Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Кабулдагы чабуулду "Талибан" мойнуна алды


Кандуу чабуулдан кийин ооган ооруканасына түшкөндөрдүн жакындары, 25.07.2017
Кандуу чабуулдан кийин ооган ооруканасына түшкөндөрдүн жакындары, 25.07.2017

Ооган бийликтери 26 киши набыт кетип, 41 адам жарадар болгонун билдирди.

“Талибан” кыймылы тараткан билдирүүдө жанкечти өлкөнүн чалгын агенттиги - Улуттук коопсуздук боюнча башкармалыктын эки кичи автобусун бутага алганын, андан 37 киши өлгөнү айтылат.

Бирок ооган өкмөтү чалгын кызматкерлери эч качан кичи автобуста жүрбөгөнүн бышыктады.

Жардырууда канча киши жабыркаганы тууралуу так сан айтыла элек.

“Рейтер” агенттиги ооган бийликтеринин жогорку даражалуу өкүлүнүн айтканына таянып, өлгөндөрдүн саны 35 десе, “Гардиан” гезити өз булактарынан алган маалымат боюнча набыт кеткендер 38ге жеткенин жазып чыкты.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну айыптап, “террорчулар карапайым адамдар менен мамлекеттик кызматкерлерди кайрадан бутага алышканын” айтты.

Ички иштер министрлиги “адамзатка каршы чабуул” деп атады. Министрликтин маалымат катчысы Нажиб Даниш ​“окуяда жабыр тарткандардын көпчүлүгү ошол жерде иштеген же өтүп бараткан бейкүнөө адамдар” – деп жардырууну жанкечти жасаганын Кабулда туруп журналисттерге айтты.

24-июлда Кабулдун батыш тарабында эртең мененки саат жетиде жанкечти “тоо-кен өнөр жай министрлигинин кызматкерлери ишке шашылган маалда алар түшкөн автобусту" бутага алган.

“Үрөй учурган жардыруудан кийин көп кишилер жерге жатып калышты, мен болсо тез жардамга эптеп жеттим. Андан аркысын билбейм” – дейт кандуу окуяга кабылган Нур Улла.

Бийликтер чабуул койгон жанкечти дароо ошол жерде өзү дагы жок болгонун ырасташты. Окуянын күбөлөрү куралчан жанкечти автобуска келип урунганын көрүшкөн.

Министрликтин өкүлүнүн айтканы боюнча автобус толук күйүп кеткендиктен мамлекеттик кызматкерлерден башка дагы жүргүнчүлөр бар-жогун аныктоо мүмкүн эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү немис маалымат агенттигине жардыруу ооган аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулланын орун басары Мухамед Мохакиктин резиденциясынын жанында болгонун билдирген. Мохакик жабыр тартпаганын анын маалымат катчысы кабарлады.

Кабулдун бул районунда хазарлар отурукташкан. Алар бир жыл мурунку кош жардыруунун курмандыктарын эскерүүгө камынып жатышкан. Анда 80ден ашуун киши набыт кетип, 230дай адам жарадам болгон. Алардын басымдуу көпчүлугү хазарлар эле. Бул этностук топ “Талибан” жана чектеш Пакистандагы суннит экстремисттердин бутасынан илинип келет.

“Талибан” кыймылы соңку күндөрү өлкөнүн бир нече провинциясында чабуул коюп, жекшембиде түндүк жана борбордук аймактарда эки районду басып алды.

Баглан, Бадахшан, Кундуз, Кандагар, Гелманд жана Урузган провинцияларында куралдуу кармаштар жүргөнүн өлкө бийлиги тастыктаган.

Улуттар Уюму кандуу чабуулдардын саны өскөнүн белгилеп, үстүбүздөгү жылы 1700дөн ашуун бейкүнөө адамдар жарыкчылык менен кош айтышканын билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG