Ирандын расмий маалымат каражаттары 1-мартта Оманда порт жана анын жээктеринде мунай тарткан танкер аткыланганын жазышты.
Бул Иран америка-израил биргелешкен аскердик операциясына жооп кайтара баштагандан бери АКШ менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келаткан Оманга биринчи сокку.
Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдарына жооп иретинде Американын Перс булуңундагы жана Ирактын Күрдстан аймагындагы америкалык базаларга, Израилдин шаарларына соккуларын 1-мартта улантууда.
28-февралда Тегеранга америка-израил биргелешкен чабуулунда Ирандын жогорку руханий лидери, консервативдүү революционер жана катаал башкаруучу катары таанылган аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн.
Ирандын Ислам сакчылар корпусу билдиргендей, америкалык 27 база, Израилдин Тель-Ноф аба базасы, Тель-Авивде Израилдин армиясынын штаб-үйү, ири коргонуу өнөр жай комплекси бутага алынды.
Иран парламентинин өкүлү Мохаммад-Багер Галибаф өлкөнүн куралдуу күчтөрү чөлкөмдөгү америкалык жана израилдик объектилерге сокку урууну улантарын айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранды жооп чабуулдардан карманууга чакырды. Буга чейин Иран кечээги чабуулдарга жообу катуу болорун билдирген.
Жекшембиде БАЭнин Дубай шаарында, Катардын борбору Дохада, Оманда жана Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда жардыруулар болду. Ирандын өзүндө Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу маанай ар кандай. Өлкө ичинде жана чет мамлекеттердеги ирандык айрым жарандар "ислам диктатурасына каргыш тийсин" деген чакырыктарды айтып, кубанып жатышат. Аятолланын өлүмүнө кайгыргандар да бар. AFP агенттигинин кабарчылары Дубайда, Дохада, Бахрейнде башкалаа Манамада жардыруулардын добуштары угулганын жазып жатат.
Дубайда ракеталык сокку эл аралык аэропортко тийген, имаратка зыян келтирилген, интернетте тараган сүрөт-видеолордон аба майдандын үстүнөн коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Дубайдагы Бурж-эль-Араб мейманканасы да бутага алынган.
Ал тапта Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) жекшембиде аба күчтөрү Тегерандагы бийликке тиешелүү объектилерге соккуларды ура баштаганын жарыялады.
Associated Press АКШнын Карачидеги консулдугунун имаратына 500дөй мусулман шиялар чабуул койгонун жазды. Фарда радиосу нааразылыкка чыккандардын көбү диний мектептин студенттери экенин кабарлады. Демонстранттар терезелерди талкалагандан кийин полиция жана күч органдары аларды союл жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таратууга аракет кылганын полициянын өкүлү Мохаммад Жавада айтты. Пакистандын куткаруу кызматы тополоңдо кеминде 8 киши өлүп, 20га чукулу жараат алганын маалымдады.
Түндө БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин чабуулунан кийин Иранда жаралган кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Иранга жапырт чабуулдарды жана Тегерандын буга жооп кайтарганын айыптады. Ирандын соккулары Бахрейн, Ирак, Иордания, Кувейт, Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭнин суверендүүлүгүн бузганын билдирди. Орусия АКШ менен Израилдин кадамын "агрессия" деп атап, Иранды колдой турганын айтты. Израил менен АКШнын өкүлдөрү аскердик операция коркунучтун алдын алуу үчүн керек экенин жарыялады. Иран америка-израил чабуулдары БУУнун уставын бузарын айтып, коргонууга укуктуу экенин билдирип жатат.
Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.
Маалыматтарга караганда, Ирактын борбору Багдадда да АКШ элчилиги жайгашкан районго митингчилер кирип барууга аракет кылышты.
Карачи: АКШнын консулдугуна кол салууда 7 киши өлдү
Пакистандын Карачи шаарындагы АКШнын консулдугунун имаратына демонстранттар чабуул коюп, бир нече киши набыт болгону кабарланды. Алар имараттын терезелерин талкалап, айрымдары колдоруна Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин сүрөтүн көтөрүп жүргөнү кабарланды.
Эркин Европа/"Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргендей, демонстрацияны "Имамия" деп аталган студенттер уюму уюштурган. Полиция менен демонстранттар ортосунда ок атышуу болуп жатканы маалымдалды. Каза тапкандар арасында демонстранттардын өкүлдөрү бар.
Маалыматтарга караганда, Ирактын борбору Багдадда да АКШ элчилиги жайгашкан районго митингчилер кирип барууга аракет кылышты.
Шерине