Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Йеменде да "отуз жылдык" президентти кетирүүнү көздөгөндөр бар


Йемендеги антиөкмөттүк жүрүш. Сана, 3-февраль, 2011-ж.
Йемендеги антиөкмөттүк жүрүш. Сана, 3-февраль, 2011-ж.

3-февралда Йеменде президент Али Абдулла Салехтин отуз жылдан ашуун убакытка созулган бийлигинин бүтүшүн талап кылгандар кайрадан көчөгө чыгышты. Бул күнкү демонстрациялар президент мунун алдында айрым бир чегинүүлөргө барганына карабай өттү. Баш калаа Санада 3-февралда президенттин жактоочулары да чогулду.

3-февралдагы демонстрацияларга Йемен оппозициясы “Каардануу күнү” деген ат ыйгарган. Маалыматтарга караганда, бул күнү борбор Сана шаарынын ар кайсы бөлүгүндө президент Али Абдулла Салехтин режимине каршы чогулгандардын саны 20 миң адамдан ашты.

Бул Тунисте президенттин бийликтен кулатылышына, Египетте 30 жыл бийликте отурган Хосни Мубаракты жарга такалышына алып келген окуяларга шыктанган йемендиктер көчөгө чыга баштаган эки аптадан берки эң ири нааразылык акциясы катары мүнөздөлүүдө.

3-февралда көчөгө чыккандардын бири Монвар ал-Хмади Рейтер агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Биз убадаларды жек көрөбүз, азыр абдан кеч болуп калды. Биз реформаны узактан бери эле өтүнүп келгенбиз. Биз "чиновниктер акыр аягында түшүнөт" деп эзүүгө, ачкачылыкка чыдадык. Бирок алар бизди түшүнгөн жок.

3-февралдагы нааразылык жүрүшүнөн бир күн алдыда эле президент Салех парламентте сүйлөгөн учурунда оппозиция талаптарынан улам айрым бир чегинүүлөргө барарын ачыктаган. Өз сөзүндө йемен лидери азыркы бийлик мөөнөтү аяктоочу 2013-жылы кайра шайлоого барбоону жана бийлигин баласына өткөрүп бербөөнү убада кылды.

- Айрымдар утур-утур ырастап жаткандай, бул жерде эч кандай узартуу, мурастоо же саатты кайра буроо жок. Айрымдар президент бийликти өз баласына өткөрүүнү, саатты артка буроону көздөр жатат деп айтышууда. Бирок президенттин программасында мындай нерселер жок. Менин программам боюнча бийлик тынч, ызы-чуусуз, көчөлөрдөгү башаламандыксыз, дүкөндөр менен имараттар талкаланбастан өтүүсү керек. Муну элестетүү мүмкүн эмес. Йемендиктердин баары өз мүлкүн жана ар-намысын коргойт.

Президент Салехтин бул сөздөрүнө тушташ шаршемби жана бейшемби күндөрү оппозицияга каршы ураан-чакырыктарды көтөрүп, азыркы бийликтин жактоочулары да чыгышты. 3-февралдагы демонстрацияда өкмөтчүлдөрдүн саны болжол менен оппозиция жактоочуларыныкына тең болгону кабарланды. Өкмөтчүл йемендиктердин бири Мухаммед Ахмед Алзаба мындай дейт:

- Демонстрациябыз аркылуу биз айтууну көздөгөн ой: бириккен оппозициянын сөздөрүнө ишенбегиле, анткени айтып жаткандары калп. Айкындык жана багыт жок. Силерди алдоо үчүн алар саботажга жана хаоско чакырып жатат. Мамлекет баарыбызга таандык, биздин душмандар ага бузуку иш жасоону көздөшүүдө.

Көчөгө өкмөттүн жактоочулары да чыгууда.
Египеттегидей сыяктуу бейшембиде Йеменде да эки тарап кагылыша кетеби деген кооптонуулар болгон. Бирок эки демонстрация тең тыч аяктады.

Араб дүйнөсүнүн эң жакыр мамлекеттеринин бири катары эсептелген Йемен АКШнын “ал-Каидага” каршы күрөштөгү белдүү өнөктөшү. Анткени бул эл аралык террордук түйүндүн Йемендеги канаты дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочусу Сауд Аравияны бутага алып жүрөт.

Талдоочулардын пикиринде, Йеменде бир чети “ал-каидачылар”, экинчи чети өлкөнүн түштүгүндө жикчил кыймыл, түндүктө шийит козголоңчулары бардыгын эске алганда бул мамлекеттеги туруксуздук Перси булуңунун башка өлкөлөрү үчүн да саясий жана коопсуздук жактан олуттуу тобокелчиликтерди жаратат.

Йемендин мамлекеттик кабар агенттиги билдиргендей, АКШ президенти Барак Обама Салехке телефон чалып, анын соңку демигелерин колдогон.

Салех чегинүү катар оппозицияга улуттук биримдик өкмөтүнө кирүүнү да сунуштады. Ошондой эле оппозиция алдыдагы парламенттик шайлоо адилет өтөрүнө ишенгидей реформаларды жасоо үчүн аны өткөрүү мөөнөтүн апрель айына чейин созууну убада кылды. Ал өлкөнү 1978-жылдан бери башкарып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG