Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Кабул мечитиндеги кандуу чабуул


Кабулдагы Сахи мечитинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Кабулдагы Сахи мечитинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ооган президенти Ашраф Гани 11-октябрдын кечинде Кабулдагы шииттердин диний жайында болгон чабуулду адамзатка каршы кылмыш деп атады. Ашура күнүн белгилөө үчүн Сахи мечитине чогулган шиит зыяратчыларына белгисиз адам ок чыгарып, андан 14 адам мерт болду. Кырктай зыяратчы ооруканага жеткирилди.

Шиит зыяратчылары шейшембинин кечиндеги үрөй учуруучу чабуулдун таасиринен арыла элек. Алар курмандыктарды эскерүү үчүн таң эрте Сахи мечитинин дарбазасынын алдына чогулушту. Кабулдагы ири мечиттердин бири саналган бул диний жай бүгүн жабык, аймакты куралчан аскерлер кайтарып турушат.

"Биз Ашура күнү үчүн келгенбиз. Өкмөт бул жактын коопсуздугун камсыз кылып, дарбазаларды тез арада ачат деп ишенебиз”,-дейт чогулгандардын бири Хажи Аман.

11-октябрдын кечинде бул мечитке куралчан киши кол салып, андан 14 адам мерт кеткенин расмийлер тастыкташты. Курмандыктардын 13ү карапайым тургундар, бирөө полиция кызматкери болгон.

Мечитке чабуул койгондор алгач айтылгандай үч эмес, бир эле адам экени аныкталды.

Полиция чабуулчуну атып өлтүрүп, "мечитте жардыруу да болгон" деген маалыматты териштирип жатат.

Курмандыктардын биринин тажыясы, 12-октябрь.
Курмандыктардын биринин тажыясы, 12-октябрь.

Күбөлөрдүн айтымында, куралчан адам алгач мечитти кайтарган полиция кызматкерине ок чыгарып, андан соң ичине кирип келген.

"Мен кечээ зыярат кылуу үчүн келгем. Эл сыйынып жатканда коопсуздук кызматкерлеринин кийимин кийген киши мечитке кирип келип, элге ок ата баштады. Өтө коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Элдин баары качууга аракет кылып жатышты. Ок адамдардын бутуна, колдоруна, денесинин ар кыл жерине тийип жатты”,-деди мечиттеги чабуулдан жаракат алып, азыр Кабулдагы ооруканада жаткан Масума Юсуфи.

Азырынча бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Талиптер өз билдирүүсүндө мечиттеги кол салууга тиешеси жоктугун жарыялады.

Ооган президенти Ашраф Гани курмандыктардын жакындарына көңүл айтып, бул окуяны адамзатка каршы кылмыш деп атады.

Кырктай адам ооруканага жеткирилди.
Кырктай адам ооруканага жеткирилди.

Президенттик администрациянын расмий билдирүүсүндө: “Террорчул чабуулдар ооган коомчулугунун ынтымагына өбөлгө болгон улуттук жана диний майрамдарды белгилөөгө тоскоолдук жарата албайт”,-деп айтылат.

Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кырктан ашык адам азыр ооруканада жатканын, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Ашура күнүндө шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын 680-жылы киши колдуу болгон небереси Имам Хуссейнди эскеришет. Анын өлүмү исламдагы шиит агымынын жаралышына жол ачкан. Дүйнөдөгү шииттер үчүн Ашура - куугунтукка каршы күрөштүн белгиси катары мүнөздөлүп келет.

Мечиттеги чабуулдан кийин аймакка атайын аскерлер жөнөтүлгөн.
Мечиттеги чабуулдан кийин аймакка атайын аскерлер жөнөтүлгөн.

Ооганстанда шиит мусулмандары бутага алынган учурлар буга чейин да катталган. Июль айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчиликти алган чабуул 84 адамдын өмүрүн кыйнаган. Анда курмандыктардын басымдуу бөлүгүн хазар улутундагы шииттер түзгөн.

Беш жыл мурда Кабулдагы дагы бир мечитте жанкечти жардыруу уюштуруп, 54 адам мерт кеткен. Ошол эле күнү Мазари-Шарифтеги шиит мечити да бутага алынып, төрт киши набыт болгон.

Кабул полициясы чабуул коркунучунан улам шииттерди ири жыйындарды өткөрүүдөн карманууга чакырып келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG