28-июлга караган түнү Москва аймагы кайрадан дрон чабуулуна кабылды. Мэр Сергей Собянин жалпысынан 390 дрон менен чабуул коюлганын, анын көбү атып түшүрүлгөнүн, 81и шаарга жакын жерден жок кылынганын билдирди.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Telegram баракчасына Чехов шаарынын Земская көчөсүндө көп кабаттуу үйгө дрон тийгенин жазды. Чеховдун мэри Михаил Собакиндин айтымында, эки батир зыянга учурады. Адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу азырынча айтыла элек. Ал Ваулово жана Дубна айылдарында жеке үйлөр соккуга дуушар болгонун кошумчалады.
Соңку чабуулдардан Подольск аймагындагы Коледино кыштагында 3PL логистикалык кампасында өрт чыкканы, асманга кара түтүн көтөрүлүп жатканы тартылган видеолор социалдык түйүндөрдө тарап жатат.
Маалыматтарга караганда, өрттөнгөн 3PL кампасынын жанында Wildberries компаниясынын да кампасы жайгашкан.
Колединодогу Wildberries логистикалык комплекси жабыркабаганын, кадимки тартипте иштеп жатканын маркетплейстин басма сөз кызматы билдирди.
Чехов шаарындагы регенераттык завод Орусияда резинадан дөңгөлөк жана башка буюмдарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Анын жанында, болжол менен 800 метр аралыкта "Гидростальконструкция" ишканасы жайгашкан. Ал гидромеханикалык жабдууларды, металл конструкцияларын жана энергетика, суу чарба курулуштары үчүн буюмдарды чыгарууга адистешкен.
Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда.
Алгач 18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган.
Украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигация жабдуулары жана курал менен камсыздаган логистикалык борборлорго сокку уруп жатканын билдирген:
«Согушту баштаган жерге – Орусияга кайтаруу адилеттүү көрүнүш. Украина орус тарапка тынчтык орнотуу үчүн бардык сунуштарды берди. Дипломатияга өтүүгө басым жасаш керек».
Украинанын Сумы аймагы 28-июлга караган түнү башкарылуучу авиабомба менен аткыланып, үч бала жана үч чоң киши жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
"Орусиянын авиабомбаларынын соккусунан жеке үйлөр талкаланып, жабыркады. Түнү бою куткаруу иштери уланды, тилекке жараша, эч ким каза болгон жок", - деди ал.
Таңга жуук орусиялык аскерлер Херсондун борбордук районуна артиллериядан ок чыгарганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, 61 жаштагы эркек киши каза болду.
Мындан тышкары, буга чейинки соккулардан жараат алган эки жергиликтүү тургун - 89 жаштагы аял жана 58 жаштагы эркек да көз жумганы белгилүү болду.
27-июль Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын түнкү чабуулдарында курман болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Бул тууралуу Чернигов шаардык аскердик администрациясынын башчысы Дмитрий Брижинский билдирди.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, орус армиясы үч объектиге: супермаркетке, автоунаа оңдоочу жайга жана кампага сокку урду.
20 киши дарыгерлерге кайрылып, үчөө ооруканага жатты. Буга чейин жети киши жабыркаганы айтылып жаткан. Эки киши каза тапты, бири он жашар кыз.
Румыниянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы өлкөнүн аба мейкиндигинде дагы бир дронду атып түшүрдү. Бул бир жуманын ичинде жок кылынган үчүнчү дрон. Окуя Одессага жакын Сулина-Килия аймагындагы Румыниянын аймактык сууларынын үстүндө болду. Бул тууралуу Румыниянын президенти Никушор Дан X социалдык тармагына жазды. Ал Румыниянын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жаткан иликтөөгө ылайык, 24-июлда эртең менен атып түшүрүлгөн дронду Орусия Украинага каршы согушта колдонорун жазды. Бул маалыматтар Орусияга жөнөтүлө турган дипломатиялык нотанын негизин түзөт.
"Орусия Федерациясынын Румыниянын, ошол эле кезде НАТО менен Европа Биримдигинин да аба мейкиндигин бузууну улантышы жол берилгис жана мындай көрүнүшкө чыдоого болбойт. Мындай аракеттер кабыл алынгыс жана биз өнөктөштөрүбүз менен бирге муну өтө олуттуу кабыл алабыз", - деп жазды президент Дан.
Мурдараак өлкө башчысы 25-июлда эртең менен Сфынту-Георге шаарынан батышты көздөй ондогон чакырым алыста экинчи дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.
Бул окуядан кийин, 26-июлда Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырган.