Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44
Тегеран. 1-март, 2026-жыл.
Тегеран. 1-март, 2026-жыл.

Иран менен Израил бири-бирине сокку урду. Эки тарапта тең каза тапкандар бар

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

Эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

23:58

Иранга каршы "Эпикалык каардануу" операциясында үч аскери набыт болуп, дагы бешөө жараат алганын АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы билдирди. Жеңил жараат алган бир нече аскер операцияга кайра кошулуу алдындагы медициналык кароодон өтүп жатат.

Ирандын IRIB маалымат агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракеттенген мунай танкери чөгүп баратканын кабарлады. Skylight деп аталган танкер Палаунун желеги астында Ирактын Басра шаарындагы порттон Оманды көздөй баратып, бул өлкөнүн жээгине жакын жерде чөгө баштаган. Рейтер агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу каттаган 150дөй мунай танкери ушу тапта Иран, Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Омандын жээктерине жакын жерлерде жылбай токтоп калганын маалымдады. Эксперттер дүйнөдөгү кара майдын бештен бири ташылган кысыктын кооптуу абалда калышы мунайдын баасына терс таасир этет деп эскертүүдө.

23:58

Иерусалимден анча алыс эмес жайгашкан Бейт-Шемеш шаарында көп кабаттуу турак жайга тийген ракетадан өлгөндөрдүн саны тогуз кишиге жетти. Ирандын аба соккуларынын көбүн Израил асманда токтотуп жатканы менен, жашоочуларга бардык чабуулдардын жолун тосуу мүмкүн эмес экени эскертилген.

Бейт-Шемештеги соккудан дагы 30дай киши жараат алганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин израилдик куткаруучулар кабарлашты.

Жекшембиде Ирандын аба соккулары Катар, Бахрейндин баш калаалары Доха, Манаманы, Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаары Дубайдагы айрым жайларды бутага алды.

23:57

Израилдин Ирандын Илам провинциясындагы Мехран базасына жасаган соккусунан 22 жоокер мерт болду, дагы кеминде 21 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу жекшембиде Tasnim маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, “бомбалоо менен коштолгон” чабуулда Имам Хомейни аянтындагы Мехран чек ара бөлүгү бутага алынган.

Ал арада Израилде Ирандын ракеталык соккусунан алты адам набыт болуп, дагы 23 киши жараат алды. The Times of Israel басылмасы Тез жардам кызматына шилтеме кылып Бейт-Шемеш шаарына баллистикалык ракета кулаганын жазды.

Өлкөдөгү 9-канал ракета жер тамга түшкөнүн, “Едино Ахронот” басылмасы соккуга синагоганын жанындагы жай кабылганын кабарлады.

28-феврада Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен операция баштаган. Тегеран жооп кайтарып, Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларын, жайларын бутага алган.

18:08

Иранда шиялардын таасирдүү диниятчысы Алиреза Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткара турган убактылуу кеңешке кирди. Бул тууралуу мамлекеттик ISNA агенттиги кабарлады. Аны көптөн бери аятолла Али Хаменеинин мураскери катары атап келишкен.

Ирандагы диний окуу жайлар тармагын башкарган Алиреза Арафи 67 жашта. Анын атасы Мохаммад Ибрагим Рухолла Хомейнинин (1902–1989) жакын досу, өзү 28-февралда өлтүрүлгөн Али Хаменеинин ишенимдүү өкүлү болгон. Арафи Конституцияны коргоо кеңешине жана жогорку лидерди шайлай турган Эксперттер кеңешине мүчө.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. 86 жаштагы Хаменеи Тегеранга урулган соккуда өлгөн.

Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлүмүнөн улам Ирандын президенти менен элине көңүл айтканы Кремлдин сайтында жарыяланды.

Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсүнөн турган топ убактылуу башкарары жарыяланган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG