Орусиянын аскерлери 8-августка караган түнү Украинанын борбору Киевге жана Киев облусуна кайрадан жапырт чабуулун жасады.
"Бровары районунда душмандын чабуулунун кесепеттери үч жерде катталды. Тилекке каршы, үч адам, анын ичинде бир бала каза болду. Дагы үч адам жараат алды, алардын арасында да бир бала бар", - деп билдирди Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Telegram каналы аркылуу.
Ткаченконун айтымында, сыныктар кулаганда жеке турак үй, чарбалык курулуштар, унаалар зыянга учурап, ишканалардын биринин имаратынын аймагында өрт чыккан.
Киев шаарында баллистикалык ракета коркунучу жарыялангандан үч сааттан кийин эки жерде өрт чыкканы, төрт адам жаракат алганы маалымдалды.
Соңку жумаларда орус аскерлери Киевге ракеталык чабуулдарын күчөттү. Украин бийлиги баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдирип, АКШдан жардам суроодо.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага аба чабуулдарынан коргонууда колдонулуучу Patriot зениттик-ракеталык комплексине кошумча ракета берүү маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып "алар бизге өзүбүзгө керек" деп билдирди.
6-августта Ак үйдөгү брифингде журналисттер Трампка украин президенти Владимир Зеленскийдин Орусия баллистикалык ракета чабуулдарын күчөткөнү, андай соккулардан коргонуу барган сайын оорлогону тууралуу билдирүүсүн мисал келтирип суроо беришкен.
Трамп буга чейинки президент Жо Байдендин тушунда ракеталар короп кеткенин, ал "өтө көп куралды бекер берип салганын" айтты.
Июль айында Анкарада өткөн НАТО саммитинде Зеленский менен жолугушууда Трамп АКШ Украинага Patriot системасынын ракеталарын жасоого лицензия берерин айткан, бирок кийин андай болушу мүмкүн эмес экенин бир нече жолу кыйыткан.
Жакында Ак үйдө өткөн жолугушууда Зеленский Украинанын энергетикалык инфраструктурасын кыш мезгилинде коргоо үчүн АКШ президентинен абадан коргонуу үчүн кошумча ракета бөлүп берүүнү кайрадан суранган. Бирок Трамп бул өтүнүчтү четке какканын бир нече маалымат булагы кабарлаган.
Reuters агенттиги Трамп февралдын аягында Иранга каршы баштаган согуштун айынан АКШнын айрым ракета запастары кыйла азайып калган болушу мүмкүн экенин жазган.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев орусиялык Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал Кыргыз-Орус ишкерлер кеңешинин жыйынында айтканын мекеменин басма сөз кызматы 7-августта билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул максатка жетүүдөгү көйгөйлөр деп бюрократия, негизсиз текшерүүлөр, чек арадагы тоскоолдуктар менен катар маркетплейстин кампаларына жасалып жаткан чабуулдар аталды.
"Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек", - деди Сариев.
18-июлдан бери Орусияда Wildberries компаниясынын кампалары дээрлик күн сайын дрон соккуларына кабылып келатат. Алгачкы күнү ондой адам каза болду, арасында Тажикстандын бир жараны бар экени кабарланган. Украин бийлиги Wildberries аркылуу Орусияга аскердик жабдуу, анын ичинде рациялар, ок өтпөс жилеттер жана дрондор үчүн компоненттер жеткирилүүдө деп эсептейт.
Wildberries маркетплейси Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында жалпы аянты 260 миң чарчы метрди түзгөн ири кампа комплекстерин куруп жатканын 4-августта Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирген. Министр сөз болгон долбоорлор тууралуу бир нече жыл мурун эле айтылып келгенин жана Орусиядагы кампаларга болуп жаткан соңку соккуларга тиешеси жоктугун белгиледи.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Wildberries казак жергесинде кошумча кампаларды издеп жатканын жазышкан. Бирок Соода жана интеграция министрлиги компаниядан расмий кайрылуу түшпөгөнүн жана сунуш болсо өлкөнүн мыйзамдарына жана кызыкчылыктарына жараша караларын билдирген.
