмалар ЦРУнун медициналык кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабай колдонулган.

ЦРУнун азыркы директору Жон Бреннан өз билдирүүсүндө агенттик ката кетиргенин жана андан сабак алганына токтолду.

Бирок ал ырастагандай, сурактын катаал ыкмалары аркылуу “пландалган кол салууларга жолтоо кылууга, террорчуларды кармоого, адам өмүрүн сактоого жардам берген” маалыматтар алынган.

Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти Дик Чейни болсо, “Нью Йорк Таймс” басылмасындагы маегинде террорчулукта шектелгендер үчүн алардын учурунда колдонулган сурак ыкмаларын “толугу менен актаарлык” деп атады.

Митч Макконнелл
Митч Макконнелл

Республикачылардын Сенаттагы лидери Митч Макконнелл, чалгын комитетинин республикачылардан мүчөсү Саксби Шамблис баяндаманын тыянактарына макул эместигин билдиришип, ал АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына “олуттуу кесепеттерин” тийгизерин айтышты.

Талдоочулар ЦРУнун аракеттерин чагылдырган баяндаманын айланасында тутанган талаштарды АКШда террор коркунучу менен күрөшүү ыкмалары боюнча бири-биринен айрымаланган эки башка көз караш бардыгы менен түшүндүрүшүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG