Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Йемен: Кыянатчылыктар уланууда


Таиз шаарында 29-майдагы кагылыштардан кеминде 20дай демонстрант каза тапты.
Таиз шаарында 29-майдагы кагылыштардан кеминде 20дай демонстрант каза тапты.

Саясий күчтөрдүн жана калкынын бир бөлүгү акыркы төрт айдан бери президенттин кызматтан кетишин талап кылып жаткан Йеменде кырдаал курч бойдон калууда. Өлкө бийликтеринин соңку ырастоолоруна караганда, деңиз жээгиндеги Зинджибар шаары исламчыл согушкерлердин колуна өтүп кетти.

Йемендеги соңку окуялардан улам дүйнөнүн ири державалары ансыз деле каржылык жактан кыйроонун босогосунда турган, мурдатан эле “ал-Каида” согушкерлери бар деп эсептелген бул өлкө башкарылбаган мамлекетке айланып, мунайга бай аймакка жана өз коңшусу - дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочусу Сауд Аравиянын коопсуздугуна коркунуч туудурабы деп чоочулашууда. Акыркы күндөрү бул өлкөдөгү кыянатчылыктар үч фронтто орун алды.

Жекшембинин кечинде кеминде 20дай демонстрант өлкөнүн экинчи ири шаары Таизде каза табышты. Алардан тышкары Таиздеги кагылыштарда дагы жүздөй демонстрант жаракат алган. Бул шаарга өкмөттүк күчтөр бир нече айдан бери созулуп жаткан нааразылык акциясын аягына чыгаруу максатында киргизилгендей. Коопсуздук күчтөрү демонстранттардын лагерине чабуул жасап, алар жашап турган чатырларга өрт коюшкан. Дарыгерлер менен адам укугун коргоочу активисттердин айтымында, демонстранттарга каршы кадимки октордон тышкары суу бүркүгүчтөр жана көздөн жаш агызуучу газ да колдонулган.

Ал эми түштүктөгү Абьян провинциянын борбору, Таиз шаарына жакын, деңиз жээгиндеги Зинджибар шаарында өкмөттүк күчтөр төрт жоокерин жоготту, дагы жети жоокери жаракат алды. Расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, бул шаар өткөн ишембиден бери жүздөгөн исламчыл согушкерлердин колунда турат. Өкмөт аларды “ал-каидачылар” деп мүнөздөөдө. Маалыматтарга караганда, согушкерлерди салган жүк ташуучу автоунаалар шаарга көзөмөл бекеттерде токтотулбастан эле кирген. Өкмөттүк аскерлердин кербени болсо шаардан бир чакырымдай сыртта согушкерлердин буктурмасына тушуккан. Дүйшөмбүдө жергиликтүү тугундардын айтымында, йемен армиясынын учактары ошол Зинджибар шаарына абадан сокку урушту.
Бирок йемен оппозициясы жана диссидент генералдар президент Салехти Зинджибар шаарын согушкерлерге атайлап эле өткөрүп берип койду деп эсептешүүдө. Алардын пикиринде, президент Салех “ал-Каида” коркунучун аймактагы өлкөлөрдөн жана эл аралык өнөктөштөрдөн жардам алуу, өзүнүн бийликте калышынын маанилүүлүгүн каңкуулоо үчүн колдонууда. Анткени президент Салех буга чейин эгер ал бийликтен кетсе, “ал-каидачылар” баш көтөрөрүн утур-утур эскертип келген.

Өлкөнүн мурдагы коргоо министри, генерал Абдалла Али Алейва болсо, президент Салехтин бийлигин Абьян провинциясындагы согушкерлерди башалмандык жана демонстранттарга каршы күч колдонгудай жагдай жаратуусу үчүн курал менен өзү камсыздады деп айыптады.

- Биз режимдин жасап жаткандарын: кээ бир провинцияларды режимдин өз колу менен түзүлгөн бандиттердин, диверсанттардын, террорчулардын карамагына берип, аларды биздин армияга зыян келтирүүсү үчүн адам өлтүрүүгө жана саботажга чакырып жатканын айыптайбыз.

Түштүктөн тышкары атышуулар жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү борбор Сана шаарынын ал-Хасаб районунда да угулуп турду. Өткөн жума боюу шаардын түндүк бөлүгүндө өкмөттүк күчтөр менен Салехке каршы чыккан уруулардын согушкерлери ортосунда айгышкан уруштар жүрүп, алар апта соңуна барып ок атышууну токтотууну макулдашкан эле. Бул уруш башталар алдында Салех Перси булуңунун кызматташтык кеңеши уюму ортомчулук кылган, анын бийликти оппозицияга өткөрүп берүүсүнүн жол-жобосун караган келишимге кол коюудан баш тарткан.

Отуз үч жылдан бери бийликте турган Али Абдулла Салехтин кызматтан кетүүсүн талап кылып, соңку төрт айдан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда 300дөй адамдын өмүрү кыйылды. Йемендиктерди да көчөөгө чыгууга Египет менен Тунистте автократ президенттердин бийликтен кулашына алып барган “Араб жазы” кыймылы шыктандырган. Бирок өз калкынын бир бөлүгүнүн, аймактык жана дүйнөлүк державалардын кысымына карабай Салех президенттиктен чегинбей жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG