26-июлда Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье облусун төрт авиабомба менен аткылады.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, май куюучу станциялар, сокку тийген жерге жакын жайгашкан имараттар, окуу жайына зыян келтирилип, автоунаа өрттөнүп кетти.
Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына караганда, бир киши каза таап, алтоо жараат алды.
Кечээ орус армиясы Запорожьеге үч авиабомба менен сокку уруп, бир киши каза тапкан. Жараат алган 11 кишинин үчөө балдар экени кабарланган.
Запорожье дээрлик күн сайын авиабомба менен соккуга кабылып келет.
20-июлда орусиялык авиабомба беш кабаттуу турак жайга тийгенде он бир жашар кыздын өмүрүн алган.
Кийинки күнү көп кабаттуу үй соккуга кабылып, үч киши каза болгон.
Орусиянын армиясы 26-июлга караган түнү Украинанын аймагына сокку урду.
Башкалаа Киевдин Шевченков, Соломенск, Деснянск райондору бутага алынганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Шевченков районунда дрондун калдыктары 18 кабаттуу үйгө кулап, 7-8-кабаттарында өрт чыкты. Соломенск районунда дрон сыныктарынан ээн курулушта, Деснянск районунда автоунаалар менен машине токтотуучу жайда өрт чыкты. Үч киши жабыркады. Бири ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук жардам алып чыкты.
Харьковдун мэри Игорь Терехов дрон соккусунан бир киши каза тапканын, жаракат алган алты кишинин экөө балдар экенин билдирди.
Кривой Рогдо учкучсуз учактын чабуулунан курулуш гипермаркетин өрт чалды.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, түнү орус армиясы башкарылуучу авиациялык Х-59/69 ракетасын, жети баллистикалык "Искандер-М"/С-400 ракетасын, 100дөн ашуун дрон колдонду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде дрон чыгарган, чогултулган жана сакталган ишкана бутага алынганын жарыялады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путин менен Омскиде өткөн жолугушуусунда Украинадагы жаңжалды токтотууну сунуштады.
"Баарын токтотуш керек. Менин көз карашымда болуп жаткандар Орусияда да, Украинада да каршылаштар пайдасына иштеп, табасын кандырып жатат", - деди Токаев "Интерфакс" агенттигине.
Токаев Стамбул келишимине кайтууну сунуштап, ошол эле учурда Украина менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуудан баш тартты.
"Биз украин элине дайыма урмат-сый менен мамиле кылып келгенбиз. Жаңжалдын табияты көптөр үчүн анын арасында бизге да түшүнүксүз. Мен Аляскада дипломатиялык ийкемдүүлүктү көрсөткөнүңүздү билем. Бул менин жупуну пикирим. Балким, жаңжалды тоңдуруп, "Стамбул макулдашуулары 2.0" форматына кайтуу керектир. Албетте, АКШ баштаган чоң мамлекеттердин кепилдиги астында. Мен ортомчу болуудан баш тартам", - деди Токаев.
Путин буга жооп катары Токаевге "украин багытындагы иштерден кабардар кылууга" убада берди.
Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин 25-июлда Омск шаарына Аймактар аралык кызматташтык форумуна катышуу үчүн келишти. Пленардык жыйын алдында мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Украинадагы жаңжалды тоңдуруу сунушу буга чейин да бир нече ирет айтылган. Британия, Франция жана Германия лидерлери Украинадагы жаңжалды тоңдуруп, тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүнү сунушташкан.
Путин Орусия өз кызыкчылыктарын эске алуу менен согушту тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. Президент тынчтыктын шарттары катары украин аскерлерин "ДЭР", "ЛЭР", Запорожье жана Херсон облустарынан чыгарууну, Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусун жана Орусияга каршы санкцияларды жоюуну атаган.
Бирок президент Владимир Зеленский Украинадагы согушту "тоңдурууга" каршы чыккан. Ал 2024-жылы Франциянын Улуттук ассамблеясынын алдында сүйлөгөн сөзүндө бул согуштук аракеттердеги убактылуу гана тыныгуу болорун жана Орусиянын Украинага каршы "агрессиясын" токтотпой турганын билдирген.
Орусиянын Украинанын аймактарына 25-июлда урган соккуларынан кеминде жети адам каза болду. Сумыда "Нова пошта" терминалы, Полтавада май куюучу жай, бир катар облустардагы инфраструктура жана турак үйлөр аткыланды.
"Нова поштанын" маалыматына караганда, жеткирүүчү өнөктөш ишканалардын үч айдоочусу каза болду.
Мэр Артем Кобзарь тактагандай, сокку реактивдүү учкучсуз аппараттар менен урулду. Чоң өрт чыгып, чабуул коюлган жерден дагы эки кишинин сөөгү табылды, мындан тышкары бир киши оор жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумду.
Славянскиде дрон жер тамдардын бирине тийгенин, аял тургун каза болуп, дагы эки киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Ляхтын маалыматына караганда, бир сутка ичинде бул шаарда жалпы алты киши каза болуп, дагы 27и жараат алды.
Херсондо орус артиллериясы эки районду аткылап, көп кабаттуу үйгө снаряд тийгенде бир адам каза болгонун, дагы экөө оор жараат алганын облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.
Полтава облусунда орус армиясы май куюучу төрт жайга жана өрт өчүрүүчү бөлүмдүн имаратына чабуул койду. Бул тууралуу облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич кабарлады.
Запорожье облусунда Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында 25-июлга караган түнү он адам жабыркаганын Telegram каналына аймактын башчысы Иван Федоров жазды. Запорожье шаарында эки кабаттуу соода борбору, дүкөндөр жана павильондор, жалпысынан 900 чарчы метрлик аянт күйүп кеткенин ӨКМ маалымдады. Эртең менен соккулар уланып, бир аял каза болду, дагы тогуз адам медициналык жардамга муктаж, алардын арасында үч бала бар.