Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

АКШ: Фергюсондо кайрадан тополоң тутанды


Демонстранттар өрттөлгөн дүкөндүн жанында. Фергюсон, 24-ноябрь, 2014-жыл.
Демонстранттар өрттөлгөн дүкөндүн жанында. Фергюсон, 24-ноябрь, 2014-жыл.

АКШнын Миссури штатындагы Фергюсон шаарчасында кайрадан тополоң чыкты. Бул ирет жергиликтүүлөр сот быйыл августта ындыкара өспүрүмдү атып салган полиция кызматкерине айып тагуудан баш тарткандан кийин нааразылык билдиришти. Шаарчада имараттарга өрт коюлуп, тополоң мародерчулук менен да коштолгон.

Фергюсон - АКШнын ортоңку батыш бөлүгүндөгү Миссури штатында калкы негизинен ындыкаралардан турган шаарча. Ал Сент-Луис шаарынын четки району.

Бул шаардын полиция башчысы Жон Бельмардын айтымында, түнкү тополоңдор менен кагылыштар августтагы окуялардан ашып түштү:

- Мен кечинде нааразылыгын тынч билдиргендерди анчалык көргөн жокмун жана мындай жагдайга капа болум турам. Тилекке каршы кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти. Биздин кечээ кечинде күбө болгондорубуз, балким август айындагы түнкү коркунучтардан да кыйла жаман.

Сент-Луистин полициясы билдиргендей, Фергюсондо түнү бою ок атуулардын үнү угулуп турду. Тополоң салгандар тарабынан кеминде 150 ирет ок чыгарылган.

Коопсуздук күчтөрүнө жаалданып, көчөгө чыккандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонууга туура келди. Демонстранттар он чакты имаратка, полиция унааларына өрт коюп, башаламандык талап-тоноо менен да коштолгон.

АКШ: Фергюсондогу тополоң
АКШ: Фергюсондогу тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

АКШнын авиация боюнча федералдык мекемеси тополоңдорго байланыштуу Сент-Луистин аэропортуна авиакаттамдарды убактылуу токтотту.

Америкалыктарга Ак үйдөн кайрылган учурунда президент Барак Обама кырдаалды комментарийлеп жатып, буларды белгиледи:

- Биз чоң жюринин чечимин кабыл алышыбыз абзел. Бул чечимге макул, ага абдан нааразы, атүгүл кыжырланган америкалыктар да бар. Бул түшүнүүгө боло турган реакция. Ал эми фергюсондуктарда көйгөйдү конструктивдүү да, деструктивдүү да чечүүнүн жолдору бар. Бирок бул жерде али проблемалар бардыгы да чындык, ал проблемаларды түстүүлөр жамааты гана жаратып жаткан жок. Азыркы чечимден ажыратып караганда, мыйзам дискриминациялык түрдө колдонулуп калганы сезилген учурлар боюнча маселе бар. Мен бул норма болуп калган жана жамааттардын, укук коргоо мекемелеринин басымдуу бөлүгү үчүн мүнөздүү көрүнүш деп ойлобойм. Бирок бул реалдуу маселелер.

Фергюсондогу азыркы нааразылыктар Сент-Луистин прокурору Боб Маккалло соттук чоң жюринин Даррен Уилсон ысымдуу жергиликтүү полицейге айып такпоо чечимин жарыялаган соң тутанды.

Даррен Уилсон
Даррен Уилсон

Уилсон быйыл 9-августта 18 жаштагы жергиликтүү ындыкара өспүрүм Майкл Браунду атып, өлтүрүп алган эле. Бул окуянын арты да Фергюсондо башаламандыктар менен коштолгон.

Сент Луистин прокурору билдиргендей, соттук чоң жюри полиция окту өзүн-өзү коргоо үчүн чыгарган деген тыянакка келген. Ал өспүрүмдү атайлап атты деген ырастоолор күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө далилденген эмес.

Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучусу. 24-ноябрь, 2014-жыл.
Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучусу. 24-ноябрь, 2014-жыл.

Бирок ындыкара өспүрүмдүн үй-бүлөсү жана нааразылыкка чыккандар бул чечимге ынанышпагандай. Чикагодон жарандык укуктарды коргоочу активист Жесси Жексон:

- Бүгүн кечинде ындыкара өспүрүмдүн атып өлтүрүлүшү акталып жатат. Ар бир шаарда өзүнүн Фергюсону, Майкл Брауну бар. Биз кыянатчылык токтошун көздөйбүз. Бул полициянын адамдарга каршы кыянатчылыгы.

Фергюсондук өспүрүмдү атып өлтүргөн полицейге айып тагылбай турганы билинген соң тынч мүнөздөгү нааразылык акциялар Нью Йоркто, Чикагодо, Сиэтлде, Лос Анжелесте, Вашингтондо да болду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG