"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ирандык кызматы («Фарда» радиосу) борбор калаа Тегеранда жана Караж, Гармдарре шаарларында 28-февралдын кечинде да жарылуулар болгону тууралуу маалыматтарды алганын билдирди.
Ирандын маалымат агенттиктери кабарлагандай, Тегеранда катуу жарылуу болгону угулду.
Көз каранды эмес маалымат булактары ушундай эле жарылуу Ирандын башка шаарларында да болуп жатканын кабарлашты.
Мунай ташуунун негизги жолу болгон Ормуз кысыгында кеме кыймылы токтогону айтылды
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна караштуу Tasnim маалымат агенттиги өз булактарына таянып мунай ташуунун негизги жолу болгон Ормуз кысыгы жабылганын билдирди. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Улуу Британиянын деңиз соода уюму да бир нече кеме кысык аркылуу өтүүнү токтотуу жөнүндө эскертүү алганын билдирди.
Тегеран кемелердин токтогонун расмий түрдө жарыялай элек.
Спутниктен алынган сүрөттөр көрсөткөндөй, кемелердин көбү Ормуз кысыгына эмес, аймактагы ири порттордун жанында (мисалы, Бириккен Араб Эмирликтериндеги Фужайра) топтолууда. Бул тууралуу Reuters жазды.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен 20% ташылып өтүүчү эң маанилүү деңиз соода жолдорунун бири деп эсептелет.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши 28-февралда Нью-Йорк убактысы боюнча саат 16:00дө (Бишкек боюнча 1-март, түнкү саат 03:00) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулганы жатат.
Чукул жыйын өткөрүүнү Франция, Бахрейн, Колумбия, Кытай жана Орусия сунушташты.
Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйыны жарыяланганга чейин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушун айыптаган.
"АКШ менен Израилдин Иранга каршы күч колдонуусу жана Ирандын андан кийинки аймак боюнча жооп кайтаруу соккулары эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун пайдубалын бузат", - деди ал.
Ирандын коргоо министри жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири жок кылынганы кабарланды
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын коргоо министри Амир Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Мохаммед Пакпур Израилдин соңку соккуларынын кесепетинде жок кылынган болушу ыктымал.
Бул тууралуу Израилдин аскердик операциясы тууралуу кабардар болгон кеминде эки адам, мындан тышкары аймактагы дагы бир булак маалымат беришкени айтылды.
The Times of Israel басылмасы Пакпур, Насирзаде жана Ирандын чалгын мекемесинин башчысы жок кылынган болушу мүмкүн экенин израилдик аскер кызматкерлеринин айтканына таянып жазган болчу.
Шерине