Екатеринбургда Wildberries кампасы дрон чабуулуна кабылды, 800 адам эвакуацияланды
Орусиянын Екатеринбург шаарында Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна үч учкучсуз учак (дрон) чабуул жасады. Бул тууралуу 7-августта Би-Би-Си Свердлов облусунун губернатору Денис Паслердин маалыматына таянып билдирди.
Анын айтымында, үч дрон логистикалык борбордун чатырына түшүп, өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп, окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жатат.
Украиналык дрондордун чабуулунан улам кампанын имаратынан 800 адам эвакуацияланганын Орусия президентинин Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Артем Жога билдирди. Анын маалыматына караганда, жабыркагандар жок.
Wildberries компаниясы да өзүнүн Telegram каналында Екатеринбургдагы логистикалык борборго дрон чабуулу коюлуп, өрт чыкканын ырастады. Өрттүн аянты азырынча так айтыла элек.
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Telegram каналдарында дрон соккусунан кийинки өрт жана түтүн тартылган видео жарыяланган.
18-июлдан бери Орусияда, ушуну менен, Wildberries кампаларын кеминде 15-жолу өрт каптады. Соккулар дээрлик күн сайын болуп жатат, ондой адам каза болду, арасында Тажикстандын бир жараны бар экени кабарланган.
Расмий Киев бул соккуларды маркетплейс Орусия логистикасынын "өтө маанилүү бөлүгү" экендиги менен түшүндүрүп келет. Украин бийлиги Wildberries аркылуу Орусияга аскердик жабдуу, анын ичинде рациялар, ок өтпөс жилеттер жана дрондор үчүн компоненттер жеткирилүүдө деп эсептейт.
Орусиянын Ярославль облусунда мунай иштетүүчү ири заводго сокку урулду
6-августка караган түнү украиналык учкучсуз учуучу аппараттар Орусиянын Ярославль облусунда жайгашкан эң ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири болгон «Ярославнефтеоргсинтез» (ЯНОС) заводуна сокку урду. Бул тууралуу Astra басылмасы жана мониторинг жүргүзгөн украиналык Telegram каналдар күбөлөрдүн фото жана видеолоруна таянып билдиришти.
Соккудан кийин заводдун аймагында бир нече жарылуу болуп, өрт чыккан. Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон Ярославль шаарынын үстүн коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот.
«Славнефть» компаниясына таандык «Ярославнефтеоргсинтез» заводу Орусиядагы кубаттуулугу боюнча бешинчи ири мунай иштетүүчү ишкана. Ал жылына 15 миллион тоннага чейин чийки мунайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү.
Маалыматтарга караганда, Украина бул ишкананы ушуну менен быйыл жыл башынан бери кеминде жетинчи жолу бутага алды.
Ярославль облусунун губернатору Михаил Евраев түнкү чабуулду «эң катуу дрон чабуулдардын бири» деп атады.
Губернатордун маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү жалпысынан 88 дронду атып түшүргөн. Чабуулдун кесепетинен бир жеке турак жай күйүп кеткен, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынган жана бир нече автоунаа зыянга учураган. Адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу айтылган жок.
Орусияда быйыл июль айында мунайды кайра иштетүүнүн орточо суткалык көлөмү 3,6 миллион баррелди түзүп, бул көрсөткүч сезондук нормадан болжол менен үчтөн бирге аз болду. Июль айында, Deutsche Welle жазгандай, өлкөдөгү мунай объектилери кеминде 30 жолу чабуулга кабылды. Бул, расмий эсептөөлөргө караганда, согуш башталгандан бери бир ай ичиндеги экинчи эң жогорку көрсөткүч.
Украинанын соккуларынан мунай иштетүүчү заводдордо өндүрүш 2002-жылдын май айынан берки эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскарганын 3-августта Bloomberg агенттиги EA Analytics компаниясынын маалыматтарына таянып кабарлады.
Чабуулга негизинен ири мунай иштетүүчү заводдор, мунай ташуучу танкерлер, ошондой эле деңиз жана куур инфраструктурасы кабылууда.
23-июлда Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 21-топтому күчүнө кирген. Бул чаралардын максатынын бири орус бийлигинин мунай сатуудан түшкөн кирешесин кыскартуу экени белгиленген. Еврошаркет мунайдан түшкөн каражатты Москва Украинага каршы согушун каржылоону улантууга жардам берүүдө деп эсептейт.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.